Венесуэлада саясий кризис курчуп, кош бийлик өкүм сүрүп жатканына эки айга аяк басты. Оппозицияны жана президентти колдогон акциялар ушул дем алышта да уланды.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро министрлер кабинетин түп-тамырынан бери жаңылаш үчүн өкмөткө кызматтан кетүүнү сунуш кылды. Ал муну өлкөнү бардык коркунучтардан коргоо максаты менен түшүндүргөн. Бул тууралуу вице-президент Делси Родригес «Твиттерге» жазды. Ал эми президент Николас Мадуро өкмөттүн кызматтан кетиши боюнча өзү ачык пикирин айтып чыга элек.
Дем алыш күндөрү Венесуэлада президент Николас Мадурону колдогондор да, өзүн президент деп жарыялаган оппозиция лидери Хуан Гуайдонун жактоочулары да жүрүштөрдү өткөрүштү.
«Биз бул жерге кутумчулардын жана террорчулардын биздин байлыгыбызды басып алышына жол бербеш үчүн келдик. Биз бул жерде 2018-жылдын 20-майында шайланган жумуриятыбыздын чыныгы президенти Николас Мадурону колдоп жатабыз. Өлкөдө андан башка президент жок», - деди мамлекеттик кызматкер Аристидес Манейро.
Венесуэлада массалык акциялар быйыл январь айында Мадуро экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенде башталган. 23-январда парламенттин төрагасы өзүн убактылуу президент деп жарыялап, адилет шайлоо өткөрүүнү талап кылган. Гуайдону АКШ, Латын Америкасынын көптөгөн мамлекеттери жана Европа Биримдигинин басымдуу мүчөлөрү колдогон. Ал эми азыркы президент Николас Мадурону Орусия, Кытай, Куба жана Мексика сүрөп келатат.
Өткөн жумада Хуан Гуайдо президент Мадурону кызматтан кетирүүдө элдин колдоосуна ээ болуш үчүн өлкөнү кыдыра баштады. Анын сапары жакында борбор шаар Каракаста ири каршылык акциясы менен аякташы керек. Анда оппозиция лидери Мадуродон бийликти элге кайтарып берүүнү жана президенттик сарайды бошотууну талап кылмакчы.
«Бизди бүт дүйнө колдоп жатат. Венесуэла жалгыз эмес. Бул жерде мусапыр Мирафлоресте – президенттик сарайда отурган адам. Ал уурдалган дарбазалар жана президенттик сарай адамды президент кылат деп эсептейт. Жок, адамды элдин колдоосу президент кылат. Ал кишиде болсо андай нерсе жок. Биз билебиз, Венесуэладагы башка адамдардай эле Куралдуу күчтөрдүн 80 пайызы өзгөрүүнү каалайт. Эгер сиздердин армияда досуңуздар болсо, анда сүйлөшүп көрүңүздөр. Биз азаттык жолундабыз», - деди Хуан Гуайдо.
Венесуэла саясий жана экономикалык кризисти баштан кечирүүдө. 2018-жылы инфляция бир миллион пайыздан ашып, азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиз болуп жатат. Ачарчылыктан кутулуу максатында 3 млн. жаран жакынкы чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду. Өткөн жумада электр станциясындагы авариядан улам өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө электр энергиясы болгон жок.
Венесуэладагы «Meganálisis» уюмунун 17-мартта жарыялаган социологиялык сурамжылоосунда элдин дээрлик 89 пайызы президент жана өкмөт кызматтан кетиши керек деген пикирлерин билдирген.