Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Ташкент: ВИЧке кан тапшырууну сурак коштоодо


Лаборатория
Лаборатория

Өзбекстанда СПИДге карата массалык текшерүү башталды. Өзгөчө чет өлкөдө иштеп келген мигранттар мажбур түрдө медициналык көзөмөлдөн өткөрүлүүдө.

17 жаштан жогоркулар жөн эле байкоодон өтпөй, атайын суракка да алынууда. Жергиликтүүлөр нааразы болгон менен бийликтер муну ВИЧтин алдын алуу аракети катары түшүндүрүүдө.

Өзбекстандык тургундарды ВИЧ жана СПИДге карата массалык текшерүү Ташкент облусунун Заңги-Ата районунан башталды. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына жергиликтүү тургундар кабарлагандай, акция мажбур түрдө орун алууда. Текшерүүдөн өтүү үчүн ар бир жаран алгач милиция участкасына маектешүүгө жана суракка кирип чыгышы керек.

6-июлда медициналык текшерүүдөн өткөн Заңги-Ата районунун жашоочуларынын бири, укук коргоо органдарынын кызматкерлери негизинен чет жакта иштеп келген жарандарга басым жасап атканын айтып берди:

- Алар менден Казакстанга эмнеге чыктың, кайсы күнү, саат канчада чыктың, кимдер менен жолуктуң, качан кайтып келдиң деген суроолорду берди. Болгонун айтып берсем, кимдер менен интимдик мамиледе болдуң, кимдер менен жүрдүң деп такып сурашты. Анан кулчулукка кабылбадыңбы, диний экстремизмге тушукпадыңбы деп суракка алышты.

Атын атагысы келбеген маектештин айтымында, милициялар жашоочулардан түшүнүк кат жаздырып алгандан кийин гана, эмканага жолдомо берүүдө:

- Кыскасы, мааледегилердин бирин калтырбай милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүүгө мажбурлоодо. Заңги-Атанын 17 жаштан 50 жашка чейинки ар бир тургунунан кан алып атышат. Кыз-келиндер, эркектер, кары кемпир-чалдар, бүт барып текшерилүүдө.

Занги-Ата районунун бийликтери соңку аракетин жергиликтүү жашоочулар арасында ВИЧ-инфекциясын жуктургандар көбөйүп кеткени менен байланыштырууда. Буга катар алар райондо канча киши аталган дарт менен катталганын кабарлашкан жок.

Занги-Атадагы «Келес» бейтапканасынын кызматкери, атын атагысы келбеген мээрман айымы буларга токтолду:

- Бизге келген тургундарды бир сыйра карап, анан шектүү чыкса, райондун борбору Эшангузарга жөнөтүп жатабыз. Соңку мезгилде Казакстанда иштеп келген мигранттардан ВИЧ инфекциясы көп катталып жатат. Жалпы район боюнча менде маалымат жок. Бирок кыштактарда, шаарда жашаган ар бир адам сөзсүз түрдө текшерүүдөн өтүшү керек деген буйрук келгени чын. Баарын текшерүүгө албасак болбойт.

1-июнда Ташкенттеги атайын жыйында да жогорку бийликтеги аткаминерлер да ВИЧ/СПИДдин өлкөдө тездик менен кулач жайышына кабатырлыгын билдиришкен. Ошол себептүү облустун бүт аймактарында жарандарды милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү планы ишке кирген.

Республикалык руханият борборунун жетекчиси Кахрамон Куронбоевдин айтымында, Орусиядан жана Казакстандан келип жаткан мигранттардын арасында ВИЧ чыгып атканы ошол жыйында белгиленген:

- Бул жакта аялдарын, үй-бүлөсүн таштап коюп, Орусияга, Казакстанга кеткен күйөөлөрү ал жакта эмне менен алек болуп атканы белгисиз. Орус менен казакка мандикер болуп кеткен мигранттар, ал жакта ар кимден ВИЧ жуктуруп, бул жакка келгенде аялына, башка кыз-келиндерге жуктуруп жатат. Учурда өлкөдө 2 миңдей жаш бала СПИД жуктуруп алганы маалым болду. Он жыл мурда райондо СПИД менен ооруган бир эле адам болсо, азыр бир эле райондо жүз адам ВИЧ-инфекциясын алып жүргөнү такталды, - деди өзбек аткаминери.

2008-жылдан бери Өзбекстанда чет жактан келген жарандарды жана мигранттарды сөзсүз түрдө текшерүү тартиби киргизилген. Бирок жайкын тургундар арасында массалык медициналык кароону милдеттүү түрдө өткөрүү биринчи жолу катталып отурат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG