Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Розенблюм: Борбор Азияга жардам көбөйөт


АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия маселелери боюнча орун басары Дэниел Розенблюм
АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия маселелери боюнча орун басары Дэниел Розенблюм

Борбор Азия мамлекеттери быйыл төбөлсүздүктүн 25 жылдыгын белгилеп жатышат. Мааракени утурлай “Америка добушу” радиосуна Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюм чөлкөмдөгү өлкөлөр менен АКШнын алакасы, кызыкчылыгы жана максаттары тууралуу маек берди.

"Америка добушу": Чөлкөмдөгү өлкөлөр ичинен жетишкендигине чындап кубанып, суктанган кандай ийгиликтүү мисалды келтире аласыз?

Даниел Розенблюм: Чөлкөмдөгү бардык мамлекеттерге көз сала турган болсок, мен АКШ жана башка мамлекеттер менен алакадагы ийгилик жана жетишкендик катары бир нече мисалды келтире алам.

Мисалы, Кыргызстан демократиялык институттарды өнүктүрүү жагынан жакшы ийгиликтерге жетишти. Кыргызстандын эли жана өкмөтү эркин жана адилет шайлоо, активдүү жарандык коому аркылуу өлкөдө ар бир окуяга таасир эте алат. Бул Кыргызстандын, анын элинин, бийлигинин жетишкендиги. Бул АКШнын же башка бир өлкөнүн кошкон салымы деп айта албайм. Бул бир гана алардын жетишкендиги. Болгону биз алардын өнүгүүгө бет алган багытын табууга жардам берип, колдодук деп айта алам.

Ооганстанда 1990-жылдарда эмне болгонун көрдүк жана анын жыйынтыгы биздин улуттук коопсуздугубузга коркунуч туудурду. Биз ошондой эле сценарий Борбор Азияда кайталанышын каалабайбыз.

"Америка добушу": Ошол кезде АКШ жардам катары көрсөткөн 45 миллион доллардын кандайдыр бир жемишин, жыйынтыгын сезесиңерби?

Дэниел Розенблюм: Айрым учурда жыйынтыктар же ошол жардамдын таасири тууралуу айтуу кыйын. 2010-жылдан бери Кыргызстан стабилдүү өнүгүү жолунда. Парламенттик эки шайлоо жана президенттик шайлоо эркин, адилет өттү. Бул албетте кыргыз элинин жетишкендиги. Бирок биз да ачык шайлоо өткөрүүгө кандайдыр бир деңгээлде көмөк көрсөттүк деп ойлойм. Балким экономикалык жетишкендиктерге салымыбыз болгондур. Ошол эле маалда бардык жакшы нерселерге биз себепкербиз деп айта албайм.

"Америка добушу": Вашингтон 2017-жылга карата чөлкөмгө болгон жардамын көбөйтөрү айтылууда. Бул канчалык так маалымат?

Дэниел Розенблюм: Ооба, аймакка жардам көбөйөт. 2016-жылы Конгресс караган жардамга салыштырмалуу өтө көп эмес. Бирок 2015-жылы жана андан мурунку жылдарга караганда кыйла жакшы.

"Америка добушу": Жардам көрсөтүүнүн туура жолдору кандай? АКШ Борбор Азияга кандай жардам көрсөтүшү керек? Жардам деп эле АКШ акча толо чемондандарды бербейт да туурабы?

Даниель Розенблюм: Туура. Абдан туура. Биз андай кылбайбыз. Биз мындай тажрыйбаны Борбор Азия эле эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да колдонбойбуз. Айрым учурда гана бюджеттик колдоо көргөзгөн учурлар болот. Бирок анда деле чемодан менен эмес, каражаттар башка жолдор аркылуу которулат. Бул өтө сейрек кездешет, бирок Борбор Азия өлкөлөрүнө мындай боло элек. Биздин жардам көрсөтүү ыкмабыз эффективдүү болуп саналат. Биз муну өз тажрыйбабызга таянып иштеп чыктык. Бул жолдор көп багыттарды: башкаруу институттарын негиздөөдөн тарта бизнестеги жаңычылдарды киргизүүгө чейин камтыйт.

Америкалык бизнес, жеке ишкердик деген эмне экенин көпчүлүк билсе керек. Биз мына ушул тажрыйба, билимди чөлкөмдөгү тиги же бул өлкөгө жеткирүү жолун таптык. Көп жылдардан бери ар кандай жабдыктарды жеткирип келебиз. Маселен саламаттыкты сактоо багытында бир катар жабдыктарды - кургак учук илдетин аныктай алган аппараттарды жеткирдик.

"Америка добушу": Борбор Азия мамлекеттери көз карандысыздыктын 25 жылдыгын белгилеп жатканда сиз чөлкөмдөгү башкы өкүлдөрдүн бири болуп турасыз, азыр Кошмо Штаттардын кандай кызыкчылыктары бар жана кандай максаттарга көңүл бурулууда?

Бул өлкөлөр экономикалык жактан ийгилик тапмайынча туруктуу боло албайт жана өз боштондугун коргошу кыйын болот. Ал эми экономикалык ийгиликке жетүү үчүн ички реформаны ишке ашыруу керек

Даниел Розенблюм: Биринчиден, АКШнын Борбор Азияда эки гана кызыкчылыгы (максаты) бар. Биринчиси - Советтер Союзу жаңы ураган маалга, 1990-жылдарга барып такалат. Анда биз аймактагы бардык өлкөлөрдүн ийгиликтүү болушун каалаганбыз. Дал ошол көз карандысыздыкты жана суверендүүлүктү ушул күнгө чейин, кандай гана бийлик болбосун колдоп келдик.

Биздин экинчи кызыкчылыгыбыз - бул өлкөлөр эгемендик алганда эле пайда болгон. Бирок анын мааниси 11-сентябрдагы окуялар жана анын кесепеттерин көргөндө артты. Бул стабилдүүлүк. Биз бул мамлекеттердин коопсуз болушун жана террорчулардын уюгуна айланып калбашын каалайбыз. Ооганстанда 1990-жылдарда эмне болгонун көрдүк жана анын жыйынтыгы биздин улуттук коопсуздугубузга коркунуч туудурду.

Биз ошондой эле сценарий Борбор Азияда кайталанышын каалабайбыз. Бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн көз карандысыздыгы жана суверендүүлүгү, туруктуулугу, террочулар уюгуна айланбашы Кошмо Штаттардын аймактагы негизги максаттары. Бул кызыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн биз Борбор Азиядагы өнөктөштөрүбүз менен иштөөнүн үч жолу бар. Биринчиси - бул коопсуздук. Аймактагы мамлекеттердин коопсуздугун колдоо үчүн бир катар иштерди аткарып жатабыз. Бул кандайдыр бир жабдуулар менен камсыз кылуудан тарта, билим берүү жана ар кыл тренингдерди өткөрүү. Маселен, чек араларды коргоо, иш аппаратынын коопсуздугун күчөтүү боюнча ар кандай тренингдерди жүргүзүп келебиз. Экинчи жолу - бул экономика. Бул өлкөлөр экономикалык жактан ийгилик тапмайынча туруктуу боло албайт жана өз боштондугун коргошу кыйын болот. Ал эми экономикалык ийгиликке жетүү үчүн ички реформаны ишке ашыруу керек. Ички экономикасы жолго коюлуп, тышкы дүйнө жана бири-бири менен жакшы байланышта болушу керек. Үчүнчү маанилүү багыт - жакшы башкаруу. Мына ушул үч максатка биз чөлкөмдөгү өнөктөштөрүбүз менен жетүүнү көздөйбүз бул экономика, коопсуздук жана жакшы башкаруу.

XS
SM
MD
LG