Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Венесуэлада абактагы тополоңдо 60тай адам өлдү


Полиция менен кагылышуу учурунда жаракат алгандар да болду. 28-март, 2018-жыл
Полиция менен кагылышуу учурунда жаракат алгандар да болду. 28-март, 2018-жыл

Венесуэланын Валенсия шаарындагы түрмөдөгү өрттүн кесепетинен 68 адам өлдү. Бирок бул тууралуу бир күндөн кийин гана айтылды. Ага чейин абактагы жакындарынын абалынан кабатыр тургундар тартип сакчылары менен кагылышты.

Шаршемби. Жергиликтүүлөр полициянын катарын жарып өтүп, абакка кирүүгө аракеттеништи. Тартип сакчылары жаш агызчу газ колдонуп, аларды улам артка сүрүп жатты.

​Эл абактагы өрттө жакыны кандай күнгө калганын билбей, бейпайга түшүүдө. Көбү аялдар. Кээ бири бала көтөрүп жүрөт. Алар түрмөдөгү туугандары тууралуу маалыматты жашырып жатат деп бийликти күнөөлөп жатышты.

Темир тор артындагы жакындарынан кабар алалбай муңга баткандар. 28-март, 2018-жыл
Темир тор артындагы жакындарынан кабар алалбай муңга баткандар. 28-март, 2018-жыл

Валенсиялык Кармен Калдера аттуу аял уулунун абалын билбей ыйламсырап жүрдү:

- Алар мага эч нерсе айтышкан жок. Балам кандай күндө калганын билгим келет. Такыр кабарым жок. Билбей жатам. Бизге маалымат керек. Караңызчы, кандай гана мусаапыр болуп турабыз.

Башка бир бийкеч Исетт Гонсалес болсо кайратын жоготподу. Топтошкон элдин алдында туруп бийликке суроолорду жаадырды:

- Таңкы жетиден бери байкемден кабар жок. Ошон үчүн бул жакка келдим. Өлгөндөр, күйүп, башка да жараат алгандар көп деп жатышат. Жараат алгандардын баарын алып кетишти. Бул жердеги элдин жакындары кайда? Ооруканадабы? Дагы каерде? Биз эч нерсе билбей жатабыз!

28-мартта борбор Каракастан 165 чакырым батышта, Кариб деңизинин боюндагы Карабобо абагындагылар козголоң чыгарган. Камактагылар төшөнчүлөрдү өрттөп, ал ээ-жаа бербей от алганын жергиликтүү медиа кабарлады.

Бирок бийлик абактагылардын абалын бир сутка бою билдирбей, жашырып турду.

Полиция элди абакка жакындаткан жок. 28-март, 2018-жыл
Полиция элди абакка жакындаткан жок. 28-март, 2018-жыл

Элдин басымынан кийин гана эртеси, бейшембиде баш прокурор Тарек Уильям Сааб алдын ала маалыматка караганда, өрт 68 адамдын өмүрүн алганын маалымдады. Анын экөө абактагы жакынын көргөнү келген аялдар болуп чыкты.

- Венесуэлалык үй-бүлөлөрдүн көз жашын төккөн оор окуянын чын-төгүнүн билиш үчүн дыкат иликтөөгө кепилдик берем, - деп баш прокурор "Твиттерге" жазды.

Өрткө себеп болгон козголоң эмнеден улам чыкканы белгисиз. Венесуэла абактарындагы адам өмүрлөрүн алган мындай окуялар сейрек эмес. Өткөн жылы Амазонас штатында өкмөттүк комиссиянын текшерүүсү учурунда да козголоң чыгып, жазасын өтөп жаткандардын 37си өлгөн. 14 аткаминер жараат алган.

Венесуэла көптөн бери саясий кризисте. 2017-жылдын 20-майындагы оппозиция тарапташтары менен бийликтин кагылышы
Венесуэла көптөн бери саясий кризисте. 2017-жылдын 20-майындагы оппозиция тарапташтары менен бийликтин кагылышы

Укук коргоочулар криминалдык топтор түрмөлөрдү көзөмөлдөрүн, абакта атма куралдары, жада калса гранаталары бар экенин айтып, көптөн бери коңгуроо кагып келет. Алар абактагыларды тыя албай келет деп бийликти айыпташат. Латын Америкасындагы бул өлкө мунайга бай болгону менен көптөн бери экономикалык жана саясий оор кризистен чыга албай келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG