Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

АКШ: жарандарды тыңшаган мыйзам күчүн жоготту


АКШнын телефон сүйлөшүүлөр боюнча маалыматтарды чогултуп келген Улуттук коопсуздук агенттигинин Мэриленддеги кеңсеси.
АКШнын телефон сүйлөшүүлөр боюнча маалыматтарды чогултуп келген Улуттук коопсуздук агенттигинин Мэриленддеги кеңсеси.

АКШда атайын кызматтарга телефон сүйлөшүүлөр боюнча маалыматтарды чогултууга укук берген мыйзам жобосунун мөөнөтү 1-июндан тарта аяктады.

Анткени америкалык сенаторлор “Патриоттук акты” мыйзамынын чечүүчү жоболорунун мөөнөтүн узартууну макулдаша албай койду. 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарга жооп чара катары кабыл алынган мыйзамды эми “Эркиндик актысы” деп аталган жаңы мыйзам алмаштырганы жатат.

АКШ Сенаты “Патриоттук акты” мыйзамынын чечүүчү жоболорунун мөөнөтүн узартууну 31-майдагы чукул сессиясында макулдаша албай койду. Ак үй алардын бул кадамын “жоопкерчиликсиздик” деп атады.

“Улуттук коопсуздук үчүн абдан маанилүү шарттарда айрым сенаторлор өздөрүнүн партиялык кызыкчылыктарын четке таштап, ыкчам аракеттенүүсү керек”, - деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Сенаттын мыйзам жобосунун мөөнөтүн узарта албай коюшу АКШнын атайын кызматтары телефон сүйлөшүүлөрүн жаздырып, сактоо укугун бери дегенде убактылуу жоготту дегенди туюндурат.

Мындан улам АКШда байкоо жүргүзүү программаларынын көбүн тейлеген мекеме - Улуттук коопсуздук боюнча агенттик телефон сүйлөшүүлөр боюнча маалыматтар сакталган компьютердик серверлерин өчүрүүгө киришти.

11-сентябрь, 2001-жыл
11-сентябрь, 2001-жыл

Соңку кездери АКШда талкуу жараткан “Патриоттук акты” мыйзамы 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулга жооп чара катары кабыл алынып, атайын кызматтардын телефон сүйлөшүүлөргө жана электрондук почтага байкоо салуу боюнча ыйгарым укуктарын кеңейткен эле. Ага ылайык, АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттиги сүйлөшүүлөрдүн мазмунун укпаганы менен аларды жаздырып, телефон чалуулар, сүйлөшүүлөрдүн узундугу боюнча жалпы маалыматтарды жыйнай алчу. Бийликтер бул программа ыктымал террордук чабуулдардын кайталанышына жол бербөө үчүн зарыл экенин айтып келишкен.

Быйыл 7-майда АКШнын Федералдык апелляциялык соту мындай телефон сүйлөшүүлөр боюнча маалыматтарды сактоо Конституцияга шайкеш келет деген 2013-жылкы чечимди жокко чыгарган болчу.

“Патриоттук актынын” телефон сүйлөшүүлөр боюнча жобосу узартылышына бул ирет республикачыл сенатор, 2016-жылкы президенттик шайлоого катышууга камданып жаткан Рэнд Пол каршы болду. Ал Сенаттын отурумунда буларга токтолду:

- Бүгүнтөн тарта текши жыйноону (телефон сүйлөшүүлөрдү) токтотуу жараяны башталууда. Менимче, мыйзам маалыматтарды жыйноонун бир формасын экинчиси менен алмаштыруусу мүмкүн. Бирок өкмөт бул мыйзам кабыл алынгандан кийин силердин телефон сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматтарды жыйнай албайт. Менин тынчсызданганым - телефон компаниялары ошол ишти уланта бериши мүмкүн.

Сенатор Рэнд Пол эми АКШ өкмөтү телефон сүйлөшүүлөр боюнча маалыматтарды текши жыйнай албайт деп “Эркиндик актысы” деген жаңы мыйзамды айтып жатат.

Бир катар реформачыл чаралар киргизилген жаңы мыйзамды АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасы өткөн айдын орто ченинде басымдуу көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Документке президент Барак Обама да колдоосун билдирген болчу. Эми ал ушул аптада Сенатта кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Улуттук коопсуздук агенттигинин көзөмөл программасына каршылар нааразылык акциясын өткөрүп жаткан учур. Вашингтон, 2013-жыл.
Улуттук коопсуздук агенттигинин көзөмөл программасына каршылар нааразылык акциясын өткөрүп жаткан учур. Вашингтон, 2013-жыл.

“Эркиндик актысынын” “Патриоттук актыдан” айырмасын демократ сенатор Патрик Лехи кабарчыларга мындайча түшүндүрдү:

- “Эркиндик актысы - 2015” эки партия ортосундагы кылдат мунаса. Ал америкалыктардын купуялыгын коргойт, ошол эле учурда коопсуздукту да сактайт. Мурда алар өлкөнүн коопсуздугу жөнүндө айтып келишкен, бирок америкалыктардын купуялыгы анчалык бекем эмес болчу. Азыркы мыйзам мунун экөөн тең жасайт. Мыйзам ошондой эле Улуттук коопсуздук агенттиги америкалыктардын телефон чалуулары тууралуу маалыматтарды жапырт жыйноосун токтотот. Анда өкмөттүн байкоо салуусун чектеген бир катар олуттуу реформалар бар. Ал ачык-айкындуулукту күчөтөт. “Патриоттук актыдан” айырмаланып, отчеттуулук жана көзөмөл да көбүрөөк болот.

Foreign Policy басылмасы дүйшөмбү күнкү макаласында белгилегендей, АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги “он миллиондогон америкалыктардын телефон чалуулары боюнча маалыматтарды жыйноо укугунан” бул мекеменин мурдагы кызматкери, азыр Орусияда башпаанектеп жүргөн Эдуард Сноуден аталган программаны дүйнөгө шардана кылып жибергенден эки жылдан кийин айрылып отурат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG