Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

CPJ Ташкентти блогерди бошотууга үндөдү


Нафосат Оллошукурова.
Нафосат Оллошукурова.

Эл аралык «Журналисттерди коргоо уюму» өзбекстандык блогер Нафосат Оллошукурованы бошотууга чакырууда. Ал арада жергиликтүү активисттер блогерди бошотуу тууралуу талабын социалдык тармактарда жайылтышты.

Өз блогдорунда өзбек бийлигин сындап келген журналист өткөн аптада психоневрологиялык ооруканага күчтөп жаткырылган.

Эл аралык «Журналисттерди коргоо уюму» өзбек бийлиги «бардык журналисттерге окуяларды эркин чагылдырууга» мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш деп эсептейт. Уюмдун сайтында 8-октябрда жарыяланган билдирүүдө:

«Өзбек бийлиги Нафосат Оллашукурованы токтоосуз бошотууга тийиш жана журналисттерге окуяларды эркин чагылдырууга мүмкүнчүлүк бериши зарыл. Эгер Өзбекстан реформаларга олуттуу мамиле кыларына эл аралык коомчулук ишенишин кааласа, анда журналистти психоневрологиялык ооруканага камоо сыяктуу тоталитардык жолдорго барбашы керек», деп жазылган.

Өткөн аптада Хорезм облусундагы Багат райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү «Азаттыктын» өзбек кызматына сот чечими менен Нафосат Оллашукурова облустук психоневрологиялык ооруканага жаткырылганын маалымдаган.

Ал арада социалдык тармактарда Нафосат Оллашукурованы бошотууну талап кылган акциялар башталды. Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссары баштаган бардык укук коргоочу уюмдарга багытталган кайрылууга 500дөн ашуун киши кол койду. Кайрылуунун авторлору Оллашукурованын кармалышы мыйзамсыз деп эсептешет.

Жарандык активист Дилобар Эркинзода блогер сабалганы тууралуу маалыматы бар экенин билдирди:

Дилобар Эркинзода.
Дилобар Эркинзода.

- Анын азыркы абалы эч кимге белгисиз. Психдиспансерде Нафосатты агасы гана көрүп чыкты, бирок ага да аябай аз убакыт беришкен. Нафосаттын жашы жете элек эки баласы бар. Бизге ал сабалганы тууралуу маалымат келип түштү. Анын он күнгө камалышы жана ооруканага күчтөп жаткырылышы - Хорезм бийлигинин гана эмес, Ташкентте отурган жетекчилердин да чечими.

Нафосаттын окуясы Мирзиёевдин бийлигинен берки алгачкы ушундай көрүнүш. Укук коргоочулар блогердин бардык укуктары бузулганын айтышууда. Оллашукуровага эки жолку сотто тең адвокат алууга мүмкүнчүлүк берилген эмес, ал эми анын психикалык саламаттыгы мыйзам талап кылгандай, көз каранды эмес дарыгерлер тарабынан текшерилген эмес, дешет алар.

«Фейсбукта» Шабнам Оллашукурова деген ат менен таанымал блогер «милициядан запкы жедим» деген журналист Ражабовдун жөө жүрүшүнө катышып, аны соцтармакта түз чагылдырып турган. Ташкентке ички иштер министри Пулат Бобожоновго жолугуш үчүн жөө жүрүш менен бараткан Ражабовду 23-сентябрда милиция кармаган. Аны менен кошо Оллашукурованы да алып кетип, он күндүк мөөнөткө камакка алган. Махмуд Ражабов он күндөн кийин кайра бошотулган.

Оллашукурованы «Ээнбаштык», «Күч органынын өкүлүнүн талабына баш ийүүдөн баш тартуу», «Ички иштер кызматкерине өз ишин аткаруусуна тоскоолдук кылуу», «Уруксат берилбеген митинг, чогулуш, жөө жүрүш жана демонстрация өткөрүүгө шарт түзүү» деген беренелер менен айыпташкан.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Оллашукурова камакта бир күн отургандан кийин психикалык жактан өзгөрө баштаганын маалымдап жатат.

Блогердин атасы Болтабой Оллашукуров «Азаттыктын» өзбек кызматына кызы эч качан нерв оорусу менен жабыркабаганын айтты.

Нафосат Оллашукурова «Фейсбуктагы» баракчасына коррупциялык көрүнүштөр, бийлик тарабынан үйлөрдүн мыйзамсыз сүрдүрүлүшү сыяктуу темаларды чагылдырып, бийликти сындап келген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG