Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Царнаев өзүн күнөөлүү деп эсептебейт


Бостондогу бир соода борборундагы монитордо Жохар Царнаев тууралуу көрсөтүүдө.
Бостондогу бир соода борборундагы монитордо Жохар Царнаев тууралуу көрсөтүүдө.

Бостондогу жардыруу үчүн айыпталган Царнаев өзүнө тагылган айыптардын баарын четке какты.

Шаршемби күнү түштөн кийин сот залына биринчи жолу келген АКШдагы Бостон марафонундагы жардыруунун негизги айыпталуучусу Жохар Царнаев ага тагылган 30 пункттан турган айыпты четке какты. Бул - сотко чейинки процедура.

Царнаев боюнча сот бир нече айдан кийин башталары күтүлүүдө. 19 жаштагы Жохар Царнаев сот залында 7 мүнөт гана турду. Ал судьянын суроосуна бир гана сүйлөмдү орус тилинде кайталап туруп алды: “Күнөөлүү эмесмин”.

Сот залында отургандар полиция кармап жатканда катуу жарадар болгон Царнаев жакшы эле абалда экенин байкашкан. Колу гипсте, бетинде жана мойнунда жарааттын издери бар, ошентсе да сот залындагылар Царнаев жакшы абалда экенин баса белгилешет.

Кабарчылар Америкада чоңойгон Царнаевдин күчтүү орусча акцентин таң калуу менен байкашкан. Царнаев судьяны карабай, сот залында эки эжесин көрүп, аларга бир нече жолу жылмайган.

Царнаевге өткөн жумада 30 пункттан турган айып тагылган, алардын 17си боюнча өлүм жазасы каралган. Алардын арасында адамдардын өмүрүн алган массалык кыргын салчу курал колдонгон деген айып да бар. Эгер бул айыптарды сот далилдесе, Жохар Царнаев өмүр бою түрмөгө кесилиши же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Сот залындагы жабыр тарткандардын көбү өтө эмоционалдуу отурушту.

Милдред Валверде марафондун аягында жарадар болгон.

- Ушундай жаман иштерге барган адам менен бир бөлмөдө туруунун өзү эле кыйынга турду. Азыр мен үйгө баратам.

Лиз Нордендин эки уулу тең жардыруу учурунда бир бутунан айрылышкан.

- Билбейм, мен терс эмоциялардан улам ичим ооруп кетти. Мен үчүн мунун баары оор. Бардык адамдарга боорум ооруп жатат. Билбейм...

Бостондогу жардыруудан кийин, 15-апрель, 2013-жыл
Бостондогу жардыруудан кийин, 15-апрель, 2013-жыл
Бостондогу сот имаратында коопсуздук чаралары салыштырмалуу күчөтүлдү.
Прокурорлор 80 же 100 күбөнүн чакырылаарын кабарлашууда. Кийинки процедуралык угуулар 23-сентябрга белгиленди. Ага чейин адвокаттар жана прокурорлор бир нече маанилүү чечимди кабыл алышы зарыл. Прокуратура өлүм жазасын сурайбы – ушул суроону да такташы зарыл.

Мындай чечим бир нече прокурордун катышуусу менен кабыл алынат. Айыпталуучуга өлүм жазасын талап кылуу үчүн күчтүү далилдер керек.

АКШдагы акыркы беш жыл ичиндеги террорчулукка байланыштуу иштерди алсак, Оклахома-Ситиде федералдык имаратты жардырууну уюштурган деп күнөөлөнгөн Тимоти Маквейге гана өлүм жазасы берилген. 11-сентябрдагы теракттарды уюштурду деген Закариас Муссауи өмүр бою эркинен ажыратылган.

15-апрелде Бостондогу марафон учурунда жардыруудан үч адам өлүп, 260тан ашык адам жаракат алган. Муну теги чечен ага-ини Тамерлан менен Жохар Царнаевдер уюштурган деп айыпталууда. Тамерлан Царнаев полициячылар менен атышууда мерт болгон. Жохар Царнаев андан кийин 19-апрелде колго түшкөн.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG