Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин 29-майдагы жардыгына ылайык, Башкы прокуратуранын алдында коммуналдык кызматтарга карыздарды жоюу максатында Күчтөп аткартуу бюросу түзүлгөн. Бул бюронун инспекторлору ушул айдан баштап газ жана электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөндөрдөн акчаны күчтөп чогултуп жатат. "Азаттыктын" өзбек кызматынын маалымат булактарына ылайык, карызы барларга кол көтөргөн учурлар да жок эмес.
Башкы прокуратуранын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросунун инспекторлору 1-июлда тарта Ташкент шаарындагы бардык маалелерди кыдырып, электр энергиясына, газга акча төлөбөй жүргөндөрдүн эшигин каккылап жүрөт. Маале жыйындарынын биринин атын атагысы келбеген активисттин айтымында, алар үч күн ичинде бир топ акча чогултуп коюшту:
- Биздин мааледе Бюронун инспекторлору үч күн ичинде свет менен газга карызы бар тургундардан 1,5 миллион сум өндүргөнгө жетишти. Мурун биз үймө-үй кыдырып элден свет менен газга карызды төлөп койгула деп жалынып-жалбарчубуз. Бирок алар баары бир төлөшчү эмес. Бюронун кызматкерлери ошол карызы барлардын үйүнө барып, кожоюндан бересени алмайынча үйүнөн чыкпай отуруп да жатат.
Буга чейин электр энергиясы менен газга бересеси барларга эскертүү жана он күн убакыт берилери, эгер 11-июлга чейин төлөбөсө мүлкүн тартып алуу өңдүү чаралар каралганы маалымдалган. Бирок бюронун атайын форма кийинген, желим союл менен куралданган инспекторлору 10 күн күтпөй эле милдетин аткарууга киришти. Атын атагысы келбеген Ташкент шаарынын тургундарынын бири тууганынын үйүнө келген бюронун кызматкерлери тууралуу айтып берди:
- Менин Юносабад районунда жашаган жеңемдин үйүнө бюронун кызматкерлери 2-июлда келди. Баары атайын форма кийип, колдоруна желим союл көтөрүп алыптыр. Курларында дагы бир нерсе илинип жүргөн. Алардын түрү кимди болсо да чочутчудай. Бир кездери биздин көчөлөрдө "кара беткапчан" адамдар жүрөт эле. Инспекторлор ошол адамдарды эстетип жатат. Алар анан калса менменсип да жүрүшөт. Жеңемдин 180 миң сум карызы бар эле. Ал пенсиясын алганда төлөп коерун айтса инспекторлор ынаган эмес экен. Жеңем бизге чалып акча сурады. Биз акчаны жеткирип бердик.
Ташкент шаарынын Мирзо Улугбек районунун 55 жаштагы тургуну карызы барларга кол көтөргөн учурлар кездешип жатат деди:
- Коңшу маалеге бюронун инспекторлору 3-июлда эртең менен келди. Бизге алардын келиши кызык болгондуктан артынан барып эмне болорун карап турдук. Алар үйлөрдүн бирине кирип кеткенден кийин эле ал жакта кыйкырып, ызы-чуу башталды. Кийин бизге ошол үйдүн ээсин бюронун инспекторлору союл менен эки-үч жолу чаап жибергенин айтып беришти. Ал үйдө аялы да, күйөөсү да пенсионер адамдар. Келини, үч небереси менен жашайт эле. Уулу акча табуу үчүн Казакстанга иштегени кеткен. Карызы андай деле көп эмес болчу. Бюро алардын телевизорун алып кетти. Үйдүн кожоюну уулу Казакстандан акча жөнөтөрү менен төлөй турганын айтса да бюро инспекторлору күтпөй тураганын айтып көнбөй койду.
Бирок Мирзо Улугбек районунундагы маале жыйындарынын биринин төрагасы Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери жарандарга кол көтөрүп жатат деген дооматтарды четке какты:
- Биздин мааледе үч күндөн берки текшерүүдө алар эч кимди урган жок. Бирок бересеси барлар деле карызды төлөөдөн башка алардын айласы жоктугун түшүнүп калышты. Биздин мааледе бир эле үйдө жаңжал чыкты. Мени ал үйгө дароо чакырышты. Үйдүн кожоюну 236 миң сум өлчөмүндөгү карызын төлөөгө макул болуптур. Бирок кожейке төлөөдөн баш тартып жаңжал чыгарыптыр. Алардын уулу акча алып келип, карыздарын төлөп кетти.
Өткөн аптада Ташкент шаарынын башкы имамы Анвар Турсунов коммуналдык кызматтарга карызы бар тургундар ажылык сапарга чыга албасын жарыялаган болчу.
Коммуналдык кызматтарга карыздарды өндүрүү боюнча Башкы прокуратуранын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросун түзүү тууралуу жардыкка өзбек президенти ушул жылдын 29-майында кол койгон. Документке ылайык, электр энергиясы жана газга акча төлөбөй жүргөндөрдүн мүлкү конфискацияланат жана өлкөдөн чыгууга тыюу салынат.
Расмий маалыматтар боюнча, Өзбекстанда ушул тушта жарандар менен мамлекеттик ишканалардын газ менен электр энергиясына карызы беш триллион сум, башкача айтканда 1,25 миллиард долларды түзөт. Мажбурлап аткартуу бюросу бул акчаны ушул жылдын август айынын аягына чейин чогултушу керек.