27-майда Брюсселде өткөн жолугушууда шайлоонун жыйынтыктары “Европалыктар тарабынан берилген белги” экенин саясий лидерлер баса белгилешти.
Еврокеңештин жетекчиси Херман Ван Ромпей Европа эми экономикалык кризистен чыгып баратканда, стратегиялык пландарды өзгөртүп, жумуш орундарын түзүп, атаандашууну арттыруу керек деп белгиледи.
- Биз Европарламентке шайлоонун жыйынтыгын талкууладык. Албетте ар бир өлкөдө абал башкача. Ошентсе да, жалпысынан шайлоочулар бизге так белги беришти жана биз ошого жараша чечимдерди кабыл алышыбыз керек, - деди Ван Ромпей.
Британияда бул өлкөнүн көз карандысыз партиясы (UKIP) алдыга чыкты.
Мындан улам Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон Брюссел шаркет үчүн чечкиндүү кадамдарды жасабай, анын ордуна майда иштер менен алектенип кеткенин белгилеп, так жана масштабдуу чечимдерди кабыл алууга убакыт келгенин айтты.
Француз президенти Франсуа Олланд Кэмеронду колдоп, ар бир төртүнчү француз шайлоочу "ашкере оңчул Улуттук фронтко добуш берүүсүнөн Европа сабак алышы керектигин" баса белгиледи:
- Мен эки жылдан бери Европаны өзгөртүү аркетин жасап келем жана бул ишимди уланта берем. Эгер Европа эл ишеничин актабаса, Франция жана башка өлкөлөр биримдикке каршы чыгары шексиз. Мен европалыкмын жана Европанын өзгөрүшүн каалайм.
Шайлоочулар Брюсселдин өтө үнөмчүл экономикалык саясаты, жумушсуздук жана иммиграция саясатына каршы добуш бергенин талдоочулар белгилешти.
Өткөн жыл Евробиримдик үчүн абдан катаал жылдардын бири болду. Финансылык кризистен жабыркаган өлкөлөр жумушсуздук маселесин чече албай убайым тартышты.
Премьер-министр Девид Кэмерон болсо Британиянын Евробиримдикке мүчөлүгү жөнүндө суроону 2017-жылы референдумга алып чыгууну убада калган.
Европадагы Карнеги борборунун улук илимий кызматкери Жуди Демпси “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген маегинде:
“Евробиримдиктин алдында орчундуу саясий суроолор турат. Бул биримдиктин кеңейүүсү, Орусия, Украина, Түркия менен болгон мамилелер. Азыр улутчул партиялардын ички көз карашы менен кылган аракети – Европанын беделин түшүрөт” деп токтолду.
Өткөн жумада Европарламентке өткөн шайлоодо эң ири деп эсептелген - Европа элдик партиясы жана Социал-демократтардын прогрессивдүү альянсы көп мандатка ээ болду. Ошол эле маалда 2009-жылдагы шайлоого салыштырмалуу бул жолу ашкере оңчулдар жакшы көрсөткүчтөргө жетише алышты. Бул жыйынтыктар Европа лидерлеринин түйшөлүүсүнө себеп болду.