Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

АКШ жана Саудия мамилелерин аныкташты


АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Саудиянын тышкы иштер министри Сауд ал-Файсал. 2013-жыл
АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Саудиянын тышкы иштер министри Сауд ал-Файсал. 2013-жыл

АКШ жана Саудия Жакынкы Чыгыш боюнча кызматташууда бир максатты көздөйт, бирок ага жетүүдө ортодо тактикалык жактан келишпестик болушу ыктымал.

Мындай билдирүү АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Сауд Арабстандын тышкы иштер министри Сауд ал-Файсалдын Эр-Риядда дүйшөмбү күнү болгон жолугушуусунан кийин жасалды. Саудия жетекчилиги Вашингтондун Сирияда чечкиндүү чара көрбөгөнүнө, Иран менен мамилесинин оңоло баштаганына, Египеттин утурумдук өкмөтүнө аскерий жардамды кыскартуусуна кыжаалат. Эки жак Палестина маселесинде да ар башка өңүттө турат.

Эр-Рияддагы сүйлөшүүдөн кийин Сауд Арабстандын тышкы иштер министри Сауд ал-Файсал “эки дос мамлекет” Жакынкы Чыгыштагы талылуу суроолорду талкуулашканын билдирди. Бирок ал проблемаларды чечүүдө бир максатты көздөшкөнү менен "тактикалык жактан АКШ менен Саудия ортосунда аз да болсо келишпестиктер бар",- деди ал-Файсал:

- Ортодо эки түрдүү айырма бар. Айырма объективдүү жана ал тактикалык айырма. Кээ бир айырмалар объективдүү, бирок алар өтө аз. Айырманын көбү тактикада.

Сауд ал-Файсал маалымат каражаттары үчүн жасаган билдирүүсүндө “эки өлкөнүн тарыхый байланышы ар качан көз карандысыздыкка, өз ара урмат-сыйга жана жигердүү кызматташууга негизделгенин” белгилеп, “нукура мамиле чын дилден, ачык айкын, адилет болот”, ошондуктан “кайсы бир ишти бүткөрүүнүн жолдору боюнча көз караштар дал келсе, кээде дал келбей калуусу табигый нерсе”,- деди. Ал Ирандын Сириядагы ролун сындап, Асаддын өкмөтүнө жардам бергенди токтотконго чакырды. Бирок Иран Сирияга кандай жардам бергенин ачык айтпады. Ал-Файсал Жакынкы Чыгышты ядролук куралдардан эркин деп жарыялоону да сунуш кылды.

Дүйшөмбү күнү Ирандын өкмөттүк булактары Революциячыл гвардиянын бир нече күн мурда Сирияда террорчулар тарабынан өлтүрүлгөн командири Мухаммед Жамилдин тажиясы 5-ноябрда Тегеранда болорун кабарлаган эле.

Жон Керри өз кезегинде эки жак Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүсүнө камданып жатканын жана АКШ Ирандын ядролук куралдуу болуусуна жол бербесин айтты. АКШ-Саудия мамилеси 75 жылдан бери уланып келатканына, болочокто да азыркыдай терең нукта улантыла берерине да токтолуп, Эр-Рияддын Сирия оппозициясына көмөктөшүүсүн жана кырдаалды саясый жол менен жөндөөнү колдогонуна жогору баа берди.

АКШ Мамкатчысы шейшемби күнү сапарын Польшада улантты. Жон Керри Варшавада сүйлөп, Сириядагы чатак куралдын жардамы менен жөндөлбөсүн, президент Асаддын режими жана Сирия оппозициясы экөө тең Женевадагы тынчтык конференциясына катышуусу абзел экенине көңүл бурду:

- Мен Сирия өкмөтү, Орусия, Иран жана башка Сирия режимин колдогондор Сирия режими Сириядагы чатакты тынч чечүү боюнча Женевага сүйлөшүүгө келүү тууралуу өз милдеттенмесин аткарарына ишенимде болушу керек деп үмүттөнөм.

Керринин айтымында, Женева-2 конференциясынын күн тартибиндеги негизги маселе - Сирияда өткөөл өкмөттү түзүү планын жүзөгө ашырууну талкуулоо болушу керек. Бул план бир жыл мурда Женева-1 деп аталган конференцияда макулдашылган. Бирок жыйында "Башар Асад бийликте калышы керекпи?" деген суроо ачык калтырылган.

XS
SM
MD
LG