Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Ош окуялары: Күбөлөрдүн көзү жана сөзү


Ош кантип түтүнгө бөлөнүп калды?
Ош кантип түтүнгө бөлөнүп калды?

Кыргызстанда түштүктөгү соңку окуялар боюнча аза күтүү уланууда. “Азаттык” радиосу Оштогу тополоң башталган алгачкы сааттарда эмне болгону тууралуу жаатташкан эки тараптын тең өкүлдөрүнүн ойлорун уктурууну туура көрдү.

Акылбек (Ош районунун тургуну): “Мен тополоң башталган 10-июндун кечинде үйдө ДВДден кино көрүп отургам. Бир эле учурда түнкү 12:30дарга жакын мечиттен азан айтылып калды. Акыркы куптан намазы өтө эле кечикти дегенде саат 10дордо окулат, ошондуктан буга таң калдым. Андан ары өзбектер чогулуп, ызы-чууга түшүштү, шаардагы эки ири мечитке чогулууга чакырыктар айтылганын уктум. Анан түнкү саат бирлерде асманга салют атылды, шаарда фейерверктер жанды. Адамдар чуулдап кыйкырышкандары угулду, чабуул кое башташты. Менин бир агам өзбектердин районунда жашачу. Мен ага муну эскертейин деп, телефон чалдым. Ал: “Иним, биз уктай албай жатабыз. Биз жакта өзбектер көчөдө “Буродарлар, туриңлар!” деп кыйкырып жатышат. Бул жакта өзбектер ызы-чуу салып, тополоң башташты. Мен балдарымды тез арада айылдан башка жакка алып чыгып кетпесем, аларга коркунуч бар”, - деди. ХБКда Барпы атындагы мектеп бар. Ал ошол мектептин жанындагы жаңы курулган үйлөрдүн биринде жашачу. Андан ары Ош районундагы Жийдалик, Ешлар деген көчөдөн, “Сулайман-Ата” базары тараптан өзбектер келип, районду ээлеп калышты. Борбордогу кийим базарына чогулуп, музыка коюп, кыйкырып башташты. Бул жөнүндө мага ошол жерге жакын үйлөрдө жашаган карындашым айтты. Алар үн күчөткүчтөр менен сүйлөп: “Кыргыздар, башыңарды терезеден чыгарбагыла! Өлтүрүп салабыз!”, - деп кыйкырышкан экен”.

Гүлчехра (Ош районунун тургуну): “Мен ошол окуялар башталган түнү Ош районундагы атамдын үйүндө болчумун. Түнкү 12:00 чамасында көчөгө 200-300дөй жаш жигиттердин тобу чыгып: “Максим!, Максим!”, - деп кыйкырып жатышты. Ал жерде “семиэтажка” деген үй бар. Ошол аймактагы машинелерди, “Мухорам” деген дүкөндү өрттөштү. Ошонун жанында кыргыздардын “Мээрим” деген ресторанына тийишкен жок. “Мухорам” күнү-түнү иштеген азык-түлүк дүкөнү болчу. Анын айнек-терезелерин бир паста сындырып, өзбек балдарды өлтүрүүгө өтүштү. Курсактарына темир сайып, канын бетине шыбап жатышты. Түндө биз алардын бетине кан сүйкөп жатканын кайдан көрдүк? Ал жерде чоң-чоң машинелердин фараларын күйгүзүп коюшкан эле. Ошондон көрдүк”.

Дагы бир өзбек аксакалы окуя кантип башталганын 11-июнда түштөн кийин мындайча сүрөттөдү: “Кечээ кечинде саат 9:30дарда төрт өзбек менен кыргыз жаштары уруша кетишкен. Ошонун айынан чыккан улуттар аралык жаңжал азыр да уланып жатат. Шаарда өзбектерге тиешелүү көптөгөн мүлктөр өрттөлдү. Өлгөндөр бар, жаракат алгандар бар. Азыркы убактылуу өкмөт абалды толугу менен көзөмөлгө ала албай жатат”.

Турат, 20 жашта: “Менин оюмча, бул окуялар баары Кадыржан Батыровдун провокациясы менен болгон Жалал-Абаддагы уруштан башталды. Ал окуялардан кийин Оштогу өзбектер махалла-махалла болуп, чогула башташкан. “Эмнеге чогулуп жатасыңар?”, - десек, “Биз өзүбүздү коргошубуз керек”, - деп, өткөн-кеткен машинелерди токтотуп, айрым жерлерде кыргыздарды урушкан. Ал деле ошол бойдон токтоп калган эле. Кийин алар кайра чогулуп, Конституцияны талкуулап, мечиттерде жабык жыйындарын өткөрө башташты. Азыр биз Ак-Тилек айылынын үстүндөгү өзбек махалласына барып келдик. Ал жактан өзбектер там-жайларын таштап, качып кетишкен. Үйлөрдө куралдардан калган толтура ок, узун таяктардын учтарына байланган бычактар жатат. Булар алдын ала даярданганы билинип турат. Бир да кыргыз мындай уруш чыгып кетет деп күткөн эмес. Окуя башталган учурда түнкү 12:00 чамасында шаар боюнча асманга салюттар атылган. Ошондо алар чабуулду башташты. Кыргыздардын үч ресторанын да ошол түнү өрттөп жиберишти. Жатакана-мейманкаларга чабуул коюп, кыздарды зордукташкан. Анан эртеси күнү биз аларга чабуулга чыктык”.

(Күбөлөрдүн ысымдары өзгөртүлгөн - ред.)
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG