Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Барак Обаманын Жогорку Соттогу жеңиши


Президент Барак Обама мыйзам Жогорку Сот Конституцияга ылайык деп тапкандан кийин телефондон сүйлөшүүдө. Ак Үй, 28-июнь 2012
Президент Барак Обама мыйзам Жогорку Сот Конституцияга ылайык деп тапкандан кийин телефондон сүйлөшүүдө. Ак Үй, 28-июнь 2012

АКШнын Жогорку Соту саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо бюнча мыйзамды көпчүлүк добуш менен жактады.

Демократ президенттер элүү жылдан бери аракет кылып жатып кабыл алынган мыйзамды соттун колдоосу Барак Обаманын 4-ноябрда болчу президенттик шайлоо алдындагы чоң ийгилиги катары бааланууда.

Мыйзам эки жыл мурда күчүнө кирер замат 13 штат ага каршы сот жараянын баштап, аларга дагы 13 штат кошулган. Республикачылар да мыйзамга каршы чыгып жаткан.

Бул мыйзам “Бейтаптарды коргоо жана арзан медициналык тейлөө жөнүндө” деп аталып, 2010-жылы 23-мартта президент Обаманын ыкласы менен күчүнө кирген. Ага ылайык, бардык жарандар 2014-жылдан тарта медициналык камсыздоо күбөлүгүнө ээ болууга тийиш; андай полиси жоктор айып төлөшөт. Бул мыйзам 32 миллион америкалыкка доктурдан дарыланууга мүмкүндүк берген.

Бул мыйзамды Жогорку Соттун Конституцияга ылайык деп тапкан чечимин Барак Обама жалпы америкалыктардын жеңиши деп атады:

- Биз бул мыйзамды жүзөгө ашырууну улантабыз жана аны мүмкүн болушунча жакшыртуу үчүн чогуу иштейбиз. Бирок биз бир нерсени жасабайбыз; саясий айкаштарды эки жыл артка жылдырууга же мурдагы абалга кайра барууга өлкө да макул боло албайт.

Президенттикке талапкер республикачыл Мит Ромни Жогорку Соттун чечимин уккандан кийин. Вашингтон, 28-июнь 2012
Президенттикке талапкер республикачыл Мит Ромни Жогорку Соттун чечимин уккандан кийин. Вашингтон, 28-июнь 2012
Америкалыктар арасында кыскача Obamacare деген атка конгон бул мыйзамды Жогорку Соттун 9 мүчөсүнүн бешөө, анын ичинде консервативдүү көз караштагы сот төрагасы Жон Робертс колдоду.

Робертсти төрагалыкка республикачыл президент Жорж Буш дайындаган.

Башынан эле республикачылар Обаманын каржы мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды медициналык жактан милдеттүү камсыздандыруу аракетине каршы турушту. Республикачыл талапкер Мит Ромни эгер президент болуп шайланса, ошо замат Obamacare мыйзамын жокко чыгарарын эскертти:

- Сиздер ойлогондой эле мен Жогорку Соттун чечимине макул эмесмин. Мен анын каршы көз караштагылар тараптамын. Мен эгер Кошмо Штаттардын президенти болуп шайлансам, сот өзүнүн акыркы жыйынында жасабаганды, шыр жасайм - "Обамакэрди" жокко чыгарам.

Президент Обаманын саламаттыкты сактоо тармагындагы реформасынын каршылары береги мыйзам медициналык камсыздоо күбөлүгү жокторго айып салып, соода эркиндигин, демек Конституцияны бузат деп санашат. Бирок Жогорку Сот төрагасы Роберт болсо саламаттыгы камсыздалбагандарга айып салуу - милдеттүү салык төлөөгө окшошуп турат, а мындай салыкка Конституцияда уруксат берилген деп түшүндүрдү.

Президент Обаманын мажбур медициналык камсыздоо мыйзамына адегенде Кошмо Штаттагы 50 штаттын 13ү, акыр барып 26 шатат каршы чыгып, иш Жогорку Сотко жеткен эле. Сот мартта каршылардын жүйөлөрүн үч күн бою угуп, өздөрү да бир бүтүмгө келгенче, алты саат кызыл чеке болушкан. Соңку чейрек кылымга жакын убакта АКШнын Жогорку Сотунда мындай узак талкуу болгон эмес.

Мыйзамдын жактоочулары Жогорку Соттун алдында турушат.
Мыйзамдын жактоочулары Жогорку Соттун алдында турушат.
Жогорку Сот бирок береги мыйзамдын штаттардан жарды-кембагалдарды камсыздоого чегерилчү каражатты көбөйтүү жөнүндөгү беренесин жокко чыгарды.

Женнифер Хаберкорн АКШдагы саясий журналистердин Politico уюмунда саламаттык сактоо боюнча адистешкен кабарчы. Обама медициналык милдеттүү камсыздоону киргизип, ага чейинки демократ-президенттер жетпеген ийгиликке жетти, дейт Хаберкорн айым:

- Демократ президенттер элүү жылга чукул саламаттыкты сактоодо бул сыяктуу маанилүү реформа жасаганга аракет кылып жүрүштү. Чын-чынында, президент Обама мындай мыйзамды Конгресстен өткөрө алды жана ал мыйзам Конституцияга туруштук берди. Бул маанилүү жетишкендик.

Талдоочулар Жогорку Соттун чечимин күздө президенттик шайлоого кайра түшчү Обама үчүн юридикалык жана саясий зор жеңиш деп баалашууда.

Республикачылар эми медициналык тейлөө кымбаттайт, ал барып өкмөттүн карызын көбөйтүп, бюджеттин “жыртыгын дагы чоңойтот” дей башташты.

XS
SM
MD
LG