Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Дарыгерлердин даңкын саткандар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык тармактарда, Интернет айдыңында Кыргызстандагы белгилүү профессорлордун, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн сүрөтү тиркелген «арыктоочу», «эркектин бел күчүн арттыруучу», «адамдын муун ооруларын заматта айыктыруучу» деген дарылардын, кофе, чай сыяктуу каражаттардын жарнамасы көбөйдү.

«Гүлнур Сатылганова 10 күндө 25 килограммга арыктаганды сунуш кылат», «профессор-уролог Акылбек Усупбаев эркектин бел күчүн көбөйтүүчү кремдерди пайдаланууга кеңеш берет», «Сабырбек Жумабековдун муун ооруларын айыктыруучу мыкты каражаты» деген сыяктуу жарнамалар азыр Интернет айдыңында жайнайт. Бул кымбат дарылар канчалык таасирлүү? Чын эле Кыргызстандын аттуу-баштуу илимпоздору, сахна өнөрпоздору дары-дармек сунуш кылышабы?

«Кайрылбаган жерим калган жок»

Урология боюнча улуттук борбордун директору профессор Акылбек Усупбаев «Азаттыкка» кайрылып, анын атын жамынган жарнамачылар тууралуу арызданды.

Профессор анын сүрөтү тиркелген орус жана кыргыз тилдериндеги, эркектин бел күчүн арттыруучу дары-дармектер менен кремдердин жарнамасы азыр «Инстаграм», «Фейсбук» сыяктуу социалдык медиада кеңири таркап жатканына нааразы болду:

Акылбек Усупбаев.
Акылбек Усупбаев.

«Көп эле дарыга менин аты-жөнүмдү, сүрөтүмдү жабыштырып, Интернетте таркатып жатышат. Акыркы убакта «Здоров крем» дегени чыкты. Мен айтпаган каяктагы бир сөздөрдү жазып, мени «интервью берди» деп атымды сатып жарнамалагандар аябай көбөйүп кетти. Биз текшере келсек, ал фирмалар Кыргызстанда эмес болуп чыкты. Алар Орусия, Казакстан сыяктуу башка чет жактагы мамлекеттерге отуруп алып, биздин элдин башын айлантууда. Тилекке каршы, Кыргызстанда ушунун баарын көзөмөлдөгөн система жок экен».

Окумуштуу-уролог өз атын булгаган мындай жарнамаларга карата чара көрүүнү өтүнүп, Саламаттык сактоо министрлигине жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) да кайрылып, бирок анысынан майнап чыккан эмес.

Жөнөкөй эл миңдеген сомун алдатууда

Бул сыяктуу жалган жарнаманын кайырмагына өз аты-жөнүн айткысы келбеген бишкектик жигит да түшкөн. Бирок ал «эркектин бел күчүн арбытат» деген кымбат кремди сатып алардан мурда дарыгерлерге кайрылып, аны окумуштуу Усупбаев сунуш кылбаганын аныктаган.

Кийин дарыгерлерден тактасам жалган жарнама, көз боёмочулар экен.

«Жаңы эле телефон сатып алып, Интернетке туташтырып, чукулап отурсам профессор Акылбек Усупбаевдин сүрөтү менен «ушул киши сунуш кылат» деп бир кремдин жарнамасы чыгып калды. Аябай кызыктым. «Интернеттен алдырса да болот» дегенинен телефон номурумду жазып койсом, 15 мүнөткө жетпей эле эл аралык номурдан бирөө чалып «төрттү дароо алсаңыз бешинчиси бекер» деп ого бетер кызыктырды. Ошондо ар бир крем 1500 сомдон экен. Профессорду жакшы тааныйм да. Себеби бир нече ай мурда анын колунан операция болгом. Ушундан улам жарнамага ишендим. Бирок дары саткандардын кеңсесинен барып алайын деп Бишкектен таппай койдум. Кийин дарыгерлерден тактасам жалган жарнама, көз боёмочулар экен. Анан кайра-кайра телефон чала беришкенде «албайм» деп кагып салдым», - деди ал.

Жарнамачыларды табыш кыйын

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин кардарлардын укугун коргоо жана жарнамаларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Назина Алыкулова окумуштуулардын атын колдонуп, сүрөттөрү менен өз өндүрүмүн Интернеттен таркаткандарды таап, жазалоо дээрлик мүмкүн эмес деп эсептейт. Анткени жарнама берүүчүлөр көбүнчө башка өлкөдө болушат экен. Азырынча ал өзү иштеген мекемеге дары жарнамасынан жабыркаган окумуштуу же дарыгер арыз менен кайрылбаганын да кошумчалады:

«Негизи уруксат албастан бирөөнүн аты-жөнүн колдонуп кайсы бир өндүрүмдү жарнамалоо мыйзамсыз. Биз социалдык медиада, Интернетте мыйзамсыз таркап жаткан жарнамаларды карайбыз. Бирок көбүнчө алардын түпкү тегин табыш аябай кыйын. Кээде жарнама жасаган тарапты табуу мүмкүн эмес. Башка өлкөдө болушу мүмкүн. Тилекке каршы, биздин кызматтын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Биз чет жактан онлайн тараган жарнамага каршы чара көрө албайбыз. Бирок азырынча кайсы бир окумуштуудан, дарыгерден «аты-жөнүм пайдаланылды» деп бизге арыз да түшө элек. Эгер түшсө аны териштирүүгө даярбыз».

Профессор Акылбек Усупбаев Кыргызстанда дарылар чаржайыт сатылып жатканына да нааразы экенин жашырган жок. Ал бейтаптарды далилденген медициналык каражаттарды гана колдонууга чакырат. Себеби Интернетте абройлуу дарыгерлердин аты, сүрөтү менен чыккан дары-дармектердин дээрлик баары лабораториялык тестирлөөдөн өтпөгөн, адамдын саламаттыгына пайда же зыян алып келбеген гана нерселер. Профессор өлкөдө сертификаты жок ачылып, чөп чар менен менен дарылаган клиникалардан оолак турууга чакырды:

«Азыркы тапта кыргызстандык эркектердин арасында простата бези сезгенгендер абдан көп. Ушундан улам өлкөдө жеке менчик ар кандай клиникалар ачылууда. «Чөп-чар менен дарылайбыз» деген кытайлык, дагы башка лицензиясы жок жайлар ачылып, ал жакка баргандар да көбөйүп жатат. Элге айтар элем: чөп-чар ооруну айыктырбайт. Мындай далилденбеген медицинага мен таптакыр каршымын. Биздин дарыгерлерге кайрылгыла дейт элем».

Министрлик жоопкерчиликти дарыгерлерге оодарды

Элге аты таанылган дарыгерлер өлкөдөгү чаржайыт дары жарнамасын Саламаттык сактоо министрлиги да көзөмөлгө алса болмок деген пикирде.

Бирок министрликтин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева мындай кырдаалда ошол жарнамага аты аралашкан окумуштуу толук жоопкерчиликти мойнуна алып, элге маалымат бериши керек экенин айтты:

«Мен да биздин айрым урматтуу профессорлордун аты, сүрөтү менен дары эмес эле бирдемелерди жарнамалаган жазууларды Интернеттен көрүп калып, абдан ачуулангам. Тескерисинче жалпыга маалымдоо каражаттары ушундай жарнамаларды чыгарып жатпайбы. Эмнеге далилденген медицинада жок дарыларды профессорлор элге сунуш кылып жатканына таң калуудамын. Ар бир профессордун артынан чуркап, көзөмөлдөй албайбыз, биздин функция андай эмес. Эгер кайсы бир жарнамага уруксатсыз аралашып калса, ошол профессор бизге жооп бериши керек. Жоопкерчилик дал ошол окумуштууда болушу зарыл».

Азыркы тапта Интернет айдыңында тез арада арыктатуучу, муун ооруларын заматта айыктырып, эркектин бел күчүн арбытуучу жана адам организминдеги мите курттарды заматта айдап чыгат деген жарнамалардын көбүнө аттуу-баштуу профессорлордон тышкары ошол эле Саламаттык сактоо министрлигиндеги айрым жогорку кызматтагылардын да аты-жөнү колдонулуп жатат.

Айрыкча кыз-келиндер арасында «тез арыктатат» деген каражаттарды үгүттөө социалдык медиада шоу-бизнестин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн сүрөтү аркылуу жүргүзүлүүдө.

Алардын арасында белгилүү ырчы Гүлнур Сатылганова да бар. Бирок анын жеке жардамчысы Дилназ ырчынын атынан ден соолукка байланыштуу эч кандай жарнама жасалбай турганын билдирди:

«Интернеттегилердин баары калп. Гүлнур Сатылганова эч кандай кофенин, суюктуктун же дарынын жарнамасын жүргүзбөйт. Андай каражаттарды көргөн да эмес, ичкен да эмес. Ушундай жарнамалар аябай көбөйүп кетиптир. Азыр өзү Европада жүрөт. Келгенде атайын органдарга кайрылууну пландап жатабыз».

Кыргызстанда сатылып жаткан биологиялык активдүү заттарды жана ар түрдүү косметикалык дары-дармектер менен кремдерди көзөмөлдөп, алардын пайда-зыянын лабораториялык тестирлөөдөн өткөргөн бир да орган жок. Алар өлкөгө коммерциялык товар катары киргендиктен, аны саткандардын баары жеке ишкер катары дарыгердин жоопкерчилигин алып жүрбөйт жана дарылардын таасирине жооп бербейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG