Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Мамлекеттин жүзү айылдан башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл өкмөттөрдү өнүктүрүү жана алардын башчыларынын ишмердүүлүгү жөнүндө сөз.

Өнүгүүгө үндөшпөгөн мурдагы мыйзам

Кыргыз мамлекетинин пайдубалы, элге эң жакын турган бийлик башаты болуп саналган 453 айыл аймагындагы башкаруу тизгинин алардын башчыларына ким жана кандай жол менен берилгени кеч болсо да олуттуу талкууланып жатканы колдоого арзыйт. Ырас, айыл башчыларын жараксыз мыйзам боюнча жергиликтүү саналуу гана депутаттар тандап, шайлап коюшкан. Кандай критерийлер, принциптер, жоопкерчилик менен кантип шайлашканын ошол саналуу депутаттардан бөлөк эч ким билбесе керек. Жогорку бийлик органдары ойлонулбай чала иштелип чыккан мурдагы мыйзамдын «көөлөрү» менен иши болбой калган. Башкача айтканда айыл аймак башчыларын шайлоо жөнүндө кабыл алынган ушул мыйзамга жөлөнүп алышкан болчу.

Мамлекеттин уюткусу болуп саналган айыл аймактарды натыйжалуу башкарууга, ар тараптан өнүктүрүп, өзүн-өзү каржылай ала турган кирешелүү деңгээлге жеткирүүгө, эч бир пайдасы жок көөнө мыйзамды кайра иштеп чыгууга алар башын ооруткан эмес. Дал ушул жоопкерсиздиктин жана кайдыгерликтин айынан 453 айыл өкмөттүн 70-80 пайызга жакыны ушу кезге чейин дотациядан чыга албай, экономикалык, социалдык, маданий жана идеологиялык жактан өркүндөй албай келатканы баарыбызга маалым болду. Өлкөнүн өнүгүшүнө үндөшпөгөн, бир эле учурда «газды да, тормозду да тепкен» чийки мыйзам тууралуу жеке пикирим ушундай.

«Жоокер уктай берет, кызмат өтө берет»

Айыл аймактын башчысы астейдил тандалбаса, бийлиги күчөтүлбөсө, экономикалык бедели алсырай берсе мамлекеттин бедели да алсырай берери анык.

Республиканын дээрлик бардык айыл аймактарын кыдырып карасаңыз, мамлекеттин менчигиндеги жолдордун жээктеринде тээ союз доорунда курулган тротуарлар тытылып бүткөнүн, үйлөрдөн чоң жолго чейин чөп-чар өсүп, малдын кыгы, шагыл, таш, отун жана башка нерселер жылдар бою төгүлүп-чачылып жатканын көрөсүз. Жолдон үйгө чейинки мамлекеттик жер эч кимге кереги жоктой «жетимсиреп», кароосуз калганына күбө болосуз. Демек, айыл өкмөт башчысынын муну менен иши жок, («жоокер уктай берет, кызматы жүрө берет...»). Бийлигин пайдаланып, жок дегенде үй ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүүгө, айылдын тазалыгын, маданиятын жакшыртууга башын ооруткандары чанда кезигет.

Айылды жашылдандыруу, көчөт, гүл өстүрүү сыяктуу иштер көптөгөн айыл өкмөттөрдө унутулган десе да болот. 40-50 жыл илгери келечектин камын жеген инсандар отургузуп өстүргөн дарактар «берешендик» менен отунга сатылып, четинен кыйылып, натыйжада айыл аймактардын талаалары күн өткөн сайын жылаңачтанууда. Кыйылган дарактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу айыл адамдарынын да, алардын башчысынын да түшүнө кирбегени - жан кейиткен кайдыгерлик, кечирилгис күнөө. Эгер кыйылган дарактын жанына жаңы көчөт отургузуп өстүрүү милдети мыйзамга айланбаса, дагы 5-10 жылдан кийин көптөгөн айыл аймактардын талааларында саябандап отура турган дарак калбай калары талашсыз.

Көптөгөн айыл аймактарда илгерки аялдамаларды, эшик-терезелери талкаланган маданият үйлөрү менен клубдарды жолбун иттер, аракечтер түнөк кылып жүрүшкөнүн көп жылдардан бери көрүп-билип жүрөбүз. Бул имараттардын баарын калыбына келтирүүгө албеттте, бүгүнкү күндө мамлекеттин да, айыл өкмөттөрдүн да чама-чаркы жетпейт. Бирок, айыл өкмөт башчысынын жүрөгүндө оту, жигердүү демилгеси, эл-журтка кызмат кылайын деген ак ниети болсо эл аралык уюмдарга, фонддорго, демөөрчүлөргө мыкты долбоорлорду жазып, колунда бар жашоочулардын көңүлүн таап дегендей бул маданий маанилүү очоктордун отун алоолонтуп коймок. Ал эми эгер ошол имараттарды «саткыла» деген буйрук түшсө, анда ошо ар кайсыны шылтоологон жана пайданы гана күтүп жүргөн башчылар өздөрү аларды текейден арзан баада дароо эле сатып иймек же сатып алып, жеке өзүнүн пайдасы үчүн гүлдөтүп жибермек.

Жергиликтүү эл тарабынан шайланган, ага чейин мамлекеттин тийиштүү органдары тарабынан жактырылган айыл өкмөт башчылары бул сыяктуу маселелерге жоопкерчилик менен сергек мамиле кылары айдан ачык. Андай адамдар айылда жашоонун эрежелерин ишке киргизип, тургундардан Мекенге, айыл аймакка күйүп жашоону, жоопкерчиликти талап кылмак. Ар бир айылга, көчөгө, топко өзү сыяктуу жүрөгүндө оту бар демилгелүү адамдарды башчы кылып коймок. Мезгил-мезгили менен жалпы элдик ишембиликтерди уюштуруп тазалыкка, иреттүүлүккө, маданияттуулукка көзөмөлдү күчөтмөк. Бул иш-чаралар мурдагыдай кагазда жазылган бойдон калмак эмес. Көчө бойлоруна, аянтчаларга кызыл-тазыл гүлдөрдү, түркүн дарактарды өстүрүүнү, короо-жайларды маал-маалы менен актап-сырдоону тургундардан талап кылмак, талаптарды аткарбагандар менен мыйзамдарга баш ийбегендерди мыйзам чегинде тартипке чакырмак. «Мыкты айыл», «Мыкты көчө», «Үлгүлүү үй» сынактарын жарыяламак. Айылдар, мектептер арасында ыр кеселерди уюштуруп, жашоонун ар бир күнүн майрамга айландырмак, айылдык китепканалардын, клубдардын, маданият үйлөрүнүн иштерин мамлекеттик саясаттын талабына ылайык жандандырмак. Тилекке каршы, буга чейин мындай иштерге айыл өкмөттөрдүн басымдуу бөлүгү анча көңүл бурган эмес десек жаңылыштык болбостур.

Идеологиялык саясий сенектик

Дагы бир олуттуу маселе– бул төбөсүндө мамлекеттин желеги желбиреген айыл өкмөттөрдүн көпчүлүгүнүн имараттарынын ичи-тышынын, короосунун көрүнүшү талапка жооп бербей турганы. Мамлекеттик бийликтин баштапкы ячейкасынын имаратынын ичи-тышы жаркырап, короосу гүлдөп, маданияттуулуктун, иреттүүлүктүн үлгүсү болуп, мамлекеттик саясатты ишенимдүү жүргүзүүчү катары көрүнүп турушу абзел.

Тилекке каршы, айыл өкмөттөрүнүн көпчүлүгүнүн имараттарына салыштырганда айылдарда курулуп калган жана улам курулуп жаткан айрым мечиттердин имараттары жакшыраак көрүнөт. Саясий-идеологиялык көз караш менен талдап айтканда бул саясий сенектик, дүйнөбий мамлекеттин саясатынын, улуттук идеологиясынын диний идеологиядан артта калгандыгы деп айтса болчудай. Абал ушундай нукта улана берсе, мамлекеттин улуттук идеологиясы бара-бара диний-саясий идеологияга багынып берерине толук шарт түзүлөт. Мындай шартты ички жана тышкы диний-саясий идеологдор керек болсо 70 жылдан ашуун убакыттан бери үмүт менен күтүп жүрүшөт болуш керек.

Айтор, мамлекеттик бийликтин башаты болуп саналган айыл өкмөттүн кеңсесине, короосуна, маданий имараттарына баш баккан адам өзүн мамлекеттин бийлигинин, идеологиясынын, саясатынын жыты жыттанган имаратка киргендей сезиши зарыл. Мына ошондо гана айыл өкмөттөрдүн ишин реформалоо механизмдеринин дөңгөлөгү айлана баштаганынан үмүт кылууга болот.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG