Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Мурдагы полковникти түрмөгө түрткөн пара


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Аскер соту, Улуттук коопсуздук кызматынын Тергөө башкармалыгынын мурдагы полковниги Нодирбек Туракуловдун үстүнөн дагы бир соттук териштирүүнү баштады. Бул анын үстүнөн жүрүп жаткан үчүнчү сот иши.

Өзбекстандын Аскер сотунун кассациялык коллегиясы Улуттук коопсуздук кызматынын Тергөө башкармалыгынын мурдагы полковниги Нодирбек Туракуловдун үстүнөн дагы бир соттук териштирүүнү баштады.

Бул тууралуу атын атагысы келбеген аткаминер "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирген. Маалыматка ылайык, немистердин "International Spedition Willi Bets" компаниясынын өкүлү Нодир Туракуловдон жабыр тарттым деген арыз жазган.

"Азаттыкка" келип түшкөн документтердеги маалыматтарга караганда, Нодир Туракулов жабырлануучу тараптын "Mercedes Bens Aktros" үлгүсүндөгү 17 автоунаасын камакка алып, 4 800 000 еврого чыгым келтирген.

Белгилей кетүүчү нерсе - 2018-жылы 25-октябрда соттук коллегия аталган немис компаниясынын доо арызын канааттандырган эмес.

Бул жолу Туракуловдун соттук иши "мамлекеттик сырды камтыйт" деген негиз менен жабык өтүп жатат. Ал эми Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Нодир Туракуловдун акыркы иши боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Нодир Туракулов
Нодир Туракулов

Улуттук коопсуздук кызматынын Тергөө башкармалыгынын мурдагы полковниги Нодирбек Туракуловго 2018-жылы 25-октябрда биринчи кылмыш ишинин негизинде айып тагылып, 16 жылга эркинен ажыратылган жана 400 төмөнкү айлыктын (ошол мезгилдеги курс боюнча 9 миң доллар) өлчөмүндө айып пул салынган.

"Азаттыкка" келип түшкөн документтердеги маалыматтарга ылайык, биринчи соттук иште Нодир Туракулов Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 14 беренеси боюнча айыптуу деп табылган, Алардын ичинде "Опузалап акча талап кылуу", "Кызмат абалынан пайдалануу", "Пара алуу", "Документтерди, мөөрлөрдү, бланктарды жок кылуу", "жазыксыз адамдарды жоопко тартуу", "Мыйзамсыз кармап, камоо", "Кыйноо", "Сот иштерине кийлигишүү", "Кылмыш жолу менен табылган кирешени адалдоо" жана башка беренелер бар.

Туракуловдун иши боюнча иликтөө жүргүзүп келген журналист Малохат Эшанкулованын "Озодлик" радиосуна берген маалыматы боюнча, Туракулов мыйзамга жат иш кылган жарандардан ири өлчөмдөгү маңзат талап кылып келген:

"2010-2011-жылдары Шарап Бобоев аттуу жарандан издөөгө алынганы тууралуу маалыматты жок кылуу үчүн 300 килограмм маңзат алып келүүсүн талап кылган. Бобоев бул массадагы маңзатты табуу үчүн үй-жайын сатып, Тажикстандан маңзат таап сатып келип, Туракуловго берген. 2012-жылы сурхандарыялык дагы бир жаран Кенже Жураевди түрмөдөн бошотуу үчүн 500 кг. маңзат талап кылган. Бул маңзаттарды Туракулов күнөөсүз кишилердин автоунааларына салып коюп, аларды камаган же опузалап коркутуп, ири өлчөмдөгү акчасын алган".

Экинчи соттук териштирүүдө Туракуловго 10 берене боюнча кылмыш иши козголгон. Ташкенттеги "Эзгулик" укук коргоо борборунун жетекчиси Абдурахман Ташановдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, булардын ичинде "адам уурдоо", "кыйноо" жана "киши өлтүрүү" беренелери боюнча сот иши жүрүүдө.

Бул иш боюнча Туракуловдон тышкары дагы 12 киши - атайын кызматтын, прокуратуранын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ишкерлер айыпталып жатканы айтылууда.

Бирок "Азаттыкка" келип түшкөн документтердеги маалыматтарда 19 кишинин аты-жөнү жазылган. Бул тизменин сап башында Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары генерал-майор Хаёт Шарифходжаев, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Шухрат Ташпулатов, ошондой эле тергөөчүлөр, Борбордук банктын кызматкери жана башкалар бар.

Улуттук коопсуздук кызматынын Тергөө башкармалыгынын мурдагы полковниги Нодирбек Туракулов 2018-жылы 22-январда Ташкентте кармалган. Ал камалардан бир нече күн мурун өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Сурхандарыя облусунун активдери менен жолугушкан учурунда Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгын катуу сынга алган:

"Коопсуздук кызматы өзүнүн ишин кылсын. Улуттук коопсуздук кызматы бүтүндөй Сурхандарьяны бүлүнтүп салган. Мамлекеттин бир-эки чыккынчысы бар, алар Сурхандарьяны ат оюн кылып салышкан. Булар арам саткындар. Бирөө Ташкентте жүрөт, эртең барып, аны да иштен алам".

Тергөө материалдарына ылайык, кызмат абалынан пайдаланган полковник сурхандарыялык эки фирманын, андан тышкары Ооганстандан жөнөтүлгөн автоунааларды өзүнө менчиктеп алган. Тергөө учурунда атайын кызматтын мурдагы офицеринин атасынын наамына катталган автоунаалар чыныгы ээлерине кайтарылды.

Туракулов камалгандан кийин атайын кызматты 23 жыл башкарган генерал Рустам Иноятов кызматтан кеткен. Анын ордуна Өзбекстандын башкы прокурору Ихтиёр Абдуллаев дайындалган.

Үстүбүздөгү жылы 8-февралда Ихтиёр Абдуллаев да камакка алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG