Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Ош окуялары жөнүндө тасма жактырылбады


Өзбекстандык кинорежиссер жана жазуучу Абдулазиз Махмудов Кыргызстанда алгач 1990-жылы, кийин 2010-жылы болгон “Ош окуялары” жөнүндө даректүү тасма тарткан. Бирок “Өзбеккино” мамлекеттик ишканасынын эксперттер тобу 14-мартта аны жактырбай койду.

“Өтмүш менен келечек аралыгында” деп аталган даректүү тасманы өзбек кинорежиссеру Абдулазиз Махмудов өткөн жылы сегиз айда тарткан. Ага кыргызстандык жарандар катышкан.

Режиссер өзү “Азаттыктын” өзбек кызматына айтканына караганда, тасмада ал Ошто кыргыз-өзбек улуттары ортосунда эки жолу кайталанган кандуу окуялардын тарыхына кайрылып, калыстыктан тайбаганга аракет кылды.

"Негизги иш Москвада болду. Мен бул окуяларга карата үчүнчү тараптын көз карашын билгенге аракет кылдым. Эгерде өзүбүздүн өзбектер гана сүйлөсө: “Ээ, өзбектер дагы эмне демек эле, сүйлөй беришет да”, - деп ойлошмок. Ошондуктан мен саясатчылар, тарыхчылардын ойлорун кошуп, интервьюларды алдым. Жалпысынан 52 мүнөттүк тасма болду", - дейт режиссер.

Режиссер өзбекстандык көрүүчүлөргө көрсөтүү максатында фильмди “Өзбеккино” мамлекеттик ишканасынын алдындагы эксперттер тобунун сынына коет. Бирок эксперттер тасмада кемчиликтер көп экен деп жактырбай коюшту.

"Кемчиликтерине келе турган болсок, бир эксперт: “Эмне үчүн Ислам Каримовдун ролу көрсөтүлбөгөн?” десе, экинчиси: “Эмне үчүн гастарбайтерлер жөнүндө сүйлөйсүң? Өзбекстанда андай маселе жок, биз мигранттардын эсебинен жашабайбыз”, - деди. Үчүнчү эксперт: “Бул руханий баалуулуктарга, агартуучулукка туура келбейт. Бул такыр эле кино эмес. Жакшылап кайрадан иштеп келиңиз, анан көрөбүз”, - деп коюшту", - деди Махмудов.

Режиссердун ишениминде, фильмде көтөрүлгөн негизги проблема эксперттердин көңүл сыртында калды. Ал эки жолку “Ош окуяларынын” артында ким турганына кайрылганын айтат.

"Биз муну бүтүн дүйнөгө жарыяламакчыбыз. Мунун артында ким турган? Кимдер ал окуяларга себепчи болду? 1990-жылы да, кийин 2010-жылы да ал окуялардын башында Кыргызстанды жетектеп тургандар себепчи болушкан. Анан мага эксперттердин арасында: “Эмне үчүн сиз Кыргызстандын лидерлерин айыптап жатасыз? Алар жөнүндө андай айтканга кандай акыңыз бар сиздин?”, - деген суроо да болду. Тасмада 2010-жылкы жаңжалды иликтеген эл аралык комиссиянын башчысы Киммо Кильюнендин бүтүмү тууралуу да айтылган болчу. Бирок бул эксперттер: “Биз ал бүтүмдү билбейбиз, окуган эмеспиз, алар жөнүндө сиз кеңири маалымат беришиңиз керек эле”, - дешти. Булар түшүнсүн деп эки саатка созулган бүтүмдү мен кантип бир сааттык фильмге киргизмек элем?", - дейт режиссер Абдулазиз Мазмудов.

“Азаттык” бул тасманын эмне үчүн жактырылбаганын сурап, “Өзбеккино” ишканасынын директорунун орун басары жана эксперттер тобунун төрагасы Маннап Кочкоровго кайрылган. Бирок Кочкоров мырза расмий кат аркылуу гана түшкөн суроого жооп кайтараарын билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG