Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Байден Москвага эскертүү жасады


Румыния -- АКШ вице-президенти Жо Байден маалымат жыйынында. Бухарест, 21-май, 2014
Румыния -- АКШ вице-президенти Жо Байден маалымат жыйынында. Бухарест, 21-май, 2014

АКШ вице-президенти Москваны Украинадагы президенттик шайлоого кийлигишпөөгө чакырды. Жо Байден бүгүн Бухарестке келгенде сүйлөдү. Румыниянын президенти өз кезегинде Крым кризисине байланыштуу создуктурбай чара көргөнү үчүн АКШнын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Бухарестте Жо Байден «Москвага каршы санкцияларды ишке ашырууда» Кошмо Штаттары чечкиндүү аракеттенээрин белгилеп, эгер 25-майга белгиленген Украинадагы президенттик шайлоого Москва бут тоссо, азыркыдан да катуу чаралар көрүлөөрүн эскертти:

– Эгер Орусия ушул жекшембидеги шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракеттенсе, биз Орусияга оорчулук алып келчү чараларды көрүүгө чечкиндүү турушубуз керек, биз НАТОго көбүрөөк каражат сарпташыбыз керек.

Байден ошондой эле АКШ менен НАТОнун чыгыш жана борбордук Европадагы аскердик кубатын бекемдөө боюнча чукул чаралар тууралуу сөз болгонун бышыктады.

Байден мындан тышкары НАТОнун 5-беренесин кайрадан эске салды. Бул берене боюнча, НАТО мүчөлөрүнүн бирине кол салуу болсо, бул бүт НАТО блогуна кол салуу деп саналат. Байден НАТОго мүчө болгон Румыниядан болгону 350 чакырым аралыкта Орусиянын Крымдагы баскынчылыгынан кийин бул берене бүгүн да актуалдуу экендиги айгине болгондугун белгиледи.

АКШнын вице-президенти Румынияга коргонуу бюджетин Улуттук дүң өндүрүшүнүн эки пайызына көбөйткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Байдендин айтымында, мындан тышкары Румыниянын Девеселу аймагында келерки жылы АКШнын ракетадан коргонуу тосмосун куруу боюнча иште жылыш болуп жатат.

Румыниянын президенти Траян Басеску өз кезегинде АКШнын Чыгыш Европада абадан коргонуу чараларын күчөткөнүнө ыраазылык билдирди. «Бул Орусиянын СССРди кайра тирилтүү далалатын тизгиндеген кадам болуп калды» деди Басеску.

Крымды Орусия аннексиялап алгандан кийин НАТО Польша менен Румыниянын аба мейкиндигин көзөмөлдөөчү кошумча учактарды жөнөтүп, Польша, Румыния, Балтия өлкөлөрүндө кошумча аскер жайгаштырган эле.

Бүгүн Байден Румыниянын өкмөт башчысы Виктор Понта менен жолугуп, Орусиянын газынан болгон көз карандылыкты төмөндөтүү багытындагы пландарды талкуулады.

«Биз Орусиянын өз ресурстарын коңшуларына каршы курал катары колдоно албашын кепилдешибиз керек», - деди Байден кабарчыларга. Ал ошондой эле коңшулаш Молдованын орус газынан болгон көз карандылыгын төмөндөтүү үчүн бул өлкөнү көздөй газ куурун курушу керектигин белгиледи.

АКШнын вице-президенти АКШ Молдованын көз карандысыздыгын жана мамлекеттүүлүгүн колдой тургандыгын бышыктады. Молдовадан өз алдынчалык жарыялаган Днестр жумуриятында бүгүн 1400 чакты орус аскери турат.

Байден Бухарестке украин кризисине байланыштуу Чыгыш Европадагы өлкөлөрдү АКШ көңүл сыртында калтырбай тургандыгын көрсөтүү жаатындагы өнөктүктүн чегинде келди.

Румыниядан кийин Байден бүгүн Кипрге жол тартат. Кипрдин банктарында орусиялык инвесторлор миллиарддаган евро аманат акчаларын сакташат.

XS
SM
MD
LG