Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Каримова каткан акчасын кайтарат


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Экс-президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнаранын Швейцарияда табылган акчасынын бир бөлүгү Өзбекстанга кайтарылат.

24-июнда Швейцариянын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовага козголгон кылмыш иштин жүрүшүндө камакка алынган 130 миллион франк (133 миллион доллар) Өзбекстанга кайтарыларын маалымдады.

«Алты жылга уланган оор кылмыштык иликтөөнүн жыйынтыгында Швейцариянын Башкы прокуратурасы өзбек рыногуна чыгууну көздөгөн чет өлкөлүк компаниялардан мыйзамсыз акча өндүрүлүп, каражаттын бир бөлүгү Швейцария аркылуу чыгарылганын аныктады. Камакка алынган 130 миллион франк Өзбекстанга кайтарылат»​ деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында.

Швейцариянын Федералдык соту 8-майда Гүлнара Каримованын жакын тууганына карата өкүм чыгарган. Соттолгон адам 2004-2013-жылдардын аралыгында каражаттын тегин, багытын жашыруу аракетинде ар кандай ишканалардын атынан банк эсептерин ачып, акча которууларды бөлүштүрүп катканы аныкталган. Каражаттын чыныгы ээсин жашыруу үчүн банк кагаздарына жасалма кол коюлганы тастыкталган.

Каримова миллиондорунан баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:29 0:00

Швейцариянын соту Каримованын тууганын 390 миң франк айып төлөөгө милдеттендирген. Андан тышкары 130 миллион франкты Өзбекстанга кайтаруу үчүн камакка алынган. Каримованын тууганы учурда Өзбекстанда камакта, сот өкүмү ага сыртынан чыгарылган.

Бул Швейцариянын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын жеке жардамчысы жана орусиялык телекоммуникациялык компаниянын Өзбекстандагы филиалынын директоруна карата 2012-жылы козголгон "акча изин жашыруу", "документтерди жасоо" кылмыш иштери боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн бир бөлүгү. Кийин бул кылмыштар боюнча Каримованын дагы эки кызматкерине айып тагылган.

Женевада БУУдагы дипломатиялык ишмердиги аяктаганда Каримова өзүнө да айып тагылган. Анда анын банк эсебинен 800 миллион франк (784 миллион доллардай) камакка алынган. Швейцариядагы иликтөө АКШ, Нидерланды жана Швецияда да бир катар кылмыш иштерин ачууга түрткү болгон. Учурда кылмыш иши уланууда - беш адам тергөө алдында, 650 миллион франк камакта.

Швейцариянын Башкы прокуратурасы таркаткан билдирүүдө Өзбекстанга каражат кандай шартта которулары, ошондой эле акчанын калган бөлүгү тууралуу айтылган эмес.

Буга чейин Ташкент облусундагы Заңги-Ата районунда №21 аялдар абагында жаза өтөп жаткан Гүлнара Каримова чет өлкөлүк банктардагы 686 миллион доллардан баш тартууга даяр экенин билдирген. Атасынын көзү өткөндөн кийин мамлекет башына келген Шавкат Мирзиеёвди гумандуулукка чакырып, Лондондогу үйүнө балдарына кетүүнү суранган.

Алты жылдан бери биринчи жолу үн каткан 46 жаштагы Каримованын кайрылуусун кызы Иман “Инстаграмга” жарыялаган. ​

"Мен протокол үчүн билдирип коёюн, буга чейин Өзбекстанда мурда менин эсебимде турган 1,2 миллиард доллар жеке менчигимден чыгып, өкмөттүк бюджеттин кирешесине өттү. Муну жергиликтүү органдардын бир нече иликтөөлөрү тастыктайт» деген Каримова кайрылуусунда.

Гүлнаранын швейцариялык адвокаты Грегуар Манже «Каримованын ден соолугу начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын» "Твиттерге" жазган.

Каримованын кайрылуусунан кийин Өзбекстандын акыйкатчысы Улугбек Мухаммадиев июнда Заңги-Атадагы түрмөгө барып келгенин айтып, Гүлнара Каримованын абалын “канааттандырарлык” деп баалаган. Омбудсмендин айтымында, ага туура тамак-аш жана медициналык жардам берилүүдө.

2017-жылы декабрда Каримова Өзбекстанда 53 миллион доллар каржылык кылмышка шектелип, 10 жылга кесилген. Кийин сот өкүмү жеңилдетилип, беш жылга үй камагында алынган. Бирок жаза өтөөнүн шартын бузду деп, кайра түрмөгө которулган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG