Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:58

Трамп жана Путин: сүйлөшүүгө даярдык


Орусия Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү макулдашылып жатканын кабарлады. Орусиянын тышкы иштер министри террорго каршы күрөшүү үчүн кеңири коалиция түзүү сунушу күчүндө экенин билдирди.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн мезгили такталып жатканын билдирди.

Кремлдин маалымат катчысынын 23-январдагы сөзүнө караганда, макулдашууну Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондогу кесиптештери менен жүргүзүүдө. “Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн убактысы жакынкы мезгилдерде аныкталышын күтүп жатабыз” деген Песков эки президенттин сүйлөшүүсүндө террорчулукка каршы күрөштө кызматташуунун деталдарын айтуу азырынча эрте экенин кошумчалаган.

АКШ менен Орусиянын мамилеси өтө начар абалда экени белгилүү. Дональд Трамп аны оңдоого үмүт арткан. 21-январда Борбордук чалгындоо кызматынын кызматкерлери менен жолугушууда Трамп диний террорчулук жер жүзүнөн жоготулушу керек деди:

- Радикалдуу ислам терроризми жер жүзүнөн тазаланып, жок кылынышы керек. Бул жаман нерсе.

Трамптын ант берүүсүнөн кийин Ак үй радикалдуу ислам террорчуларын талкалоо Кошмо Штаттардын тышкы саясатындагы артыкчылык берген багыт болорун белгилеген. Бул максатка жетүү үчүн АКШ “чечкиндүү коалиция түзүү жана биргелешкен аскерий операцияларды жүргүзүүгө барары” айтылды.

Буга удаа Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия жана АКШнын көз караштары жакын экени байкалууда, Москва Дональд Трамптын администрациясынан конкреттүү сунушту карап көрүүгө даярдыгын билдирди. Сергей Лавров Будапештте Орусия президентинин мындан 18 ай мурун кеңири коалиция түзүү жөнүндөгү сунушу күчүндө экенин белгиледи.

Сергей Лавров Дональд Трамптын тышкы саясат боюнча көз караштары Орусиянын көз караштарына жакын экенин белгиледи:

- Дональд Трамп жарыялаган тышкы саясаттагы максаттар боюнча, принципиалдуу маселелерде көз караштар дал келген аз эмес учурларды көрүп жатабыз. Ал президент Путиндин Орусия Федерациясынын тышкы саясатындагы максаттар боюнча көз караштарына көп учурда дал келет.

Лавровдун айтымында, Дональд Трамп негизги басымды идеология же башка өлкөлөрдүн ишине кийлигишүүнү эмес, Кошмо Штаттардын түпкү кызыкчылыктарын сүрөөнү алдыга коюп жатат. Мына ушундай позицияда Орусия Федерациясы тышкы саясатын жүргүзүүдө.

Рекс Тиллерсондун иши жана сөзү

Рекс Тиллерсондун иши жана сөзү

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчылыкка Рекс Тиллерсондун талапкерлигин сунуштап жатат.​

Орусиянын президенти Владимир Путин 2000-жылы бийликке келгенден кийин Рекс Тиллерсон менен бир нече жолу жолуккан. Тиллерсон чет элдик мунай “магнаты” катары Путиндин колунан "Дружба" орденин да алган.

АКШнын тышкы саясатын президент аныктап, мамлекеттик катчы жүргүзөт. АКШнын мамлекеттик катчылыгына Дональд Трамп "Эксон Мобилл" мунай компаниясынын мурунку башчысы Рекс Тиллерсондун талапкерлигин сунуштаган. Анын талапкерлиги 23-январда АКШнын Сенатында каралмакчы.

Сенаттагы таасирлүү республикачылар Жон Маккейн жана Линдси Грехэм анын алдында билдирүү таратып, Рекс Тиллерсондун орус президенти Владимир Путин менен жакындыгы дале тынчсыздануу жараткан фактор деп, бирок Тиллерсон АКШнын кызыкчылыгын натыйжалуу коргой алат деген ишеничин билдиришти.

Кыязы, АКШнын тышкы саясаттагы жаңы кадамдары Тиллерсондун талапкерлиги Сенатта каралып бүткөндөн кийин жасала баштайт. АКШ жана Орусия президенттеринин сүйлөшүүлөрү да мына ошондон кийин ишке ашчудай.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG