Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:16

АКШ уйгурлар боюнча Кытайды сындады


Шинжаң

АКШ кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулмандарга карата саясатын «өз элин тыптыйпыл жок кылуу аракети» деп баалады. 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 22-сентябрда дүйнө өлкөлөрүнө кайрылып, Бээжиндин талабы менен бозгунда жүргөн уйгурларды Кытайга өткөрүп бербөөгө үндөдү.

Помпео кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулмандарга карата саясатын «өз элин тыптыйпыл жок кылуу аракети» деп баалады.

«Биз терроризм менен күрөштө, өзгөчө чет өлкөлүк согушкер-террористтерди жана алардын үй-бүлөлөрүн кайрадан коомго кайтаруу боюнча татаал жана маанилүү иште бирге болушубуз керек. Кошмо Штаттары мындай иштерди аткарууга жардам бере алат. Кытайдын Шинжаң аймагында мусулмандарды кармап-камоолору терроризм менен эч кандай байланышы жок. Бул болгону Кытайдын өз элин, мусулмандардын маданиятын жана динин тыптыйпыл жок кылуу аракети. Биз бардык мамлекеттерди Бээжиндин талабы менен уйгурларды Кытайга өткөрүп бербөөгө чакырабыз».

Майк Помпео Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолугушууда.
Майк Помпео Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолугушууда.

Мындай билдирүүнү Майк Помпео Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун ассамблеясынын алкагында, Борбор Азиянын беш мамлекети - Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолуккан учурунда айтты.

Помпеонун билдирүүсүнө Кытайдан Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гэн Шуан мындай жооп кайтарды:

«Шинжаңдагы көйгөй этностук азчылык, дин же адам укуктарына байланыштуу эмес. Маселе сепаратизм, зомбулук жана терроризм менен күрөшүүдө. Терроризм жана экстремизм менен күрөш сезилерлик жемишин берүүдө. Аймакта үч жылдан бери бир да террордук чабуул болгон жок. Биз АКШны мындай чындыкты кабыл алып, адам укуктарын коргоо шылтоосу менен Кытайдын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырабыз».

Гэн Шуан.
Гэн Шуан.

Бээжиндин өкүлү ошондой эле АКШны мигранттар менен качкындарга кам көрүүгө жана аларга бараткан гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз жеткирүүгө кол кабыш кылууга, башка мамлекеттерге бир тараптуу санкция киргизүүнү токтотууга чакырды.

Президент Дональд Трамптын администрациясы болсо былтыртан бери Шинжаң автономиясынын жетекчиси, кытай саясатында таасирлүү аткаминер Чэн Цюанга каршы санкция киргизүү чечимин кароодо.

Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном облусунун калкы 2010-жылы 22 миллионго жакын деп эсептелген. Алардын теңине жакыны уйгурлар. Чөлкөмдү жүз миңдеген кыргыздар, казактар жана башка мусулман элдери да байырлашат.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Шинжаңдагы лагерлерде бир миллиондой адам камакта жатат. Бул «саясий тарбия берүүчү лагерлер» тууралуу кабар 2016-жылы таркаган. Буга чейин «Кытайдагы кыргыздарды колдоо» комитети андай «лагерлерде» 50 миңдей кыргыз бар экенин кабарлаган. Бээжин «агартуучу, тарбиялоочу борборлордо» шинжаңдыктар коомго интеграция болууну үйрөнүп жатканын айтып келет.

Мындай лагерлерде кармалган жана андан качып, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондордун балдары да Шинжаңда атайын өкмөттүк мектеп-интернаттарда мажбурланып тарбияланып, кытай тилин жана үгүттүк ыр-бийлерди үйрөнүүгө мажбурланып жатканы айтылууда. «Human Rights Watch» интернатта балдардын эне тилинде сүйлөө, улуттук маданий мурастарын сактап калуу укуктары чектелип жатканына тынчсызданып, аларды тез арада жакындарына кайтарууну талап кылган.

«Кытай өкмөтү адамдарды балдарынан ажыратып жатканы - Шинжаңдагы эң ырайымсыз кысым. Балдар Кытайдагы туугандарынын кароосуна же чет жакка чыгып кеткен ата-энелерине берилиши керек», - дейт уюмдун өкүлү Софи Ричардсон.

Бээжин уюмдун соңку билдирүүсүнө жооп бере элек.

БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссариаты, 25 мамлекет жана эл аралык укук коргоочу уюмдар Кытайдын бийлигине кайрылып, байкоочуларга өз алдынча Шинжаңга барып, абалды эркин иликтеп чыкканга уруксат берүүнү суранышкан.

Дүйнөлүк коомчулукта «Шиңжаңдагы жагдай - Кытайдын ички маселеси» деген позицияны кармангандар да бар. Шиңжаңдагы этникалык казактардын абалы Казакстанда Кытайга каршы маанайдын күчөшүнө себеп болуп жатканына карабай, президент Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга сентябрдагы сапарында бул маселе көтөрүлгөн эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG