Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Украина: согуш жана аза


Киевдеги аза күтүү
Киевдеги аза күтүү

Жекшембиде Украинада өлкө боюнча аза күтүү жарыяланды. Мариупол шаары ракеталык атууларга кабылып, андан 30 кишинин өмүрү кыйылып, 90дон ашууну жарадар болгон.

Украинанын президенти Петро Порошенко соңку күндөрдөгү чабуулдарды “адамзатка каршы кылмыш” деп атап, ошол эле маалда Украина сентябрда Минскте кол коюлган тынчтык макулдашуусун аткарарын билдирди.

Жекшембиде өлкө боюнча мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлүп, жергиликтүү убакыт боюнча чак түштө курман болгондор бир мүнөт эскерилди. Порошенко бул күнү пландалган оюн-зоок, спорттук иш чараларды токтотууга буйрук берди.

Украинанын Коргоо министрлиги Мариупол шаары 24-январда жикчилдер ээлеп турган тараптан “Град” ракетасынан аткылоого кабылганын билдирди. Атылган ракета шаардагы базар менен тургундар жашаган районго тийген.

Жикчилдер болсо чабуулду украин өкмөттүк күчтөрү койду деп айтып чыкты.

Мариуполдогу аза күтүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму ракета козголоңчулар ээлеген тараптан атылганын тастыктады. Мариуполду бутага алган чабуулдарды эл аралык коомчулук дагы айыптоодо.

Индияда мамлекеттик сапарда жүргөн АКШнын президенти Барак Обама Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун бузулганына тынчсызданып турганын айтты:

- Биз соңку ок атышууларга, Орусия артында турган, Орусиянын курал-жарагы, Орусиянын акчасы, Орусия машыктарган жана Орусиянын аскерий күчтөрү аралашкан жикчилдердин агрессиясына терең тынчсызданып турабыз. Биз өткөн жолу кабыл алгандай эле, Орусияга кысымды күчөтүү боюнча аскерий каршылыктан башка чаралардын бардыгын карайбыз.

Украин президенти Петро Порошенко өткөн жылдын апрелинен бери беш миңден ашуун кишинин өмүрүн алган куралдуу жаңжалдарды тынч жол менен токтотууну көздөөрүн билдирди:

- Ок атышууну токтотуу, жикчилдер басып алган жана Орусия Федерациянын аймактарында мыйзамсыз кармалган украин туткундарын бошотуу, чек араны жабуу, чет элдик күчтөрдү чыгаруу жана де-эскалация боюнча саясий процесcти баштоо – биздин артыкчылык. Албетте, биз өзүбүздүн күчтүү армия менен буга жетишсек болот, бирок биз Минск макулдашуусуна альтернатива жок деген ойдобуз.

Президент Порошeнко артыкчылык берген Минск макулдашуусуна 5-сентябрда Беларуста кол коюлганы менен андан бери бир нече ирет бузулду.

Дүйшөнбү күнү Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга кысымды күчөтүүнүн жол-жобосун чогулуп талкуулай турган болушту.

Мариуполго ракетадан чабуул койордун алдында козголоңчулардын командири Александр Захарченко алардын “ок атышууну токтотууга көңүлү жоктугун” айткан. Орусиянын РИА новости агенттигине 24-январда жикчилдер Мариуполго чабуул баштаганын дагы билдирген.

Украина: Мариуполдо 30 адам каза болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Ал ортодо Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө соңку кандуу окуялар үчүн Украинанын өкмөттүк күчтөрүн айыптады. “Украин күчтөрү адамдар жашаган райондорду аткылап, кырдаалды курчутуп, Минск макулдашуусун бузуп жатат” деген министр жаңжалды токтотууга Москва колунан келгенин аянбай аракеттенүүгө даяр болчу деп айтты.

Министр Лавров Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини менен телефондон сүйлөшкөндө Киев менен козголоңчулардын саясий диалогуна жетишүү үчүн блог түзүүнү туура көрөрүн билдирген.

Могерини болсо бейшембиде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украинадагы кырдаал боюнча чукул жыйынга чогуларын “Твиттер” баракчасына жазды. ЕККУга төрагалык кылган Сербия дүйшөнбүдө уюмдун туруктуу кеңешинин атайын комиссиясы Украинанын чыгышындагы кырдаалдын курчуп кеткенин талкуулай турганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG