Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

ЕККУ Украинада байкоочуларын көбөйтөт


ЕККУнун байкоочулары Донецк шаарында жардыруудан кийинки текшерүүдө, 27.11.2014
ЕККУнун байкоочулары Донецк шаарында жардыруудан кийинки текшерүүдө, 27.11.2014

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Украинада байкоочуларынын санын көбөйтөт. Эл аралык көзөмөлдөө миссиясынын саны 500гө көбөйөт.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюму ай аягына чейин Украинадагы өз байкоочуларынын санын эки эселенте тургандыгы маалым болду. Бул тууралуу жекшемби күнү ЕККУнун маалымат катчысы Майкл Боцюркив ДПА кабар агенттигине билдирди.

"Украинанын чыгышындагы кырдаал жакшыра баштады, ошондуктан көзөмөлдөө миссиясынын саны азыркы 250дөн 500гө көбөйтүлөт" деген катчы ошол эле убакта элдешүүнүн шарттары күндө бузулуп жаткандыгын эскертти. ЕККУнун өкүлү Минскте сентябрда макулдашылган оор техниканы чыгарып кетүү тапшырмасы ишке ашпай жаткандыгын кошумчалады.

Бул күнү эки тарап тең бири-бирин элдешүүнү бузду деп айыптады. Жикчилдер алардын турумдары украин күчтөрү тарабынан «танктардан жана оор артиллериядан 16 ирет атылганына» даттанышты. Украинанын коопсуздук күчтөрү өз кезегинде түн ичинде 10 жолу аткылангандыгын билдирди. Үч украин аскери окко учканы кабарланды.

4-январда ошондой эле Украинанын президенти Петро Порошенко өз өкмөтүнө өлкөнүн чыгышында орусиячыл жикчилдердин колуна түшкөн украин аскерлерин бошотуп алуу аракетин күч алдырууну тапшырды.

«Биз алардын дароо бошотулушуна жетишүү үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек» деди украин президенти.

Жаңы жылдын алдында Порошенко Украинадагы былтыркы жылдагы кырдаал 70 жылдан берки эң татаал мезгил болгондугун белгилеп, ошол эле убакта белгилүү жылыштар бар экендигин белгиледи:

- Согуш туткундарын бошотууда, элдешүүдө, Минск келишимининин аткарылышын ЕККУ көзөмөлдөшүндө жылыштар бар. Ошондой эле, мына кечээ Украинанын гумжардам кербени өлкөнүн түштүк-чыгышындагы басылып алынган жерлердеги мектептерге, карылар үйлөрүнө, башка мекемелерге согуш аракеттери башталгандан бери биринчи жолу жардам жеткирип барды.

4-январь күнү жикчилдердин «адам укуктары боюнча комиссары» Дария Морозова жикчилдер украин бийликтери менен туткундарды алмашууну сүйлөшүп жаткандыгын бышыктады. Өзүн "Донецк элдик жумурияты" деп жарыялаган аймактын өкүлү бирок сүйлөшүүнүн аки-чүкүсүн ачыктаган жок.

Морозованын айтканына караганда, жикчилдер 30 чакты украин аскерин кармап турат, ал эми украин күчтөрүнүн колунда аталган жумурияттын 220 чакты өкүлү бар.

Мындан 10 күндөй мурда тараптар 149 украин аскерин жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта кармалган 222 кишиге алмашышкан эле. Донецктеги жикчилдердин башчылары кечээ шаарда коменданттык саат кайра киргизилгенин жарыялашты.

Коменданттык саат Донецкте Жаңы жылды тосуу маалында убактылуу алынып салынган эле. Жикчилдерди колдогон "Донецк" кабар агенттиги билдиргендей, «бардык мыйзамдуу жана жарым-жартылай мыйзам чегинде иштеген жайлар кечки саат 10до жабылышы керек». Агенттикке ылайык, түнкү 10дон кийин мас абалында же документи жок жүргөндөр камакка алынат.

Ал арада Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлиги Донецк жана Украинанын дагы бир жикчил аймагы болгон Луганск аймактарын көздөй 60тай жүк ташыган «гуманитардык» автокербен жолго чыккандыгын бышыктады. Бул Орусия Украинага акыркы апталарда жиберген 11-кербен болуп саналат. Орусиянын бийликтери кербен Донбасска 8-январда жетээрин айтышууда.

XS
SM
MD
LG