Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

Өзбек өкмөтүндөгү өзгөрүүлөр


Жаңы президент Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы, 14-декабрь.
Жаңы президент Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы, 14-декабрь.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев менен премьер-министр Абдулла Арипов кызматка расмий киришери менен өзбек өкмөтүндө өзгөрүүлөр болду.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, премьер-министрдин биринчи орун басарлыгына кезинде “Өзбек темир жолун” башкарып келген Ачилбай Раматов дайындалды.

Финансы министрлигин экономика министринин орун басары болуп иштеген Батыр Ходжаев жетектемей болду.

Бул эки кызматты мурдагы президент Ислам Каримовдун мураскору болот деп айтылып келген Рустам Азимов ээлеп турган. Каримовго жакын бул саясатчы кайсы ишке дайындалары азырынча белгисиз. Өкмөттөгү айрым булактар Азимов премьер-министрдин кадыресе орун басары кызматын сактап калышы мүмкүндүгүн билдиришти.

Өзбек өкмөтүнө жарыяланган дайындоолор
Өзбек өкмөтүнө жарыяланган дайындоолор

Мындан тышкары вице-премьер-министр Адхам Икрамов Саламаттык сактоо министрлигинин башына келди. Ошондой эле Ташкент, Сырдарыя облусунун акимдери да алмашты. Өкмөттүк порталда болсо министрлер кабинети тууралуу маалыматтар жаңыланары эскертилди.

Өзбекстандагы бул кадрдык дайындоолордун өзгөчөлүгү эмнеде? “Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисти Сирожиддин Ислом мурдагы президенттин учурунда иштен айдалып, же кылмыш иши ачылгандар кайра кызматка келип жатканын айтып, буга Абдулла Ариповдун премьер-министр болушун мисал келтирди.

- Шавкат Мирзиёев өзү иштеше алган жана өзүнө берилген команданы түзгүсү келип жатат. Ал премьер-министр катары 13 жыл иштеген. Анын тажрыйбасын эске алганда ал өзү иштеше алган адистерди жакшы билсе керек. Деген менен жаңы дайындалган жетекчилердин көбү кезинде Каримов жумуштаган айдап жиберген же кылмыш ишин ачкан, же соттолгон эски саясатчылар. Бул командадан жаңы жүздөрдү көрө алган жокмун.

Рустам Азимов
Рустам Азимов

Өзбек эли өлкөнү 27 жыл башкарган Ислам Каримов көз жумгандан кийин 4-декабрда биринчи жолу жаңы президентти шайлады. Анда 59 жаштагы Шавкат Мирзиёев добуштардын 88 пайыздан ашыгын топтогон.

Шайлоодон көп өтпөй Мирзиёев 27 өлкөгө виза режимин жойгон жарлыкка кол койду. Ошондой эле губернатор, мэрлерди түз шайлоону сунуштады.

Шайлоонун алдына дээрлик чейрек кылымдай түрмөдө отурган саясатчылар бошотулду. Бирок бозгундагы өзбек оппозициясынын өкүлдөрү жана укук коргоочулары өлкөдө олуттуу жылыштар болорунан күмөн санап турушат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG