Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

АКШда 16 штат Трампты сотко берди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда дүйшөмбү күнү 16 штат Дональд Трампты өлкөнүн түштүк аймагына өзгөчө абал жарыялаган анын буйругун жокко чыгартыш үчүн сотко берди.

Ушул эле күнү ондогон шаарларда да президенттин өзгөчө абал жарыялоо тууралуу чечимине каршы акциялар өттү. Дональд Трамп Конгрессти кыйгап өтүп, башка булактардан АКШ-Мексика чек арасындагы дубалдын курулушуна сегиз миллиард доллар бөлдүрүп алуу максатында өткөн жумада өзгөчө абал режимин жарыялаган.

Вашингтон, Чикаго жана башка ондогон шаарларда президент Дональд Трамптын Мексика менен чек арага дубал курууга акча алыш үчүн өлкөнүн түштүк аймагына өзгөчө абал жарыялоо тууралуу чечимине каршы акциялар өттү. Алар Трамптын буйругун кызматынан кыянаттык менен пайдалануу жана бийликти узурпациялоо катары баалашууда.

- Президент Трамп өзгөчө кырдаал абалын салыкчылардын миллиарддаган долларын өзүнүн дубалын курууга жумшаш үчүн жарыялады. Бул жерде бир канча маселе айкын болуп турат: биринчиден, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялагыдай жагдай жок. Бул тууралуу Конгресс мүчөлөрү, коопсуздук боюнча эксперттер да билдирип жатат. Америкалыктар да, айрыкча чек арада жашагандар да ошондой деп айтышты. Ал түгүл Трамп өзү деле «өзгөчө кырдаал жок» деп айтып алды, - деди Жарандык эркиндик боюнча америкалык бирикменин өкүлү Манар Вахид.

Ак үй.
Ак үй.

18-февралда АКШда Президенттин күнү белгиленди. Бирок бул күнү өлкө жарандары Дональд Трамптын чечимдерине карата пикирлерин айтыш үчүн акцияларды өткөрүштү.

Ал арада Калифорния баштаган 16 штат 18-февралда Дональд Трампты сотко берди. Алар сот аркылуу Трамптын өзгөчө абал жарыялоо жөнүндө чечимин жокко чыгартууга үмүттөнүп турушат.

Калифорниянын башкы прокурору Хавьер Бесерра бул боюнча штаттын позициясын билдирди:

- Өлкөдө өзгөчө кырдаал абалы жок. Ал жөн гана андан ары жылыш үчүн ошого жамынып жатат. Биз Конгресс штаттардагы жарандарыбыз үчүн бөлүп берген салыкчылардын акчасын өзү каалагандай тонобошу үчүн Трампты сотко берип жатабыз. Биз, көп адамдар президенттик администрация театр сыяктуу оюн көрсөтө турган жер эмес деп эсептейбиз.

Конгрессте республикачылар менен демократтардын ортосунда өткөн жумада түзүлгөн макулдашууда чек арага тосмолорду орнотууга Трамп сурагандай 5,7 миллиард доллар эмес, 1,3 миллиард доллар гана бөлүп берүү каралган.

АКШга өтүүнү көздөгөндөр.
АКШга өтүүнү көздөгөндөр.

Мексика менен чек арага дубал куруу - президент Дональд Трамптын 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө берген убадаларынын бири. Өзгөчө кырдаал режими Трампка Конгрессти кыйгап өтүп, башка булактардан дубалдын курулушуна сегиз миллиард доллар бөлдүрүп алууга жол бериши мүмкүн. Ак үйдүн билдиргенине караганда, бул үчүн Трамп каражатты Финансы жана Коргоо министрликтеринин казынасынан алууну көздөп турат.

- Биз өлкөбүзгө баңгизаттын, аткезчилердин жана башка кылмышкерлердин кирип жатканын көрүп жатабыз. Буга уруксат бербеш керек. Өзгөчө режим абалына башка президенттер да көп жолу кол койгон, - деп түшүндүргөн эле Трамп.

Конгресстеги республикачылардын да бир катар мүчөлөрү Трамптын чечимин күмөндүү деп баалашууда. Ошол эле кезде Дональд Трамп өз чечими боюнча талаш-тартыш Жогорку сотко чейин жетсе, андагы судьялар колдоп берет деп үмүттөнөрүн билдирген.

АКШнын Мексика менен чек арасынын жалпы узундугу 3200 чакырымды түзөт жана анын айрым бөлүктөрүндө дубал азыр деле бар. Президент Трамп буга чейин да АКШга аткезчилик менен ташылып келген баңгизаттардын кесепетин эске салып, жума сайын жалаң эле героинден 300дөй америкалык каза табаарын, бул баңгизаттын 90 пайызы түштүктөгү чек ара аркылуу келерин айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG