Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Орусия: айланы кетирген акыр-чикир


Волоколамскта "Ядрово" полигонун жабууну талап кылган демонстрация. 11-март, 2018-жыл.
Волоколамскта "Ядрово" полигонун жабууну талап кылган демонстрация. 11-март, 2018-жыл.

Москвадан жүз чакырымдай аралыктагы Волоколамск районунда жергиликтүү эл көтөрүлдү. Ал жакта жашагандар аймактагы таштанды полигонун жабууну талап кылышууда. Бир күн мурда уулануунун белгилери менен жергиликтүү ооруканага ондогон мектеп окуучулары жеткирилген. Ата-энелер муну таштанды полигонунан чыккан газдан көрүп жатышат.

Ушул шаршембиде Москва облусундагы Волоколамск районунун жүздөгөн тургундары Орусиянын бул облусунун губернатору Андрей Воробьев менен ушул райондун акимин оорукананын алдында кар менен уруп, “Шерменде!”, “Киши өлтүргүч!”, “Кызматтан кет!” деп кыйкырып жатышты.

Жергиликтүү жашоочулар бийлик башчыларын опузалаган бул ооруканага 21-март күнү уулануунун белгилери менен элүүдөй мектеп окуучусу жеткирилген.

Бейшемби күнү болсо Москва облусунун балдар укуктары боюнча акыйкатчысы Ксения Мишонова “Интерфакс” агенттигине Волоколамсктын райондук ооруканасына кайрылган балдар жетимиштен ашканын ырастады.

Ууланды деп шек туудурган мектеп окуучулары ооруканага жеткирилген учур. 21-март, 2018-жыл.
Ууланды деп шек туудурган мектеп окуучулары ооруканага жеткирилген учур. 21-март, 2018-жыл.

Ата-энелер балдары туш болгон жагдайды ириде таштанды полигонунан чыккан газдан көрүп жатышат.

- Каңылжаарды жарган жыттан улам таңкы төрт жарымдарда эле ойгондум. Эки кичинекей балам бар. Үйүбүздүн эшик-терезеси такай жабык болгонуна карабай келген истин жыты адам чыдагыс. Дээрлик ар түнү абал ушундай. Газдын концентрациясы түндө жана эртең менен абдан күчтүү болот. Айлабыз кетти, биздин башка барар да, кетер да жерибиз жок, - дешти Волоколамсктын бири-бирин толуктаган тургундары “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына.

Алар аймактагы “Ядрово” таштанды полигонун жабууну жок эле дегенде былтыр жайдан бери талап кылып келатышат. Буга чейин алар далай жолу митинг уюштуруп, полигонго кеткен жолду тороп, таштанды тарткан унааларды өткөрбөөгө аракеттенишкен. Ушундай эле акциялар кийинки күндөрү да кайталанууда.

Полигонго кеткен жолду жабуу аракети. 8-март, 2018-жыл.
Полигонго кеткен жолду жабуу аракети. 8-март, 2018-жыл.

Москва облусунун жетекчилиги быйыл 7-мартта Волоколамскта таштанды полигонунан курамында күкүрт бар газдын бөлүнүшү күчөгөндүктөн өзгөчө абал режимин да киргизген эле.

Адистер акыр-чикирде пайда болгон газ ириде балдар менен кош бойлуу аялдар үчүн зыяндуу экенин, адамдын нерв системасына таасир берерин айтышууда:

- Таштандыдан бөлүнгөн газ - бул метан менен башка газдардын аралашмасы, арасында күкүрттүн кошулмасы да бар. Болжол менен 40-60% метан, калганы башка газдар. Таштандыдан чыккан газ келгенде сиз сасыган жумуртканын жытын сезесиз. Эсиңизде болсун, сиз мында күкүрт-суутекти эле эмес, башка зыяндуу заттарды да жутасыз. Күкүрт-суутектин коркунучтуулугу - ал нерв системасына сокку урганында. Ал адамдын жыт билген нервин мокотуп салат, - деди "Гринпис" уюмунун эксперти Владимир Чупров “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун "Настоящее время" телеканалы менен болгон маегинде.

Волоколамсктагы нааразылык акциясы. 10-март, 2018-жыл.
Волоколамсктагы нааразылык акциясы. 10-март, 2018-жыл.

Орусиянын "Гринпис" уюмунун эсебинде, Москва менен Москва облусунун үлүшүнө бүткүл өлкө боюнча чыккан таштандынын 20% туура келет. Алардын 90% Москва облусунун райондорундагы полигондорго төгүлөт.

"Гринпис" 2015-жылы “Москванын таштанды курчоосу” деген баяндамасын жарыялап, шаардын жана облустун жетекчилигин аймактын акыр-чикир полигондорундагы авария коркунучтары тууралуу эскерткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG