Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

АКШнын тыңшоосу Францияны "ачуулантты"


Франциянын телефон сүйлөшүүлөрү АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги тарабынан тыңшалганы айтылып жаткан президенттери Николя Саркози (2007-2012), Франсуа Олланд (2012-жылдан бери), Жак Ширак (1995-2007).
Франциянын телефон сүйлөшүүлөрү АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги тарабынан тыңшалганы айтылып жаткан президенттери Николя Саркози (2007-2012), Франсуа Олланд (2012-жылдан бери), Жак Ширак (1995-2007).

Франция Кошмо Штаттарды эки өлкөнүн алака-катышына кеткен зыянды тезинен калыбына келтирүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого үндөдү.

Айтылуу WikiLeaks сайты АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттиги Франциянын мамлекет башчыларын жана башка расмий адамдарын тыңшаганы боюнча документтерди жарыялагандан кийин кечээ АКШ жана Франция президенттери телефондон сүйлөштү.

WikiLeaks сайты 23-июнда жарыялап жиберген документтерге караганда, АКШнын чалгын мекемелеринин бири - Улуттук коопсуздук боюнча агенттик Франциянын азыркы президенти Франсуа Олланддын, андан мурдагы мамлекет башчылар Николя Саркози менен Жак Ширактын телефон сүйлөшүүлөрүн 2006-2012-жылдар аралыгында тыңшаган.

Бул маалымат шардана болгондон көп өтпөй президент Олланд Парижде алгач коопсуздукту тейлеген жетекчилер, анын артынан парламенттин таасирлүү мүчөлөрү менен шашылыш жыйын курду.

АКШнын Париждеги элчиси Жейн Хартли түшүндүрмө берүү үчүн француз Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Премьер-министр Мануэль Вальс парламент олтурумунда сүйлөп жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

- Бул практика (телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо) эки ортодогу ишеним деңгээлине терс кесепетин тийгизет. Кошмо Штаттар мындай аракеттер эркиндикке да коркунуч жаратарын моюнуна алышы абзел. АКШ - Франция алакасына келтирген зыяндын ордун да толтурушу керек. Биздин эмоциябыз, ачууланганыбыз легитимдүү. Франция фундаменталдык кызыкчылыктарына, коопсуздугуна шек келтирген мындай иш-аракеттер менен келише албайт.

Ал эми президент Франсуа Олланд кечээ АКШ президенти менен телефон сүйлөшүүсүнөн кийин билдиргендей, “Обама мурда болушу ыктымал жана союздаштар арасында кабыл алынгыс бул практиканын” жоюлушун бекем жактай турганын ырастады.

Ак үй эки президенттин телефон байланышынан кийин президент Олландын сүйлөшүүлөрүн угуу "биздин максатыбыз болгон эмес жана болбойт",- деп белгиледи.

АКШнын Париждеги элчилигинин үстүнкү кабаттары. 24-июнь, 2015-жыл.
АКШнын Париждеги элчилигинин үстүнкү кабаттары. 24-июнь, 2015-жыл.

"Ассошиэйтед Пресс” агенттиги жазгандай, Франция өзү терроризм жана башка коркунучтардын алдын алууда АКШнын чалгын маалыматтарына таянган өлкө.

Француз парламенти азыр жаңы кабыл алып жаткан мыйзам өлкөнүн өзүнүн чалгын жүргүзүү кубатын жана террорго каршы ишмердигин чыңдоону көздөйт.

Рейтер агенттигинин жазганына караганда, Вашингтон менен Париждин мамилеси жалпысынан жакшы. БУУнун Коопсуздук кеңешинин вето салуу укугуна ээ мүчөсү Франция тышкы саясатта көз карандысыздыкты кармап жүрөт. Бирок акыркы эки жылда ортого ажырым салган, тараптарды бири-бирине кыжырланткан учурлар да болду.

WikiLeaks “Елисейдеги тыңчылык” деген ат менен шардана кылган документтерге караганда, француз президенттеринин, расмий адамдарынын 2006-2012-жылдар аралыгында угулган телефон сүйлөшүүлөрү арасында Германия менен Франциянын алакасы, Евробиримдиктин келечеги, Грециядагы карыз кризиси, Израил-Палестина тынчтык жараяны өңдүү маселелер да бар.

WikiLeaksтин документтерин Франциянын өзүнөн Liberation гезити жана Mediapart сайты жарыялап чыгышты.

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин баш кеңсеси.
АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин баш кеңсеси.

Mediapart сайтынын журналисти Фабрис Арфи француз радиосу менен маегинде буларга көңүл бурду:

- Биз эң көп айтып жаткан үч президенттен тышкары, мамлекеттик бийликтин бардык баскычы кайсыл бир учурда түз же кыйыр деңгээлде АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги тарабынан тыңшалган. Мен министрлерди, кеңешчилерди, депутаттарды, администрация башчысын жана башка расмий адамдарды эске алып жатам. Маселен, президенттин жашыруун каттарды алмашуусун камсыздоочу өкмөттүк борбор да тыңшалган. Президенттин учагы, өкмөт колдонгон учактар менен байланыштыруучу линия дагы Улуттук коопсуздук агенттиги тарабынан тыңшалган.

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин дарегине буга чейин Германиянын, Бразилиянын, Мексиканын лидерлерин тыңшады деген да айыптоо айтылган. Германия атүгүл өз алдынча иликтөө баштап, кайра токтотуп койгон болчу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG