Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

ӨКМ: Аба ырайы бузулат


18-июль күнү өлкөнүн бир топ аймагында катуу жаан жаап, сел жүрдү. Кадамжайда селден ички жолдор жарактан чыкса, Ысык-Көлдө мөндүр төгүп, үйлөрдү суу каптап, чатырлар жарактан чыкты. Өрүктүн быша баштаган мөмөсү күбүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табият кырсыктарынын чыгымын эсептөө үчүн комиссия иштей баштаганын маалымдады.

Табият кырсыгы каптаган аймактардагы абал тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипованы кепке тарттык.

“Азаттык”: Элмира айым 18-июлдагы катуу жаандан улам бир катар жерлерде сел жүрүп, жол жабылганы тууралуу маалыматтар айтылды эле, бүгүнкү күнгө абал кандай?

Шерипова: Кечээ республиканын көпчүлүк аймагында катуу жаан жаап өттү. Анын кесепетинен төрт жерде сел жүрдү. Анын эң ириси Баткен облусунда катталды. Алсак, 18-июлда түшкү саат үч-төрт чамасында Жийделик жана Кызыл-Булак айылында катуу шамал менен аралаш жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Ушул эле жаандан кийин Ош-Айдаркен авто жолунун эки бөлүгүндө кум-шагыл түшүп, көпүрөлөрдү толтурду. Натыйжада жол каттамы кыйындады. ӨКМ кызматкерлери тазалап, көп узабай эле бул тилкедеги жол толугу менен ачылды.

Тасмада: Кадамжайда катуу сел жүрдү

Кадамжайда катуу сел жүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

“Азаттык”: Ал эми Бишкек-Балыкчы жолунда да унаа тыгын болуп, жолдор бир тарап менен өтүп жатты эле, азыр толугу менен ачылдыбы?

Шерипова: Ошол эле жаандан жолго шагыл аралаш баткак түшүп, жолду жаап калган. Бирок биздин кызматкерлер жол каттамын үзгүлтүккө учураткан жок. Унаалар бир тараптуу болсо да каттап жатышты.

МАИ кызматкерлери жана ӨКМдин онго жакын техникасы иштеп, бүгүн саат таңкы төрттө жолдун эки тарабы тең толук ачылды. Учурда эч кандай Бишкек-Балыкчы жолунда жол тыгын жок.

Тасмада: Балыкчыда чоңдугу бармактай мөндүр жаады

Балыкчыда чоңдугу бармактай мөндүр жаады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

“Азаттык”: Алдыңкы күндөргө кандай аба ырайы бизди күтүп жатат, эмнеден кооптонсок болот?

Шерипова: Бактыга жараша биз кооптоно турган аба ырайы болбойт. 21-июлда гана Ысык-Көл облусунун кээ бир райондоруна жаан жаашы мүмкүн. Ал эми Кыргызстандын калган аймагында 23-июлдан баштап 26-июлга чейин аба ырайы кескин төмөндөйт. Эгер аба ырайы чукул өзгөрө турган болсо, биз алдын ала жарандарга билдирүү беребиз. Ошол эле учурда жарандарды ӨКМ тарабынан берилген билдирүүлөргө кайдыгер карабоого чакырат элек.

XS
SM
MD
LG