Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Бостондогу "Тайторунун" ээси Адилет


Адилет Тынарбек
Адилет Тынарбек

26 жаштагы Адилет Тынарбек Американын Бостон шаарында такси кызматын көрсөткөн “Тайтору” деген ишкана ачкан. Журтташыбыздын колунда он киши иштейт.

"Азаттык": Америкага кандайча барып калдың? Азыр эмне иш менен алексиң?

Адилет: Американын Массачусетс штатынын борбору Бостон шаарында беш жылдан бери жашайм. Эл катары сыртты көрөйүн деп студент кезимде келгем. Транспорт тармагында чакан ишкана ачканыма бир жылга жакындап калды. Атын “Тайтору транспортэйшн” деп койгом. Жөнөкөй тил менен айтканда биздин компания такси кызматын көрсөтөт. Чет өлкөлүк конокторду аэропорттон мейманканаларга ташыйбыз. Бул жакта car service же limo service деп коюшат. Учурда онго жакын айдоочуга иш берем. Башка чоң компаниялар менен да кызматташып турабыз.

"Тайторунун" таксилери
"Тайторунун" таксилери

"Азаттык": Жеке ишкана ачуу оңойго турбаса керек. Деги эле Америкада жеке ишкерлик кылуунун жолдору кандай?

Адилет: Мен өзүмдү бизнесмен деп айтууга эртелик кылат. Анткени бул тармакта жаңыдан гана иш баштап жатам. Америкада бизнес ачуу абдан оңой. Ашып кетсе бир саатка деле жетпейт. Сен өзүң жашаган аймактын администрациясынын веб-сайтына кирип керектүү документтерди толтурасың. Белгилүү өлчөмдө төлөм төлөйсүң. Анан ишкер деген лицензияны сайттан эле же почта аркылуу колго алса болот. Негизги маселе бизнести андан ары алдыга жылдыруу, атаандаштыкка туруштук берүү. Анткени бул жакта атаандаштык аябай күч. Мен сыяктуу ишкерлик кылгандар миңдеп саналат. Жарнаманын түрүн колдонуу менен өз кардарларын көбөйтүшөт. Кичине эле чабалдай түшсөң атаандаштар басып кетет. Атаандаштыкка туруштук берүүнү америкалыктардан үйрөнүшүбүз керек. Балким бул жөндөм Кыргызстанда жеке сектор өнүккөндө оңолор. Кыргызстанда бизнес ачуу машакатын жеңилдетүү керек. Мамлекеттин карамагындагы айрым ишканаларды жеке колдорго бериш керек.

"Тайторунун" эн белгиси
"Тайторунун" эн белгиси

"Азаттык": АКШга кеткениңе беш жыл болуп калыптыр. Сенин байкооң боюнча америкалыктар кыргызстандыктарга эмнеси менен үлгү боло алат?

Адилет: Америкалыктардан үйрөнө турчу нерселер абдан эле көп. Менимче негизгиси мыйзам үстөмдүгүн сыйлоо. Карапайым америкалыктардын саясат менен иши деле жок. Ар ким өз иши менен жана салык төлөө менен алек. Кыргызстандын өнүкпөй жатышы да ар ким өз ишин кылбай, мыйзамга баш ийүүнү билбегендигинде деп ойлойм.

АКШдан билим алуунун эрте-кечи жок

АКШдан билим алуунун эрте-кечи жок

1993-жылдан бери АКШга барып, акысыз билим алган кыргызстандыктардын саны 3,5 миңден ашты. Бул өлкөдөн билим алууну эңсеген кыргызстандыктардын саны да абдан көп.

"Азаттык": Кошмо Штаттарга барууну дегдеп жаткандарга кандай кеңеш бересиң?

Адилет: АКШга келерден мурда англис тилин мыкты билиш керек. Бул жакта тил билбесең иш табуу кыйын. Эгер орусча билсең орустар менен гана иштешүүгө туура келет. Мындайча айтканда мүмкүнчүлүктөр чектелүү болуп калат. Бизге Америкага келгиси келгендер көп кайрылышат. Көбү англисчени келгенде үйрөнүп алабыз деп ойлошот. Бул жактан эч ким үйрөтпөйт. Эч кимдин ашык убактысы жок. Тил курстары абдан кымбат, бери дегенде эле 650 доллардан миң долларга чейин.

"Азаттык": Кыргызстанга кайтайын деген ой барбы?

Адилет: Жакынкы беш жылда буюрса бизнесте тажрыйбамды көбөйтөм деген ой бар. Кудай буюрса тажрыйба топтогон соң Кыргызстанга кайтып, өз өлкөмдүн өнүгүшүнө салым кошом.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG