Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:37

Европа Түркияны "ИМге" каршы күрөшкө чакырат


Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини Түркияда эки күндүк иш сапарда жүрөт.

Биримдиктин жогорку даражадагы өкүлү түрк бийликтери менен «Ислам мамлекети» радикал кыймылына каршы күрөштө биргелешип аракеттенүүнү сүйлөшөт.

Федерика Могерини Евробиримдиктин Орусияга каршы киргизген экономикалык санкциялары боюнча Брюссел менен Анкаранын позицияларын жакындатууга аракеттенет. Дипломат айым Анкарадагы сапарын Европа биримдиги менен Түркиянын ортосундагы «стратегиялык маанилүү» алакалардын бекемделиши катары баалады.

Брюсселден барган делегациянын курамында Еврошаркеттин биримдикти кеңейтүү иштери боюнча комиссары Йоханнес Хан жана гуманитардык жардам боюнча комиссар Христос Стилианидес бар. Алар Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана премьер-министр Ахмед Давутоглы менен жолугушуп, качкындар лагерин көрүшөт. Европалыктар Сирия менен Ирактан барган качкындарды кабыл алып жаткан Түркияга жардамды көбөйтөөрү жарыяланды.

Орус президенти Владимир Путин жана түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Орус президенти Владимир Путин жана түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Анкараны Орусияга каршы Батыштын экономикалык санкцияларына тилектештик билдирүүгө чакырып, европалыктар тыюу салган товарларды Орусияга киргизбөөнү өтүндү. Белгилүү болгондой, Анкара Батыштын Москвага каршы киргизген санкцияларына кошулган эмес.

Дүйшөмбүдө Федерика Могерини ББСге берген маегинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго 4-5-декабрда Базел шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин жыйынында жолукканда айткан сөзүн кайталады:

- Орусия Украинанын чыгышындагы жаңжалды деэскалация кылууда позитивдүү роль ойноду. Бирок биз Крымдын аннексияланышын унуткан жокпуз, ал эл аралык принциптердин одоно бузулушу болуп саналат. Орусия Минск макулдашуусун сыйлап жана аткарышы керек болчу. Биз Орусия эл аралык аренада ойногон чоң өлкө катары өз милдеттенмелерин аткаруусун күтөбүз.

Жакында эле Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиядагы сапары маалында Москва Европага орус газын жеткире турган «Түштүк агым» долбоорунан баш тартарын айтып, альтернативдүү газ куурун салууда Түркияны жакын өнөктөш деп баалаган.

"Ислам мамлекети" радикал уюмунун согушкерлери. Ирак.
"Ислам мамлекети" радикал уюмунун согушкерлери. Ирак.

Соңку глобалдык коопсуздуктун алкагында карасак, Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” сыяктуу радикал топторго Европадан барган согушкерлерге Түркия негизги өткөрүүчү бекет болуп жатканы белгилүү. “Рейтер” агенттиги кабарлагандай, Евробиримдиктин жетекчилери согуш талааларына кетип жаткан жарандарын аныктоодо Анкара жардам берүүсү керек десе, түркиялык бийликтер Биримдик согуш аракеттерине аралашууну көздөгөн жарандарынын Жакынкы Чыгышка каттоосуна тыюу салуусу зарыл деп санайт.

Түркияны Евробиримдикке мүчөлүккө кабыл алуу жөнүндө маселе 2005-жылдан бери каралып келатат. Бирок бул жараянга бөгөт болгон саясий факторлор: экиге бөлүнгөн талаштуу Кипр аралы жана Биримдикке мүчө кээ бир өлкөлөрдүн каршылыгы болууда.

XS
SM
MD
LG