Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:47

Өзбекстанда советтик социалисттик эмгектин баатыры жана эмгек сиңирген пахтачы Ахмаджан Адылов дүйнөдөн өттү. Советтик да, эгемендик да доордо узакка камалып чыккан ал кишини кол алдында иштегендерди кордогон залим, ак эмгек менен өлкөсүн өнүктүргөн ишмер деген карама-каршылыктуу пикирлер бар.

Ахмаджан Адылов Намангандын Пап районундагы үйүндө 27-сентябрда 92 жашында дүйнөдөн өттү. “Азаттыктын” өзбек кызматы күбөлөргө таянып, анын тажиясына беш миң чамалуу киши келгенин жазды.

Адыловдун биографиясы карама-каршылыктуу. Колхоздун катардагы табелчисинен Өзбек ССРи менен Советтер Союзунун бир нече жолку депутаттыгына жетет. Өзбекстандын биринчи катчысы Шараф Рашидовдун оң колу болгон. Атүгүл Леонид Брежневге да таасирин тийгизип турган делет.

Пахта теримдегилер
Пахта теримдегилер

1980-жылдары Өзбекстанда “Пахта иши” аттуу тергөө жана сот процесси бүткүл Союзга дүң болгон. Пахта өндүрүшүндө тамырлаган алдамчылык жана коррупцияга байланыштуу 800дөн ашуун кылмыш иши козголуп, Өзбекстандын саясий жетекчилери баш болгон 4 миң чамалуу киши жазага тартылат. Адылов алардын көрүнүктүүлөрүнүн сап башында турган. Дал ушул “Пахта иши” боюнча орусиялык ТВ Центр телеканалынын даректүү тасмасында ал тууралуу мындайча сүрөттөлөт:

- Адылов колхоз-совхоздордун ири бирикмеси Пап агроөнөржай комплексин башкарган. Гезиттер анын айыл чарбадагы жетишкендиктери менен пахта теримдеги эмгек рекорддорун тынбай жазып турушкан. Ал эми карапайым эл арасында ал адам бүтүндөй колхозчуларды жеке кулуна айлантканы, жактырбаган адамдарын тирүүлөй асфальттатып салганы, түрмө куруп, анда камалгандар кыйноодон жана ачкалыктан өлгөнү тууралуу төбө чачты тик тургузган сөздөр жүрчү.

Ушул эле фильмде Өзбек ССР прокурорунун мурдагы орун басары, “Пахта ишин” иликтөөгө катышкан Олег Гайданов өз аймагында Адылов жеке милициясын, сотун, түрмөсүн уюштурганын ырастайт. Бирок мындай айыптоолор четке да кагылып келет.

Советтик тергөөчүлөр "Пахта иши" боюнча миллиондогон рубль, килограммдаган алтын, зер буюмдар конфискацияланганын көрсөтүшкөн. Арасында Адыловдун үйүнөн табылды делгени да аз болгон эмес. Бирок, өзбекстандык журналист жана публицист Шараф Убайдуллоев аны жалганга чыгарат. Паптык пахтачы карапайым турмушта жашап, балдарына бапыраган байлык калтырбаганын айтат:

- Мен Ахмаджан Адыловдун үйүндө илгери, кийин да бир нече ирет болгом. Жөнөкөй эле турмуш кечирген. Анын байлыгы тууралуу кептер жалган. Бир иниси азыр Ташкентте, 18 кабаттуу үйдөгү батирде турат. Бардык балдарын жакшы билбейм. Мен билгенден Анвар деген уулу республиканын КГБсында майор болчу. Аны ошондо дароо иштен бошотушкан. Азыркыга чейин ишсиз болсо керек. Бир кызы турмушка чыгып, азыр Ташкентте жашайт.

Ошентип Адылов советтик түрмөдө 1991-жылга чейин отурат. Ошол эле жылы Өзбекстанга которулуп, эркиндикке чыккан. Президенттикке шайланар алдындагы басымдан улам Ислам Каримов анын башын азат кылууга аргасыз болгон деген да маалымат бар. Бирок эки жыл өтпөй каримовдук бийлик бекемделе баштаганда кайра камалат. Абакта жаңы жазалар кошулуп 2008-жылы гана боштондукка чыгат.

- Эл аралык ортомчулар, эң негизгиси ошол кездеги АКШнын мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт жана БУУ адам укуктары боюнча институттары Каримовго кат жазышпаганда дагы отурушу мүмкүн эле. Өз мекенине ушунча кызмат кылган, ажайып иштерди жасаган адам мекенинде түрмөдө 83 жашына чейин отурду. - дейт публицист Убайдуллоев

Ага жан тарткандар арасында башка белгилүүлөр да бар. Маселен, 1991-жылы Адыл Якубов менен Мухаммад Салихтин жетекчилиги астында өткөн өзбек жазуучуларынын курултайында Адылов бир добуштан “Улуттук баатыр” деп жарыяланат. Салих болсо каримовдук бийликтин башкы оппоненти катары белгилүү.

Ал эми белгилүү өзбек акыны Дадахон Хасанов 1992-жылы Адылов “Тимур Акыйкаттыгы” аттуу партия түзгөнүн, кайра камалууга ошол себеп болгонун укканын айтат. Бирок бул тууралуу кылмыш ишинде камтылган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG