Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

АКШ-Пакистан: музду эритчү сүйлөшүү


Наваз Шариф (солдо) менен Барак Обама
Наваз Шариф (солдо) менен Барак Обама

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф менен АКШнын президенти Барак Обама Вашингтондо өтөөрү күтүлүп жаткан жолугушууда ич ара мамилени жакшыртууга, АКШнын пилотсуз учактарынын чабуулдарына жана Ооганстандагы стабилдүүлүккө байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Ак Үй бүгүнкү жолугушуунун алдында аны “АКШ-Пакистан алакаларын жандандыра турган күчкө ээ” деп жылуу маанайдагы билдирүү таратты.

Сүйлөшүүдө Обама Пакистандын уруулар отурукташкан жерлеринде жикчил топтордун чабуулдарын басыш үчүн Шарифтин өкмөтүн аракетти күчөтүүгө үндөйт деп жатышат. Андан сырткары "Талибанды" эпке келтирип, Кабул менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууга да көндүрүшү керектигин айтат го дешет.

АКШ менен анын НАТОдогу союздаштары Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетишине 15 айга жетпеген убакыт калды.

Вашингтондогу “Уилсон борборунун” Азия боюнча башкы эксперти Роберт Хэтуэй бүгүнкү жолугушууда Ооганстан менен регионалдык коопсуздук маселелери негизги темага айланат деп ишенет.

- АКШ Ооганстандан акыркы аскерин чыгарып кеткиче ооган талиптери Кабул менен тынчтык процессине кошулуп, саясий абалды жөнгө салууга аралашышы үчүн Пакистан жардам көрсөтүшүн каалайбыз. Мындан сырткары Исламабадды Пакистандагы козголоңчулар ооган чек арасынан өтүп, АКШнын жана НАТОнун аскерлерине кол салышына жол бербөөгө үндөйт элек.

Пакистан, Пешавар
Пакистан, Пешавар
Вашингтондо кечээ сүйлөгөн сөзүндө болсо Шариф америкалык аскерлер Пакистандын аймагында пилотсуз учактары менен чабуул койгонду токтотушун талап кыларын айтты. Айтмакчы, ошол эле күнү Amnesty International уюму АКШнын ал өңдүү чабуулдарын “согуш кылмышы” катары санаса болоорун кыйыткан.

- Менин парламенттеги алгачкы сөзүмдө ушул өңдүү дрон чабуулдарына чекит коём деп бир нече ирет кайталагам. Жакында биздеги саясий партиялар улуттук конференцияда пилотсуз учактардын чабуулу биздин аймактык көз карандысыздыгыбызды эле бузбастан, терроризмге каршы күрөшүбүздү да жокко чыгарарын белгилешти. Бул маселе биздин АКШ менен алакабызды ириткен суроого айланды. Ошон үчүн мен дрон чабуулдарын токтотуу зарыл экенине басым жасайм.

Вашингтондук аналитик Хэтуэй болсо бул сунуш боюнча Пакистан Обамадан көп деле канааттандырарлык жооп албайт деп ишенет.

- Саясий себептерден улам ал президент Обама менен сүйлөшүүдө бул маселени көтөргөнгө мажбур болот. Ошол эле маалда Шариф өзү Обама заматта эле ага макул боло калбасын түшүнөт. Обама ага: “Мырза премьер-министр, мен сиздин позицияңызды түшүнөм, бирок Пакистанда козголоңчу топтор америкалык аскерлерге чабуулдарын улантып жатышкандыктан, мен америкалыктардын өмүрүн сакташ үчүн колуман келгендин баарын жасаганга милдеттүүмүн”, - деп жооп берет. Ошентип экөө бул маселеде эки башка ойдо кала беришет.

Дрон учактары
Дрон учактары
АКШ менен Пакистан бири-бирин түшүнө ала турган, мунаса таба алчу маселелер деле жок эмес. Эки тараптуу сүйлөшүүдө Обама менен Шариф ортодогу экономикалык кызматташтыкты арттырып, Ооганстанда стабилдүүлүккө жетишүү, анан Пакистан менен Индиянын мамилесин жакшыртыш керек деген өңдүү суроолордо оңой эле тил табыша алат деп күтүлүүдө.

Вашингтон менен Исламабаддын алакаларына олуттуу доо кетирген окуялар соңку жылдары бир нече ирет кайталанган. АКШнын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) Лахордо эки пакистандыкты өлтүргөнү, америкалык аскерлер абадан урулган соккуда кокусунан пакистандык 24 аскерди өлтүрүп алышканы, анан америкалык аскерлер жергиликтүү бийликтерге айтпай туруп, "ал-Каиданын" ана башчысы Усама бин Ладенди өлтүрүшкөнү өлкөнүн өзүндө кыжырданууну жараткан.

Аналитиктер эми бүгүнкү жолугушуу ортодогу алакага жаңы дем берип, ортодо үзүлгөн байланышты калыбына келтирет деп ишенишет.

Шариф өзү кечээ АКШ менен анын өлкөсүнүн алакасы “мезгилдин сынына өткөнүн” белгилеген.

Вашингтон болсо өткөн аптада Пакистанга экономикалык жана аскерий жардам иретинде 1,5 млрд. доллардан ашык каражат берди. Бул жөнүндө көп деле сүйлөнгөн жок. Мындай колдоону АКШ 2011-жылы эки мамлекеттин мамилеси сууп кеткенде токтотуп койгон болчу.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG