Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Анзор Царнаев: Кыргызстанда бизди басмырлашкан


АКШнын Бостон шаарындагы кош жардырууну уюштурган деп шектелип жаткан эки баланын атасы Анзор Царнаев Кыргызстанда чечен болгону үчүн үй-бүлөсүн жергиликтүүлөр кысымга алгандыктан АКШга кетүүгө аргасыз болгонун айтты.

Мындан сырткары ушул эле себептер менен тартип коргоо органдарындагы жумушунан да кеткени айтылып жатат. Бирок Ички иштер министрлиги менен прокуратура ал бул мекемелерде иштебегенин ырастаса, анын Токмоктогу тааныштары Царнаевдер башкалардай эле ээн-эркин жашаган деп айтып жатышат.

Кыргызстанда төрөлүп, 30 жылдан ашык үй-бүлөсү менен жашаган Анзор Царнаев чечендер кысымга кабылгандыктан АКШга кетишкенин массалык маалымат каражаттарына билдирди. “Тынч жашоону каалаганбыз”, - деп айтты орусиялык Lifenews.ru интернет-порталына Анзор Царнаев.

- Мурун чечендерди Кыргызстанда басмырлашчу. Бир убакытта Кыргызстанда жана башка жерлерде сен полковник болосуңбу, же тартип коргоо органдарында иштейсиңби чечендердин артынан ээрчип жүрүшчү, жок кылышчу. Ошондон улам кетип калдык. Тынч жашоону каалаганбыз. Биз Чеченстанга келгенбиз, ал жактагы башаламандыкты көрүп кайра Кыргызстанга кайтканбыз. Кыргызстанда жашап жаттык, Чеченстанда согуштун экинчи толкуну башталды, кайра чечендерди басмырлай башташты. Бардыгындай эле жаныбызды сактаганга аракеттендик, анан ушундай болуп калдык.
Солдон оңго: Анзор Царнаев, Зубейдат Царнаеванын алдында Тамерлан Царнаев жана Мухамед Сулейманов (Зубейдат Царнаеванын агасы), Махачкала шаарында
Солдон оңго: Анзор Царнаев, Зубейдат Царнаеванын алдында Тамерлан Царнаев жана Мухамед Сулейманов (Зубейдат Царнаеванын агасы), Махачкала шаарында
​Кесиби боюнча юрист Царнаев ушул эле себептер менен Токмоктогу прокуратурадан жумуштан кеткен деген да маалымат таркап жатат. Ал эми анын мурунку коңшулары болсо Анзор Токмоктогу прокуратурада эмес, Бишкектин Биринчи май районунун ички иштер бөлүмүндө эмгектенген деп жатышат.

Бирок Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Царнаев алардын мекемелеринде иштебегенин “Азаттыкка” билдиришти. ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов:

- Царнаев Анзор боюнча биз бүт архивди көтөрүп чыктык. Ал Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө да, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө да, ички иштер органдарында иштеген деген бир да документти тапкан жокпуз. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.

Анзор Царнаевдин Токмоктогу кошунасы жана досу Батруди Цакаев болсо Царнаев Совет доору урагандан кийин чет өлкөдөн келген машинелерди оңдоп-сырдап, аларды сатып үй-бүлөсүн бакчу деп айтты. Улуту чечен Батруди ал убакта Царнаевдерди же башка чечендерди эч ким басынтпаганын, АКШга балдарынын келечегин ойлоп гана кеткенин “Азаттыкка” билдирди.

- Билбейм ал эмне үчүн минтип айтып жатат, бирок аны бул жерде эч ким басмырлаган эмес. Ал учурда Американы баары мактап, сонун деп кеткен. Былтыр бул жакка келип, балдарын мактап, билим берем деп жүргөн. Америкага кириш үчүн бизди кысымга алышкан деп жөн эле айтып жатат. Эки башка сөз сүйлөбөйүн деп азыр да ошентип жатса керек. Көптөрү эле саясий себеп менен, басмырлап атат деп кетип атышпайбы. Бирок аларды бул жерде эч ким кысымга алган эмес.
Журналисттер Зубейдат Царнаеванын артынан ээрчип баратышат, Дагестан.
Журналисттер Зубейдат Царнаеванын артынан ээрчип баратышат, Дагестан.
​1966-жылы туулган Анзор Царнаев 1993-жылга чейин үй-бүлөсү менен Токмокто турган, Совет доору урагандан кийин Анзор атасы Зайндин куруп койгон Чеченстандын Чири-Юрт деген айылындагы үйгө көчүп кеткен. 1994-жылы Чеченстанда согуш башталганда Царнаев үй-бүлөсү менен кайра Токмокко келип, 2001-жылга чейин жашаган. Ошол кезде Чеченстанда согуштун экинчи толкуну башталгандыктан жубайы Зубейдаттын мекени Дагестанга кетип, анан 2002-жылдын апрель айында Царнаевдер АКШдагы туугандарынын жардамы менен океандын ары жагына көчүп кетишкен.

Массалык маалымат каражаттарда Тамерлан менен Жохар Царнаевдердин туулган жерлери тууралуу ар кандай маалыматтар таркап жатат. Өкмөттүн 1-вице-премьери Жоомарт Оторбаев Тамерлан Царнаев 1986-жылы Калмыкияда, Жохар Царнаев 1993-жылы Кыргызстанда төрөлгөнүн маалымдады.

АКШнын Бостон шаарындагы марафондо 15-апрелде кош жардыруудан үч адам набыт болуп, соңку маалыматтар боюнча 200дөн ашуун киши жарадар болгон. Анын эртеси көчөдөгү атышууда бир полициячы каза таап, экинчиси катуу жараат алган. Марафон маалындагы жардыруунун уюштуруучулары деп Тамерлан менен Жохар Царнаевдер шектелүүдө. 26 жаштагы Тамерлан полициянын огунан көз жумган, 19 жаштагы Жохар оор жарааттар менен Бостондогу ооруканага жаткырылган. Ал өзүнө келип, тартип коргоо органдарына берген алгачкы көрсөтмөлөрүндө жардырууга катышууга аны агасы Тамерлан түрткөнүн айтты.

Ата-энеси жана туугандары балдар бул кадамга өздөрү барбаганын, аларды бирөө тукурганын айтышууда. Токмоктогу тааныштары, кошуналары жана мугалимдери Тамерлан менен Жохарды жылуу сөздөр менен эстешип, бул жаңылыкка абдан таң калышканын “Азаттыкка” билдиришкен.

Анзор Царнаевдин эки баласынан башка дагы эки кызы бар.

XS
SM
MD
LG