Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Еврокомиссия "Газпромду" атаандаштык эрежелерин бузган деп айыптады


Европа биримдиги Орусиянын мамлекеттик "Газпром" компаниясына Европанын рыногунда үстөмдүк кылууга аракеттенген деген доомат артууда.

“Газпром” болсо Европа комиссиясынын айыптоолору негизсиз деп эсептейт. Расмий билдирүүдө компания эл аралык нормаларды жана иш алып барган өлкөлөрдүн мыйзамдарын урматтаганы айтылат.

Ишкананын өкүлү Сергей Куприяновдун айтымында, Еврокомиссиянын чечимине байланыштуу “Газпром” тиешелүү процедураларга ылайык каршы арыз берет.

Шаршембиде Европа комиссиясы Орусиянын эң чоң ишканасына антимонополдук мыйзамдарды бузгандыгы үчүн расмий айып таккан. Бул тууралуу Брюсселде комиссиянын атаандаштык маселелери боюнча комиссары Маргрете Вестагер жарыялады.

“Газпром” Еврошаркеттин сегиз өлкөсүндө – Эстония, Болгария, Венгрия, Чехия, Латвия, Литва, Польша жана Словакияда өзүнүн монополиясын кыянаттык менен пайдаланууда, - деген Вестагер.

“Орусиялык компания айрым борбордук европалык жана чыгыш европалык өлкөлөрдө газ агымына атайлап тоскоолдук түзгөн болушу мүмкүн, бул эркин атаандаштыктын эрежелерин бузуу болуп эсептелет деген бүтүмгө келдик, - деп белгиледи комиссар.

"Газпром" компаниясы 12 жуманын ичинде Еврокомиссиянын дооматтарына жооп кайтара алат.

Үч жылдан бери Брюссель "Газпромго" тагылган дооматтарды иликтеп келди. Атап айтканда, компания айрым өлкөлөргө газды реэкспорттоого тоскоолдук кылып жатат, газдын баасын мунайдын баасына байлап, атаандаш булактарга кыйынчылыктарды түзүүдө деген фактыларды текшерди.

2012-жылы "Газпромго" каршы расмий тергөө башталган.

Текшерүү жүргүзүлгөн сегиз өлкө орусиялык компания аларга газды Европанын батыш өлкөлөрүнө караганда кымбат сатып жатат деген доо коюшкан.

Шаркеттеги булактар Еврокомиссия өз айыптоолорун өткөн жылы эле даярдаганын, бирок Орусия менен Украинадагы окуяларга байланыштуу ансыз да курчуп кеткен мамилелерди андан ары татаалдаштырбоону чечкен дешет.

Москва былтыр Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин Евробиримдик бир топ санкцияларды киргизген.

Буга чейин компания маселени сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга кызыкдар экенин кыйыткан. Ал эми проблема чечилбесе, Еврокомиссия айып пул салып, же бизнес жүргүзүү практикасын өзгөрттүрүүнү талап кылышы мүмкүн.

Евробиримдик алган жаратылыш газынын үчтөн бир бөлүгү Орусиядан келет. 2014-жылы шаркеттин өлкөлөрү "Газпромдон" 125 миллиард кубметр газ сатып алышкан. Анын жарымы Украина аркылуу өткөн куур менен жеткирилген.

Эксперттер болсо өткөн жумада америкалык "Гугл" компаниясына да атаандаштык мыйзамдарын бузган деген күнөө тагылганын эске салып, "Газпромдун" ишинин артында саясий жүйө жок дешет.

Медведев: Санкциялардын кесепети оор болду

Ал тапта Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өлкө экономикасы Батыштын санкцияларынан улам болжол менен 25 миллиард евро жоготконун, үстүбүздөгү жылы ал мындан да көп болушу мүмкүн билдирди.

21-апрелде Мамдумага экономикалык абал боюнча отчет берип жатып, өкмөт башчы Орусиянын ички дүң өндүрүмү 2015-жылдын алгачкы кварталында 2% төмөндөгөнүн айтты. Мындай көрсөткүч 2009-жылкы рецессия учурунда гана катталган.

Байкоочулардын айтымында, Медведевдин экономикалык абалга берген баасы президент Владимир Путиндин 16-апрелде орусиялыктар менен түз эфир байланышында айткан оптимисттик сөздөрүнө караганда алда канча песимисттик, бирок чынчыл болгонун белгилешет.

Мамлекет башчы болсо өлкө экономикалык кыйынчылыктардан ашып өткөнүн айткан. Премьер-министр Дмитрий Медведев санкциялардын олуттуу чыгымдарына токтолду:

- СССР кулагандан бери биринчи жолу Орусиянын тарыхында, балким Орусиянын 20-кылымдагы тарыхында өлкөбүз эки сырткы соккуга бирдей туш болду. Биринчиси – мунай баасынын кескин түшүп кетиши жана экинчиси - санкциялардын болуп көрбөгөндөй кесепети. Биз эч качан бир эле мезгилде мынча көп көйгөлөргө тушуккан эмеспиз.

Медведев жазалоочу чараларга жеткирген Крымдын аннексиясы тууралуу сөз кылып, ал кадам эмнеге алып келээрин билип туруп, ошого бардык жана баарыбыз колдодук деди:

- Орусия ушундай экономикалык сценарийден качып кутула алмак беле деген суроо узатат элем? Бардыгыбыз – жок, кутула албастыгын жакшы түшүнөбүз. Бизге көрсөтүлүп жаткан олуттуу экономикалык кысымга Крымды Орусиянын курамына кайтаруу боюнча өткөн жылкы негизги саясий чечим алып келди. Бүтүндөй өлкө, өкмөт жана парламент анын ыктымал кесепеттерин түшүнүп туруп колдодук.

Муну менен бирге премьер экономика турукташа баштаганын айтып, бирок сырттан кысым күчөсө жана мунайдын баасы узак мөөнөткө төмөн бойдон кала берсе, абал начарлашы мүмкүндүгүн эскертти.

Дүйнөлүк банктын 1-апрелде чыккан божомолуна ылайык, Орусиянын ички дүң өндүрүшү үстүбүздөгү жылы 3,8%, эмки жылы 0,3% төмөндөшү ыктымал. Бул санкциялардын кесепети жана мунайдын арзандашы менен түшүндүрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG