Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Өкмөт жана өкүм...


Кырчын жайлоосу.
Кырчын жайлоосу.

Кийинки кездери “өздүк” деген сөз көп колдонулчу болду. Мисалы, журналисттердин көбү “анын өздүгү аныкталды” деп айтып, жазып жүрүшөт. Анда ушул сөзгө токтоло кетели.

Кыргыз тилинде “өздүк” деген сөз бар. “Өздүк дело” дейт, орусчасы “личное дело”. “Өздүк курам” дейт, орусчасы “личный состав”.

“Өздүк-көркөм чыгармачылык ийрими”, “өздүк нарк” жана башка. Негизи “өздүк” деген "ошол кишинин өзүнүкү, ошол кишиге таандык" дегенди билдирет.

Негизинен “өздүгү аныкталды” деген мурда дээрлик колдунулчу эмес, биз анын ордуна “ким экендиги аныкталды” деп айтып, жазып келгенбиз.

Эми “өкүм” деген сөздүн маанисин чечмелеп көрөлү.

“Өкүм” деген “чечим” дегенди түшүнтөт. Орусчасы “приговор”. “Соттун өкүмү чыкты” дейт. “Кылмыш кылгандарга өкүм аткарылды” дейт. “Өкүм сүйлөдү”, “өкүм киши экен”, “тынчтык өкүм сүрө баштады” деген өңдүү сөздөр бар.

“Өтө эле өкүмсүп жатып ишти бузуп албагын” дейт. Кээде өзүн өзгөлөрдөн кыйын сезип, өкүм сүйлөгөн кишилер болот, ошондойлорду айтып жаткандагысы.

“Өкүм ат экен, бат эле жетип бардым” дейт. “Өкүм ат экен” деп басыгы жакшы, ылдам жүргөн атты айтып жатат.

“Өкүм болмок өзүңдөн, сылык болмок сөзүңдөн” деген макал айтылат.

“Өңчөй өкүмдүүлөр чогулуп, жыйын курушту” дейт. Жалаң бийлиги барлар жыйналып, чогулуш кылганды билдирет.

“Өкмөт” деген сөз да ушул “өкүм” дегенден келип чыккан.

“Аким” дегендин орусчасы “властитель”, “правитель”, “владыка”, “повелитель” деген маанини билдирери сөздүктө турат.

“Манаста” “Канкор чоро Таласка аким, султан кан болду” деген сөз бар. “Аким” деген сөз өлкөнүн түндүк аймагына караганда түштүк аймагында кеңири колдонулуп келгендиги белгилүү.

Кыргызстанда падышалык Орусиянын жана Кокон хандыгынын учурунда дубанды башкаргандарды “аким” деп атап келишкен. “Акимдик кылып жатат” десе "башкарып жатат, бир дубанды бийлеп жатат, тескеп жатат" деген маанини билдирген.

Кээде “ал акимсинип калыптыр” деп коет. “Акимсинип” дегени - “чоңсунуп”, “кыйынсынып” сүйлөгөн кишини айткандагысы. “Семетейде” "Акимсинген Канчоро эсебин эптеп табайын, эзелки жинин кагайын” деген саптар бар.

Кыргыздар көчмөн доордо бир жерден экинчи жерге көчүп-конуп жүргөн эл болгону белгилүү. Жаңы жерге, журтка же конушка барганда арча түтөтүп, аластап, ырымдап келишкен. “Биз келдик, эми шайтан келбесин, жайгашкан жерибизде дайыма жакшылык болсун, бөөдө кырсыктан, оору-сыркоодон алыс бололу!” деп тилек айтышып, арча менен аластап чыгышкан. “Алас” деген сөз ушул ниеттеги сөз.

Ал эми “аласа” деген сөздүн эки мааниси бар экен.

“Аласа бойлуу киши” деген сөз азыр колдонулбай калды окшойт. Көркөм адабий чыгармалардан эле кездешпесе, азыр күндөлүк турмушта эч ким “аласа бойлуу киши экен” деп айтпайт, жазбайт. “Аласа бойлуу” деген “бою кичине”, “бою жапыз” дегенди билдирген сөз экен.

Ал эми “аласа” сөзүнүн көп колдонулуп жүргөн мааниси - кимдир бирөөдөн ала турган акчасын түшүндүргөн маанидеги сөз. “Менин андан аласам бар” дейт. “Анын аласасы көп” дейт. “Кытайдын дүйнөдө аласасы арбын” дейт.

“Байтак” деген сөздүн биринчи мааниси “борбор” дегенди түшүндүрсө, экинчи мааниси "алыскы, байыркы, илгерки" деген маанини түшүндүрөт. экен. Мисалы, элдик ырлардын биринде: “Байтак-байтак-байтак жол, байтак жолдон кош келет, байтал минген кыз келет” деген саптар бар.

“Баягы байтак убакта баары башкача эле” дейт. “Байыркы кездери баары башкача эле” дегени.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG