Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Батыштын санкциялары Москваны алсыратабы?


Орусиянын финансылык борбору - Лондон. Азыркы тапта Орусия экономикасы эл аралык финансылык кырдаалга аябай көз каранды.
Орусиянын финансылык борбору - Лондон. Азыркы тапта Орусия экономикасы эл аралык финансылык кырдаалга аябай көз каранды.

Орусия Крымдагы аракеттерин токтотпосо, Батыш Москвага каршы санкция киргизерин эскерткен. Адистер ал кандай санкциялар болушу мүмкүн жана алардын кесепети канчалык олуттуу болот деген суроолорго жооп издеп жаткан кез.

Кансыз согуш аяктагандан берки Батыш менен Орусия ортосундагы эң ири кризиске айланган азыркы жагдайда башкы курал танктар эмес, банктар болчудай. Евробиримдик менен АКШ өз ара кеңешип, Москвага каршы ыктымал экономикалык, финансылык санкцияларды караштырып жаткан кези.

Азыркыга чейин Еврошаркет Орусия менен кызматташтык долбоорлорун убактылуу токтотту жана АКШ Украинанын эгемендигине коркунуч туудурган москвалык жана киевдик айрым саясатчыларга виза берүүгө тыюу салды. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Москвага каршы болочок санкциялар аябай катаал болушу мүмкүн деп эскертсе, Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусияга абдан олуттуу жана кеңири саясий-экономикалык сокку урулат деп билдирди.

Вашингтондогу Эл аралык экономика боюнча Петерсон институтунун изилдөөчүсү Андерс Аслунд Орусия кара май, жаратылыш газдын көбүн Европага сатып, казнасынын кыйла бөлүгүн толтурарын айтты:

- Орусиянын финансылык борбору - Лондон. Азыркы тапта Орусия экономикасы эл аралык финансылык кырдаалга аябай көз каранды. 2008-жылы дүйнөлүк финансы кризиси тутанганда, Орусиянын баалуу кагаздар биржалары 80% чейин төмөн кулаган.

Блумберг компаниясынын анализине ылайык, орусиялык ишканалар былтыр эле Батыштан 58 миллиард долларлык насыя алышкан. 8 миллиард долларлык карыз алуу боюнча сүйлөшүүлөр ушу тапта уланып жатат. Украинадагы кризис башталгандан бери Орусиянын экономикалык көрсөткүчтөрү төмөндөп, компанияларга карыз алуу мурдагыдан кыйла кымбатка айланууда.

Орусиялык байлар акчасын Батышка ташып отуруп, көмүскө экономика ички дүң өндүрүмдүн 35% айланган. Кипр маселен, Орусиялык “бандиттердин акча жашыруу, арам акчаны адалдоо” борбору эсептелет. Батыштык серепчилер жазгандай, Кипрден кийин орусиялыктар салган миллиондогон, миллиарддаган долларлар Англия, Голландия, Бермуд жана Багама аралдары, Люксембургда топтолгон.


Ошол эле маалда Европа өзү да Москвага каршы санкциялардан кандай жабыр тартышы мүмкүн деген эсептөөлөр болбой койгон жок. Адистердин айтымында, АКШнын кеңейген энергетикалык булактары - Еврошаркетти балким, Орусиянын жаратылыш кендеринен кол жууса да, кыйналбай кырдаалдан чыгарып кетиши мүмкүн. Британиядагы Оксфорд университетинин илимпозу Жонатан Стерн бирок, газ берүүнү, же чийки мунай сатууну токтотуп салуу көпчүлүк ойлогондой оңой иш эмес экенине көңүл бурат.

- Мисалы, Орусия Европага газ жөнөтүүнү токтотуп, бурамаларын бууп салды дейли. Аны айтканга оңой болгону менен, Европа өлкөлөрү да, Орусия да ортодо эл аралык келишимдер менен колдору байланган. Арбитраждык сот, олчойгон айыппул салуу деген санкцияларды эстен чыгарбоосу керек.

Ошентип, Орусия Крымдагы азыркы аскердик жана административдик аракеттерин уланта берип, Батыш менен “санкциялар согушун” ачты дейли. Адистер баарын таразалап көрүп, Орусия кандай болгон күндө да, ири экономикалык жоготууларга учурайт жана кризис аяктаган күндө да баарын оңдоп, ордуна келтиргенге далай ашыкча каражат жана убакыт сарптайт деген пикирде.

Москва Европа жана АКШ кандайдыр экономикалык жазалоо чараларын колдонсо, Орусия сөзсүз каршылаш аракеттерге барат деп кайталап келатат. Батыштык серепчилердин пикиринде, санкциялардан орус экономикасы, элдин жашоо-турмушу жабыр тартат, президент Путиндин өз өлкөсүндөгү жеке саясий кадыры жабыркайбы, же тескерисинче, көтөрүлөбү – ал өзүнчө чоң суроо.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун аналитиги Роб Коалсон даярдаган макаланы Венера Сагындык кызы кыргызчалады

XS
SM
MD
LG