Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Католиктердин башчысы тандалууда


Католик кардиналдары шайлоо алдындагы диний жөрөлгө учурунда. 12-март, 2013-жыл.
Католик кардиналдары шайлоо алдындагы диний жөрөлгө учурунда. 12-март, 2013-жыл.

Ватиканда бүгүн дүйнө католиктеринин жаңы лидерин шайлоо жараяны башталды. Жашыруун добуш берүү аркылуу тактыга келүүчү диниятчы Рим-католик чиркөөсүнүн тарыхындагы 266-Папа болот.

Эреже боюнча Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы католик кардиналдарынын конклав деп аталган жыйынында шайланат. Шайлоого дүйнөнүн 48 өлкөсүнөн 115 кардинал чогулду. Алардын 61и Европадан, 19у Латын Америкадан. Түндүк Америка, Азия, Африканын кардиналдар саны 15ке жетпейт.

Бир нече күнгө чейин созулуп кетиши мүмкүн болгон шайлоо учурунда кардиналдар Ватикандын Сикстин ибадатканасынан сыртка чыга алышпайт.

Шайлоодо жеңүү үчүн кеминде 77 кардиналдын добушу талап кылынат.

Илгертеден салт болуп калгандай, добуш берүүнүн жүрүшү же анын баштапкы жыйынтыктары коомчулукка шайлоо бюлеттендерин өрттөө жолу менен маалымдалып турат. Эгер капеланын чатырындагы мордон ак түтүн чыкса, бул - Папа шайланганынын белгиси. Кокус кара түтүн чыкса, бул - жеңүүчү али аныктала электиги.

Папанын тактысын ээлөө үчүн, кабарларга караганда, бир нече диниятчы талаптанып жатат. Алардын арасынан шайланууга мүмкүнчүлүгү жогорулар катары италиялык Анжело Скола менен бразилиялык Одилио Шерердин ысымдары аталууда. 71 жаштагы Анжело Скола Милан шаарынын архиепискобу, Италиянын таасирлүү диниятчыларынын бири деп саналат.

Ал эми бразилиялык епископ Одилио Шерер 63 жашта. Ал дүйнө католиктеринин 43% жашаган Латын Америка чөлкөмүнүн башкы талапкери болчудай:

- Биз азыр баарыбыз бет келип турган нерсе – карым-катыш үчүн жаңы шарт жаралып жана маданий көз-карашты билдирүүнүн бардык формалары кеңири тараган учурда абдан тездик менен жайылып жаткан маданияттын кесепеттери жакындашканы. Бул - биз азыр туш келип турган көйгөй.

Одилио Шерер жакында маегинде Папаны шайлоодо география башкы фактор болбошу керектигин да белгилеген:

- Эң башкысы - Папа кайсыл жерден келгендиги, тек-жайы тигиндей же мындай экендиги эмес. Тескерисинче, ал чиркөөнү өз тарыхынын азыркы учурунда жетектеп кеткидей инсан болуш керек.

Одилио Шерер эгер шайланып калса, акыркы 1300 жылдагы алгачкы европалык эмес Папа болот.

Бенедикт XVI
Бенедикт XVI
Рим-католик чиркөөсүнүн жаңы лидерин шайлоо маселеси күн тартибине мурдагы Папа Бенедикт XVI өткөн айда тактыдан капыстан эле баш тарткандан кийин чыкты.

Бир миллиард эки жүз миллион адамдын башын кошкон чиркөөнү сегиз жыл башкарган Бенедикт XVI акыркы 600 жыл ичинде тактыдан өз эрки менен баш тарткан алгачкы понтифик болду.

International Herald Tribune басылмасы жаңы Папаны шайлоого арналган макаласында, Рим-католик чиркөөсүнүн көңүл бурууну талап кылган көйгөйлүү маселелери катары анын бедели мурдагыдан төмөндөгөнүн, ишинде ачык-айкындык аздыгын, чиркөө ичинде интрига көптүгүн, сексуалдык укук бузуулар менен байланышкан жаңжалдарды атады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG