Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Украин кризиси АКШ - Орусия алаканында


Италия -- АКШ Мамкатчысы Жон Керри менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Ливияга эл аралык колдоо көрсөтүү боюнча конференциянын алкагында жолугушууда. Рим, 6-март, 2014.
Италия -- АКШ Мамкатчысы Жон Керри менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Ливияга эл аралык колдоо көрсөтүү боюнча конференциянын алкагында жолугушууда. Рим, 6-март, 2014.

Украинадагы кризис азыр АКШ менен Орусия ортосундагы негизги маселеге айлангандай. Орусия кризисти жөнгөрүү боюнча АКШнын буга чейинки сунуштары алар үчүн ылайыксыздыгын айтса, Вашингтон Москвадан кризисти чечкидей дилгирликти көрбөй жатканын билдирүүдө.

АКШ Мамлекеттик департаментинин соңку билдирүүсүнө караганда, Вашингтон Орусиянын Украинадагы кризисти дипломатиялык жол менен жөнгөрүүгө олуттуу маани береринин далилдерин көргүсү келет.

АКШ тышкы саясий мекемесинин өкүлү Жен Псаки белгилегендей, Мамлекеттик катчы Жон Керри орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен ишемби күнкү телефон байланышы учурунда бир катар сунуштарды берип, эгер Орусия алардын үстүндө иштешүүгө даяр болсо, сүйлөшүүлөргө барарын айткан.

- Мамлекеттик катчы Керри министр Лавров менен ушул дем алыш күндөрү сүйлөшкөндө, биз эгер Орусия ошол сунуштардын негизинде карым-катнашка даярдыгынын конкреттүү далилдерин көргөнүбүздө гана болочок талкууларга бара турганын ачыктаган.

Мамдепартаменттин билдирүүсүндө айтылгандай, Вашингтон Орусия аскерлеринин Украина аймагында жылуусу, Крымды аннекциялап алуу аракеттери жана “чагымчыл кадамдар” токтотулушун көргүсү келет. АКШ өз сунуштарына азырынча жооп ала элек.

Мунун алдында орус тышкы иштер министри АКШ дипломатиясынын башчысы Украина кризисин талкуулоо үчүн апта башында Орусияга келүүгө макул болуп, бирок кайра иш сапарын токтотуп койгонун айткан эле.

Сергей Лавров кечээ Сочиде президент Путин менен жолугуп жатып, АКШнын сунуштарын Орусия үчүн “анча ылайыксыз” деп атады:

- Жон Керри (АКШ Мамлекеттик катчысы) жума күнү берген кагаздан бизге анча ылайыксыз концепцияны таптык. Анткени ал документ Орусия менен Украина ортосунда конфликт бар делгендей кыязда түзүлгөн. Биздин өнөктөштөр ишке ашып калган фактыларды таануу, мамлекеттик төңкөрүштөн кийин түзүлгөн кырдаалга таянуу менен алар зарыл санаган кадамдарга барууну сунуш кылууда.

Орус тышкы иштер министри Вашингтондон жекшемби күнү да кошумча сунуш келгенин, бирок ал дагы Москванын көп суроолорун жаратканын белгиледи.

Орус расмий өкүлдөрүнүн буга чейин айткандарына караганда, украин кризисин жөнгөрүү боюнча кандай гана аракет болбосун ал бийликтен кулатылган президент Янукович менен оппозиция лидерлери 21-февралда кол койгон, Еврошаркет ортомчулук кылган макулдашууга негизделиши керек.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров ырастагандай, Москванын украиналыктардын кызыкчылыктарын эске алуу менен бул өлкөдөгү кырдаалды эл аралык мыйзам алкагына алып келүү боюнча өз сунуштары бар.

Украинанын азыркы бийликтери жана Батыш өлкөлөрү Москваны Орусия курамына кошулуу боюнча референдум өткөрүү алдында турган Крымга аскер киргизгенин актоо үчүн фактыларды бурмалап жатканына айыптоодо.

Украинанын жаңы бийликтерине колдоо көргөзүү иретинде президент Барак Обама премьер-министр Арсений Яценюкту шаршемби күнү Ак үйдө кабыл алганы жатат.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни буларды айтты:

- Биз Украинанын жаңы өкмөтүнө аларды колдоорубузду, жаңы өкмөт жана парламент кризисти жоопкерчилик менен жөнгө салуусун колдоорубузду ачыктадык. Биз азыр Украинага азыркыдай татаал мезгилде экономикасын турукташтыруусу үчүз түз жардам көргөзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Украин премьери Яценюк Барак Обама менен жолуккандан кийин БУУнун Коопсуздук кеңешинде кайрылуу жасайт. Коопсуздук кеңеши украин кризисине акыркы он күн ичинде беш ирет кайрылып, кечээ да жабык жыйын өткөрдү.

Бул аралыкта Чыгыш Украинада орусиячыл жана украинчил топтордун атаандаш митингдери уланууда.

Ал эми НАТО Украинадагы окуяларга байкоо салып туруу үчүн коңшу Польша менен Румыниянын аба мейкиндигинде чалгынчы учактарды колдоноору белгилүү болду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG