Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Арачылар соту Немцовдун иши боюнча өкүм чыгарды


Айып тагылган беш киши сот залында, 11.08.2016
Айып тагылган беш киши сот залында, 11.08.2016

Арачылар коллегиясы Немцовду өлтүрүүгө шектелген чечен улутундагы беш кишини күнөөлүү деп тапты.

Москванын аймактык аскер сотунда арачылар коллегиясы Борис Немцовду өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып жаткандарга өкүм чыгарды.

Оппозициялык саясатчы, бийликти ачык сындаган Борис Немцов 2015-жылы Кремлге чукул жерде атып өлтүрүлгөн.

Бейшембиде арачылар айыпталуучулар Заур Дадаев, Анзор Губашев, Шадид Губашев, Темирлан Эскерханов жана Хамзат Бахаевди Немцовдун өлтүрүлүшү боюнча күнөөлүү деп тапты.

Тергөө маалында Дадаев менен ага-ини Губашевдер коюлган айыпты моюнга алганы менен сотто кайра баш тартышкан.

Арачылар сотунун өкүмүнө ылайык Заур Дадаев 27-февралдын кечинде Немцовду артынан алты жолу атып, ал жерден качып кеткен.

Саясатчыны өлтүрүүнү уюштурууга, анын ичинде пистолет жана башка курал-жарак табууга, артынан аңдуу жүргүзүүгө берки төрт айыпталуучу жардам берген. Кылмыш жасоого катышкан деген дагы бир киши Беслан Шаванов 2015-жылы 7-мартта аны кармоо учурунда каза тапкан.

Сотто айыпталуучулардын бардыгы тең күнөөлөрүн четке кагышты.

Борис Немцов (1959-2015)
Борис Немцов (1959-2015)

Аймактык аскер сотунда 12 кишиден турган арачылар коллегиясы үч күн жыйын курду. Алар ишти караган судья койгон 26 суроого жооп бериши керек болчу. Арачылар көпчүлүк суроолор боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Андыктан талаштуу маселелер добуш берүүгө коюлду.

Биринчиден, Немцовду өлтүрүүгө байланышкан суроолордо ар бир айыпталуучунун ролу канчалык экени каралган. Аны караган арачылар беш айыпталуучунун баарын күнөөлүү деп табышты.

Экинчиден, кылмыш жасоо үчүн курал-жарак кайдан алынып, алар кантип аткан кишинин колуна тийгени аныкталышы керек эле. Анын жыйынтыгы дагы айыпталган беш киши тең күнөөлүү экенин көрсөттү.

Немцовдун өлтүрүлүшү боюнча соттук териштирүү өткөн жылы октябрь айында башталган. Тергөө оппозициялык саясатчыны өлтүрүүгө буюртма берген жана аны уюштурган деп Чеченстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Руслан Мухудиновду атаган. Ага издөө жарыяланган.

Немцовдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргогон адвокат Вадим Прохоров кылмыштын чыныгы уюштуруучусунун бети ачылбай калганын белгилейт. Адвокат саясатчыны өлтүрүүнү тергөөдө көрсөтүлгөндөй Руслан Мухитдинов эмес, «Түндүк» батальонунун мурдагы командири Руслан Геремеев» уюштурган деген пикирде.

Прокуратура болсо арачылар коллегиясынын өкүмүнө канааттанып турганын билдирди. «Бул оор кылмышты уюшкан топ жасаганын таанышты», - деди прокурор Мария Семененко.

Арачылардын өкүмү менен Немцовдун өлтүрүлүшүн териштирген сот процесси бүтпөйт. Ишти караган судья өкүмдү алган соң ар бир айыпталуучуга кандай жаза чегерүүнү чечет.

Ага чейин прокурорлор өкүмдүн текстин жазып чыгышы керек жана бул үчүн бери деген эки-үч апта кетет.

Немцовдун кызы Жанна атасын өлтүрүүгө ким буйрук бергени ачылган жок деп, ага Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун тиешеси бардыгын айтып келет.

Таанымал оппозициялык саясатчы Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге чукул жерде атып өлтүрүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG