Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Америкадан табышкан спортчу жубайлар


Адилет Романов келинчеги Бурул менен.
Адилет Романов келинчеги Бурул менен.

Кыргызстандык Адилет Романов АКШнын Огайо штатында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште биринчиликти багындырды. Кошмо Штаттарда жашап-иштеген Адилет жубайы Бурул Алыкулова менен ар кандай мелдештерге Кыргызстандын атынан катышып келет.

"Азаттык": Адилет, жакында эле Кошмо Штаттарда өткөн күрөш боюнча чемпионатта алдыңкы орунду багындырыптырсыз. Кызыгы, бул мелдешке сиз эле эмес жубайыңыз Бурул да катышканын уктук. Жубайлар катышкан бул эмне болгон мелдеш?

Адилет Романов: Жубайым экөөбүз катышкан таймаш Огайо штатынын Колумбус шаарында өттү. Канада, Беларустан спортчулар келишти. АКШнын алты штатынан атлетчилер катышты. Биз таймаштын алдында бир жума атайын даярдыктан өттүк. Жубайым Бурул түздөн-түз мелдештерге катышкан жок. Ал ошол таймашка келген кыз-келиндерге өз тажрыйбалары тууралуу айтып берди. Негизи келинчегим экөөбүз тең эркин күрөш менен машыгабыз. Бул ирет күрөштүн үч түрү боюнча таймаш болду. Кошмо Штаттарда популярдуу, бирок башка өлкөлөргө жайыла элек күрөштүн фристайл (freestyle) деген түрү бар. Биздин кыргыз күрөшүнө өтө окшош. Мына ушул фристайл, эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча мелдешке чыктым. Эки күндүк таймашта грек-рим жана фристайлдан экинчи болдум. Беларустук жана америкалык балбандарга жеңишти алдырып койдум. Ал эми эркин күрөш боюнча алтын медал тагындым.

"Азаттык": Спорт менен машыкканыңызга канча болду. Бир нече жылдан бери АКШДа жашайт экенсиз, күрөш менен Кыргызстанда эле машыкчу белеңиз?

Адилет Романов: Күрөшкө катышканыма он эки жылдай болуп калды. Бала чагымдан бери машыгып келем. Профессионалдуу түрдө машыгып, бир нече эл аралык мелдешке катышкам. Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка, Азия чемпионатына катышкам. Негизи Олимпиададан башка эл аралык турнирлердин көбүнө катыштым десем болот. Ал эми жубайым Бурул да кичинекей кезинен эле спортко жакын болуп, машыгып журүптүр. Ал 2013-жылы Казанда өткөн Универсиадада бел боо күрөшү боюнча үчүнчү орунду жеңип алган. Өзүм АКШга 2013-жылы келгем.

"Азаттык": Ал эми жубайыңыз сиздин чакырууңуз менен келдиби же АКШдан баш коштуңарбы?

Адилет Романов: Жубайым экөөбүз бири-бирибизди Кыргызстандан таанычу элек. Бирок Америкадан кыз-жигит катары сүйлөшүп баштадык. Кийин баш коштук. Бизди күрөш табыштырды деп айтсам жаңылбасам керек.

"Келинчегим экөөбүздү күрөш табыштырды".
"Келинчегим экөөбүздү күрөш табыштырды".

"Азаттык": АКШга келген соң спорт менен машыгууга тиешелүү шарт болдубу? Мелдештерге дайыма катышып жатасызбы?

Адилет Романов: Келгенден бери эле бул өлкөнүн штат аралык ар кандай таймаштарына катышып жүрөм. 2014-жыл ушул эле Огайодо өткөн мелдеште жеңүүчү аталгам. Эркин күрөштөн тышкары грепплинг жана башка түрлөрү боюнча да катышып калам.

Огайо штатында “Manas wrestling club” деген кыргызстандыктардын спорт клубу бар. Ошол жерде Мелис Жакыпов деген агайыбыз бизди машыктырат. АКШнын чемпионатына катышып, күчүмдү сынап көрсөмбү деп максат кылып жатам. Учурда ушул чемпионатка бардык күчүмдү жумшап, даярданып жатам.

"Азаттык": Күрөштөн тышкары өзүңүз эмне менен алектенесиз?

Адилет Романов: Спорт менен эле чектелбестен, курулуш тармагында эмгектенип келем. Өзүмдүн кесибим архитектор. “Фистер хомс” аттуу компанияда иштейм. Компаниябыз негизинен жыгачтан үйлөрдү куруу менен алектенет. Учурда пайдубалынан баштап, толугу менен үйдү тургузуу боюнча иштерди жүргүзүп, жаңы ыкмаларды үйрөнүүдөмүн. Бул жактан ушул технологияны жакшылап өздөштүрүп Кыргызстанда да ушундай фирма ачсам деген кыялым бар. Жыгачтан үй куруу жеңил жана андай тамдар жылуу да болот. Кошмо Штаттарда көп кабаттуу үйлөрдөн башкасынын 70-80% жыгачтан курулат десем адашпайм. Жыгачты коңшу Канададан алып келишет, ал жакта курулуш материалдары арзан болот.

"Азаттык": Сиз жашаган Огайодо штаттында кыргызстандыктар көп экенин билебиз. Алар менен катташып, бири-бириңиздер тыгыз байланышта болсоңор керек?

Адилет Романов: Бул жакта дайыма ынтымакта жүргөн 200дөй кыргызстандык бар. Жаштардын көбү азыр оор жүк ташуучу унааларды айдашат. Бул жумуш жакшы төлөнөт. Ошондуктан Огайодогу кыргыздардын арасында айдоочулук менен алектенгендер арбын. АКШга мурда келген мекендештерибиздин арасында жеке ишкерлик кылып, өз алдынча иш ачкандар да көп. Маселен, ошол эле үй курган же болбосо үйлөрдүн чатырын жапкан өзүнчө фирмалары бар. Жаңы келгендер дароо эле ошол фирмаларга ишке киришет. Ал эми кыз-келиндер ар кандай тейлөө кызматтарында иштешет, үй жыйнашат. Окугандар да бар.

XS
SM
MD
LG