Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Өзбекстан: карызың болсо ажыга барба


Өзбекстанда өкмөткө карызы барларды ажылыкка жибербөө сунушу көтөрүлдү. Түркмөнстанда жоокерлерге диний кысым көрсөткөн офицерлер сот жообуна тартылды, Казакстан диний экстремизмге каршы концепция кабыл алды. Жума ичиндеги орусиялык басылмаларда жарык көргөн макалаларга сереп.

Карызың болсо үйдө отур

EurAsia Daily басылмасы "Өзбекстанда суу, газ жана электр жарыгына акы төлөбөгөндөр ажылыкка барбайт" деп жазды. Өкмөткө коммуналдык кызматтар үчүн карызы барларга ажылыкка барууга тыюу салуу керектигин Ташкенттин башкы имамы Анвар Турсунов айтып чыккан. «1 сум карызы барларды дагы учакка отургузбаш керек» деген ал. Карыз алуу ислам дининде күнөө» деген диний аалым, зыяратчылыкка барам дегендер өкмөт алдында карызын төлөшү керек деп белгилеген. Макалада Өзбекстанда газ менен электр жарыгын колдонуучулардын карызы 1, 2 миллиард доллардан ашык экени айтылат. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын өкүлү Жасур Арипов билдирген.

РИА Новости Өзбекстанда «Жахаба күбөлөрү» диний уюмунун ишмердүүлүгү жөнүндө сүйлөшүүлөр өткөнүн баяндайт. Өзбекстандын диний маселелер комитетинин өкүлдөрү «Жахаба күбөлөрү» уюмунун жетекчилиги менен жолугушуп, жахабачылардын өлкөдө тоскоолдуксуз ишмердүүлүгүн талкууга алышкан. Буга чейин Өзбекстанда жахабачылар бир нече жолу камакка алынганы айтылат. «Жахаба күбөлөрү» бир гана Чирчик шаарында катталганы, мыйзам боюнча ошол аймакта гана чогулуштарды өткөрө алары белгиленет. Аларга өлкөдө үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Орусияда болсо бул уюм быйыл экстремисттик уюмдардын тизмесине алынган. Жалпысынан Өзбекстанда 2 миңден ашуун диний уюм катталган болсо, алардын басымдуусу мусулман уюмдары, христиандык багыттагы уюмдардын саны 157 экени макалада айтылат.

Аскердик бөлүктөгү кысым

EurAsia Daily Түркмөнстанда жоокерлерге диний кысым көрсөткөн офицерлер жоопко тартылганын жазды. Сердар шаарындагы 22- мотоаткыч дивизиясынын 12 офицери 10-15 жылга абакка кесилген. Аскердик бөлүктө тергөө иши апрелде жаш жоокер аларга диний кысым көрсөтүлүп, жаңы келгиндердин тумарларын чечтирип, кечкисин диний чогулуштарга катышууга мажбурлап жатканы жөнүндө арыз жазгандан кийин башталган.

Анда кылмыш иши “Конституциялык түзүлүшкө кол салуу”, “Кызмат абалын пайдаланып кыянаттык кылуу” сыяктуу бир нече беренелери менен козголгондугу айтылат. Тергөө ишинде аскердик бөлүктөн 70 адам камакка алынып, 12 офицер сот жообуна тартылган. Дагы бир нече аскер кызматкерлери наам жана сыйлыктарынан айрылып, катардагы жоокерлер менен түркмөн-ооган чек арасына кызмат өтөөгө жөнөтүлгөнү баяндалат.

Интерфакс "Казакстан диний экстремизмге жана декструктивдүү диний агымдарга каршы күрөшөт" деп жазды. Президент Нурсултан Назарбаев Дин маселеси боюнча концепцияны кабыл алган. Анда өлкөдө диний уюмдар менен тыгыз иштешүү, светтик мамлекет түзүлүшүн өнүктүрүү, улуттук коопсуздукка залака тийгизе турган диний агымдарга жана экстремизм менен күрөшүүгө чаралар каралган. Казакстанда 3,5 миңден ашуун диний агым бар. Өлкөдө 2,5 миң мечит, 500дөй протестанттардын, 400дөй православдык жана католиктердин чиркөөсү катталгандыгы айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG