Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

АКШ учакка ноутбук алып кирүүгө тыюу салды


Телефондон чоң бардык электрондук жабдыктарды бортко алып кирүүгө тыюу салынды.
Телефондон чоң бардык электрондук жабдыктарды бортко алып кирүүгө тыюу салынды.

АКШ жана Британия бийликтери Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африканын айрым өлкөлөрүнөн Америкага багыт алган аба каттамдарынын жүргүнчүлөрүнө телефондон чоңураак электрондук жабдыктарды учактын бортуна алып кирүүгө убактылуу тыюу салышты.

АКШнын расмийлери бул эреже сегиз өлкөнүн он аэропортуна тиешелүү экенин билдиришсе, Британия бийлиги алты мамлекеттин 14 авиакомпаниясына дал ушул чектөө киргизилгенин маалымдады.

Эрежеге ылайык, Түркия, Иордания, Кувейт, Бириккен Араб Эмирлиги, Египет, Катар, Марокко жана Сауд Арабиядан АКШга түз бара турган аба каттамдарда телефон жана медициналык жабдыктардан башка бардык электрондук аппараттар бортко киргизилбейт.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги 21-мартта билдиргендей, бул чара террорчулукка каршы күрөштүн алкагында кабыл алынды.

“Террорчул топтор коммерциялык авиацияны бутага алып, өз чабуулдарын ишке ашыруу үчүн инновациялык ыкмаларды активдүү колдонгонго аракет кылып жатышканы чалгын иштеринин жыйынтыгында анык болду. Ар кандай буюмдардын ичине да жардыруучу заттарды салуулары да мүмкүн”,-деп жазылат министрликтин расмий сайтында.

Стамбулдагы Эл аралык Ататүрк аэропорту.
Стамбулдагы Эл аралык Ататүрк аэропорту.

Британия бийликтеринин тизмесинде Түркия, Ливан, Иордания, Египет, Тунис жана Сауд Арабия бар.

Жаңы эреже АКШга жана Британияга дал ушул өлкөлөрдүн аэропорттору аркылуу учуп бараткан башка мамлекеттердин жарандарына да тиешелүү.

Вашингтон уюлдук телефондон чоңураак бардык жабдыктарга тыюу салынат десе, Лондон тактап, 16х9,3х1,5 см өлчөмүндөгү бардык аппараттарды бортко алып кирүүгө болбостугун маалымдады.

Turkish Airlines, Saudi Arabian Airlines, Qatar Airways, Emirates жана тизмедеги башка бир нече авиакомпаниялар 21-марттан тарта 96 сааттын ичинде жаңы чектөөнү бардык каттамдарына киргизиши керек.

Стамбулдагы Эл аралык Ататүрк аэропортунан учуп жаткан жүргүнчүлөрдүн бири Абдулбаки Горал чектөө айрымдар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүндүгүн айтат:

- Айрымдар зерикпеш үчүн учактын ичинен компьютер колдонушат, кээ бирлери иштерин бүтүрүшөт. Балким дал ошол адамдар үчүн жаңы чектөө ыңгайсыздыкты жаратар, мага өтө деле маанилүү эмес.

АКШнын ички коопсуздук министри Жон Келли өткөн дем алыш күндөрү Конгресс менен байланышып, учактардын бортунда электроникалык жабдыктарды алып жүрүүгө салынган тыюуну негиздеп берген.

Маалымат каражаттарынын жазышынча, Америкада бул чечим бир нече жумага созулган талкуудан кийин кабыл алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG