Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Айовадагы алгачкы жарыш


Айовадагы алгачкы жарыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Айовада өткөн шайлоонун алгачкы жарышы

АКШда президенттик шайлоону утурлаган ички партиялык жарыштын алгачкысында республикачылардан сенатор Тед Круз жеңишке жетишти. Ал эми демократтардан мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон атаандашы менен дээрлик тең чыкты.

Алгачкы добуш берүү өлкөнүн ортолук аймагындагы Айова штатында өттү. Айовадагы добуш берүүнүн жыйынтыгы ириде республикачылар үчүн күтүүсүз болду.

Сенатор Тед Круз
Сенатор Тед Круз

- Улуу штат Айованы Кудай колдосун! Бүгүнкү жеңиш төмөнкү катмардыкы. Бүгүн бүткүл Айова жана бүткүл өлкө боюнча чечкиндүү консерваторлордун жеңиши. Айова штаты бүгүн өз сөзүн айтып, республикачылардын талапкери жана АКШнын кийинки президенти массалык маалымат каражаттары тарабынан, Вашингтондогу истэблишмент тарабынан, лоббисттер тарабынан тандалбай турганын ишара кылды. Бирок, эң кубаттуу күч, биз - Американын эли тарабынан тандалат, - деди консерваторлук көз караштагы саясатчы катары саналган сенатор Тед Круз жактоочуларына кайрылып, Айовада республикачылар арасынан биринчи орун алган соң.

Трамптын жеңилиши

Америкалыктар өздөрү “кокус” же “праймериз” деп атаган бул өнөктүктүн эң алгачкысынын алдында коомдук пикирди сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында жеңиш президенттикке республикачыл үмүткөрлөр ичинен миллиардер Дональд Трампка ыйгарылып жаткан эле.

Бирок натыйжада демократтарга салыштырмалуу талапкерлеринин саны көп республикачылар арасынан Техас штатынан шайлаган сенатор Тед Круз 27,7% добуш менен озуп чыкты.

Миллиардер Дональд Трамп 24%, флоридалык сенатор Марко Рубио мурда күтүлгөндөн көп, 23% добуш алды.

Ал эми Флорида штатынын мурдагы губернатору, айтылуу Буштардын үй-бүлөсүнөн чыккан Жеб Буш болгону 2,8% добуш топтоп, алтынчы орунду ээледи.

Ал эми буга чейин Айовада оңой эле утарын айтып келген Дональд Трамп атаандашы Тед Крузду куттуктап, тарапкерлерине эми кийинки – Нью-Гэмпшир штатындагы ички партиялык жарышта жеңишке жетүүнү убада кылды:

- Эң башында эле айтып коюшум керек, мен Айованын элин абдан жакшы көрөм. Биз республикачылардан талапкерлик укукту алыш үчүн алдыга жыла беребиз. Хиллариби ( Клинтон), Берниби (Сандерс) же башкасын чыгарышабы, биз аларды оңой эле жеңебиз.

Клинтондун жеңилдеши

Демократтардан болсо Айовада мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жана ички партиялык жарышта анын башкы атаандашы катары каралып жаткан сенатор Берни Сандерс дээрлик тең чыгышты.

Демпартиянын жактоочулары арасынан добуш бергендердин 49,9% Клинтонду, 49,6% өзүн социалист атаган Сандерсти колдошту. Клинтон өз тарапкерлерине кайрылып жатып, буларга токтолду:

- Мен бүгүн кечте бул жерде терең дем алып, жеңилденүүнү сезим турам. Айова силерге ырахмат! Билип койгула, мен өмүр бою жасаган ишимди улантам. Мен сиздер үчүн турам, сиздер үчүн күрөшөм. Мен, мен ишенген Америкада балдарыбыз жана неберелерибиз үчүн кармаган үмүт эч убакта өчпөшү, тескерисинче, келечек муундарды шыктандыруусу үчүн иштейм. Мага кошулгула, келгиле талапкерликти жеңип алалы. Баарыңарга ырахмат, силерди Кудай колдосун!

Хиллари Клинтон 2008-жылы да президенттикке аттанганда Айовадагы ички партиялык жарышта азыркы мамлекет башчы Барак Обамага уттуруп койгон болчу.

Ички партиялык жарыштын мааниси

АКШда салт боюнча президенттик шайлоо алдындагы ички партиялык жарыш 1970-жылдардан бери такай ушул Айова штатынан башталат.

Андагы добуш берүүнүн жыйынтыгы америкалыктар президенттикке үмүткөрлөрдүн кимисине артыкчылык береринин алгачкы ишарасы деп саналат.

Мисалы, талдоочулардын пикиринде, Айовадагы ички партиялык добуш берүүнүн жыйынтыгы республикачыл үмүткөрлөр ортосундагы күрөш негизинен үч саясатчы: сенатолор Тед Круз, Марио Рубио жана миллиардер Дональд Трамп ортосунда жүрөрүн көргөздү.

Ички партиялык жарыш штаттар боюнча июнь айына чейин уланып, алардагы добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, президенттикке үмүткөрлөр парткурултайга делегат топтойт.

Республикалык жана Демократиялык партия тең Ак үй үчүн бирден талапкерин июль айынын соңуна мерчемделген курултайларында расмий бекитет.

Шайлоо болсо быйыл ноябрдын алгачкы шейшембисинде өтөт.

АКШнын мыйзамдарына ылайык, президент болуп шайланыш үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 578 добуштун кеминде 270ин топтоо керек. Шайлоочулар коллегиясында 538 орун ар бир штаттын калкынын санына жараша бөлүнгөн.

Ноябрдагы шайлоодо ар штаттын шайлоочулар коллегиясындагы үлүшү толугу менен эки талапкердин ошол штаттагы элдин көбүрөөк добушун алганына берилет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG