Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Трамп Шарлоттсвиллдеги окуяны айыптады


АКШ президенти Доналд Трамп.
АКШ президенти Доналд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп 14-августта жасаган билдирүүсүндө Виржиниядагы окуяларга байланыштуу расизмди кескин айыптады. Өткөн жекшембиде Шартлоттсвилл шаарында ашынган улутчулдардын жүрүшүнө каршы нааразылыкка чыккандардын тобун автоунаа келип сүзгөн учурда бир адам өлүп, 19 киши жараат алган.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 14-августта кабарчылар алдында жасаган билдирүүсүндө Виржиния штатынын Шарлоттсвилл шаарында болгон окуяларды мүнөздөп жатып:

- Расизм бул шайтандын иши, ал эми андай бөлүнүүнү ишке ашыргандарга - кылмышкерлер жана баш кесерлер, аларга "Ку-клукс-кланы", неонацисттер, экстремизмди жактагандар жана башка жек көрүүчүлүктү козуткан топтор, жалпысынан биз, америкалыктар баалаган нерселерге каршы чыккандардын баары кирет, - деп билдирди.

Өткөн аптанын соңунда ашынган оңчулдардын тарапташтары Виржиния штатындагы Шарлоттсвилл шаарына келип калаа бийликтеринин генерал Роберт Линин эстелигин алуу чечимине каршы чыгуу үчүн топтолушкан. Роберт Ли АКШдагы 1860-жылдардагы жарандык согушта карама-каршылыктуу кол башчы болгону менен таанымал.

Топтолгондорун арасында расист, неонацист, жөн гана түштүк штаттардын тарыхын коргойбуз дегендер бар болчу
Топтолгондорун арасында расист, неонацист, жөн гана түштүк штаттардын тарыхын коргойбуз дегендер бар болчу

Жыйналгандардын арасында расистер, неонацисттер жана жөн гана түштүк штаттардын тарыхын коргойбуз дегендер бар болчу. Алардын жолун антифашисттер менен солчул активисттер торогонго аракеттенгенде ортодо кагылышуу тутанган.

Ашынган улутчулдардын жүрүшүнө каршы нааразылыкка чыккандардын тобун автоунаа келип сүзгөндө 32 жаштагы Хизер Хейер аттуу аял каза болуп, 19 киши жарадар болду. Жаатташуу ал күнү дагы эки кишинин өмүрүн алды. Окуяны асмандан көзөмөлдөгөн тартип коргоочулардын тик учагы шаар четине кулаганда эки полициячы каза тапты.

Жаалданган топ кишини өз машинеси менен ары-бери ташып жүргөнү аныкталган 20 жаштагы Жэймс Алекс Филдс адам өлтүрүүгө айыпталууда. Филдске ошондой эле машинеси менен сүзүп, 20 чакты кишини жарадар кылганы жана окуя болгон жерден качкандыгы үчүн да айып тагылууда.

Ал эми шаардагы полиция башкармалыгынын жетекчиси Ал Томас окуя боюнча буларды айтты:

- Мен абдан өкүнөм. Өткөн дем алыш күндөрү биз үч адамдан айрылдык - жергиликтүү жаран жана эки офицер - кызматкерибиз каза тапты. Бул биз үчүн абдан кайгылуу күндөр болду. Биз аларга парктын четинде митинг өткөрүүгө уруксат бергенбиз. Алар буга макул болушкан. Бирок тилекке каршы, эрежени бузду. Чогулгандар парктын ар кайсы тарабына жана анын айланасына чыга баштады.

Шарлоттосвиллдеги полиция кызматкерлери.
Шарлоттосвиллдеги полиция кызматкерлери.

Президент Дональд Трамп болсо окуя болгон күнү эле Твиттер аркылуу элди биримдикке чакырып, каза тапкандардын жакындарына көңүл айткан. Бирок айрым демократтар жана респубикачылар президент Шарлоттсвиллдеги акцияга катышкан неонацисттерди айыптаган жок деп сындап чыгышкан.

Трамп 14-августтагы билдирүүсүндө мына ошондой сындарды жумшартууга аракет кылгандай болду. Ал эми АКШнын бир нече шаарында ашынган улутчул топторго каршы нааразылыктар кечээ да уланып, атүгүл күчөдү.

Буга чейин Түндүк Каролина штатында расизмге каршылар жарандык согушта Американын түштүк штаттарынын Конфедерация болуп, кулчулукту сактап калышын жактаган дегендерге дээрлик бир кылым мурда коюлган эстеликти алып салышкан. Шарлоттсвиллдеги окуядан кийин Кентукки, Теннеси жана башка штаттардын губернаторлору ушундай эле эстеликтерди алуу демилгесин көтөрүштү.

Расизмдин символдоруна каршы акциялар бүт өлкө боюнча уланып жаткан маалда ашынган оңчулдар, тескерисинче, айкелдерди колдоп, акцияларды жана митингдерди өткөрүүнү улантууну убада кылышты.

Мындай акцияларга жана чогулуштарга эгер алар коомдук коопсуздуккка коркунуч жаратпаса, АКШда уруксат берилген.

2014-жылы АКШнын улуттук экономикалык изилдөө бюросу Шарлоттсвиллди өлкөдөгү эң бактылуу шаар деп атаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG