Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:20

Венесуэлада Гуайдону камоого жол ачылды


Хуан Гуайдо.

Венесуэлада бийлик менен оппозициянын күрөшү кезектеги баскычка чыкты.

Президент Николас Мадурону колдогон Конституциялык ассамблея оппозиция басымдуулук кылган Улуттук Ассамблеянын спикери Хуан Гуайдону кол тийбестиктен ажыратканын жарыялады. Бул аны камакка алууга жол ачууда.

«Улуттук Ассамблеянын мыйзам чыгаруучусу, жаран Хуан Херардо Антонио Гуайдо Маркеске карата соттук териштирүүнү улантууга уруксат берүү», - деп Конституциялык ассамблеянын төрагасы Диосдадо Кабелло чечимди окуду. Муну делегаттар бир добуштан колдоду.

Аталган орган эки жыл мурда өлкө парламентине альтернатива болуш үчүн түзүлгөн жана мыйзам чыгаруучулардын ыйгарым укуктарын талашып келет. Бардык делегаттары президент Николас Мадурону жакташат.

Диосдадо Кабелло жана Николас Мадуро.
Диосдадо Кабелло жана Николас Мадуро.

Гуайдону кол тийбестиктен ажыратууну алардан Жогорку сот өтүнгөн. Эми Жогорку сот буга чейин козголгон кылмыш иштеринин негизинде Хуан Гуайдону камакка алышына жол ачылды.

Хуан Гуайдо - оппозиция басымдуулук кылган өлкө парламенти Улуттук Ассамблеянын спикери. Январдын аягында ал өзүн президент деп жарыялаган. Оппозиционер акыркы чечимдер аларды токтото албасын билдирүүдө:

«Режим өлкөнү түгөтүп эле бүтпөстөн биздин жүрөгүбүздөгү жарыкты да өчүргүсү келет. Режимдин көздөгөнү ушул. Алар мага, азыр абакта отурган менин тилектештериме, депутаттарга чабуул коюу менен Венесуэладагы өзгөрүүгө карай үмүткө бут тоскусу келишет. Венесуэланын кайраты бекем. Бул мындан ары жеке өзүңдүн жашооң үчүн эле эмес, Венесуэланын эрки үчүн күрөш».

Конституциялык адвокат Хосе Висенте Аро Гуайдону кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө чечимди «конституциялык алдамчылык» деп баалады. Баш мыйзамга ылайык депутатты кол тийбестиктен парламент ажыратат.

Хуан Гуайдону колдоп чыккандар. Каракас, 8-март, 2019-жыл.
Хуан Гуайдону колдоп чыккандар. Каракас, 8-март, 2019-жыл.

«Ал жерде «өзүн коргош үчүн депутат атайын угуу өткөрөт» деген да эреже бар. Бул укуктук процедура да бузулду» дейт адвокат.

Латын Америкасындагы бул өлкө бир нече жылдан бери оор экономикалык, социалдык кризисте. Саясий кризис январдын аягында Гуайдо өзүн президент деп жарыялап, өлкөдө кош бийлик түзүлгөндө кескин курчуп кеткен. Гуайдону Латын Америкасындагы жана Батыштагы бир катар өлкөлөр, эң негизгиси - Венесуэладагы калың эл колдоп жатат.

Ал эми Мадурону Орусия, Кытай, Куба жана Венесуэланын мамлекеттик органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилиги кубаттоодо.

Орусия бийлиги Мадуронун негизги колдоочуларынын бири.
Орусия бийлиги Мадуронун негизги колдоочуларынын бири.

Марттын аягында өлкөнүн башкы көзөмөл органы Гуайдону коррупцияга байланыштуу айыптап, ал спикерликтен кетирилгенин, анын 15 жыл бою шайланма кызматта иштешине тыюу салынганын жарыялаган.

Жогорку сот Гуайдонун өлкөдөн чыгышына тыюу салып, банк эсептерин жапкан. Мадуронун өзүн да, сөз болуп жаткан органдарды да легитимсиз деп эсептеген оппозиция лидери бир да чектөөгө баш ийбей келет.

Гуайдо 6-апрелден тартып «Эркиндик» деп аталган операциясын баштай турганын жарыялаган. Ал өлкөнүн ар бир аймагында жанаша түзүмдөрдү уюштуруп, Мадуронун бийлигин кулатууну тездетүүнү көздөйт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG