Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Amnesty International: Кыргызстанда адилеттик орносун


Amnesty International уюму "Кыргызстан: адилетсиздиктин жоктугу жаңы зордук-зомбулукка май чачат" деген аталыштагы баяндамасын чыгарды.

"Эл аралык мунапыс" уюмунун баяндамасында 2010-жылдагы улут аралык жаңжалдан кийинки 1 жыл ичинде адам укуктарынын бузулушу, кыйноолор, сот адилетсиздигине басым жасалып, кыргыз бийлигине атайын сунуштар айтылат.

Майзи Вайшидиң (Maisy Weicherding) "Эл аралык мунапыс" уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү "Азаттыкка" курган маегинде жарык көргөн баяндама боюнча түшүндүрмө берди.


- Жыл ичинде эмне болду, өткөн жылдын декабрында чыккан биздин баяндамадан кийин эмне өзгөрүүлөр болгонуна, эмне иш аткарылгандыгына көңүл бурдук.

Бул баяндама бир жыл ичиндеги түрдүү иликтөөлөр, анын ичинде эл аралык комиссиянын иликтөөсүнүн табылгаларына басым жасадык.

Азыркыга чейин кыйноо, опузалоо менен тергөө жүргүзүү, адилетсиз сот чечимдери үчүн жазасыз калуу көрсөткүчү өтө жогору бойдон калууда.

Кыргыз бийлиги болсо эл аралык комиссиянын сунуштарын ишке ашырып, Кыргызстанда адилеттүүлүк менен мыйзамдуулуктун орношуна жетишүүсү керек.

- Жакында Кыргызстандын парламентинин иликтөөсү жарыяланды. Анда эл аралык иликтөөнүн жыйынтыгына кайчы пикирлер, сунуштар бар. Сиздер ал баяндаманы да карадыңыздарбы?

- Бул баяндаманы жазууда биз буга чейинки бардык иликтөөлөрдүн жыйынтыгын карап чыктык. Анан дагы өткөн жылкы акыйкатчы, Улуттук комиссиянын докладдарын карап, иликтөөлөргө катышкан адамдар менен кезиктик.

Ошондой эле кылмыш иштери боюнча айып таккан прокуратуранын өкүлдөрү менен жолугуп, суроолорду бердик. Биз кыргыз, өзбек жамааттар менен жолуктук.

Айтор мүмкүн болушунча кеңири маалымат алып, түрдүү көз караштарды чагылдырууга аракеттендик. Баса белгилей турган нерсе, биз эки жак менен тең бирдей иштеп, эч кимге тартпаган жыйынтыкка келдик.

- Бул баяндамада кыргыз бийлиги берилген сунуштарды "тезинен" ишке ашырсын деп жатасыңар. Буга чейинки эл аралык, депутаттык комиссиялар да ушундай сунуш берет. Кыргыз бийлигинин сунуштардын баарын аткарууга чама-чаркы жетет деп ишенесиңерби?

- Биздин сунуш – кыргыз бийлиги эл аралык комиссиянын сунуштарын ишке ашырсын дегенди билдирет. Айта турган нерсе, Кыргызстан көз карандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүүгө макул болгон.

Мындай иликтөө жүргүзүүнү биз - эл аралык коомчулук таңуулаган жокпуз. Мындай демилге Кыргызстандын өкмөтүнөн келген.

Биз "тезинен" дегенде бул эртең эле баары ишке ашсын дегенди билдирбейт. Албетте бул убакыт жана аракет талап кылаарын жакшы түшүнөбүз.

Бирок ошол эле маалда биз берген сунуштар жөн гана үстөлдүн бир бурчунда калбашы керек. Бир канча убакыттан кийин эч ким ал сунуштарга көңүл бурбай, ал эми иш жүзүндө көрүлчү чараларга кеч болуп калат.

Өтө маанилүү суроо - жазасыз калуу. Бул "ким баштады, ким буйрук берди?" деген суроолордон алда канча маанилүү. Жаңжалдан кийинки кыйноолор, зордук-зомбулук, адилетсиз сот чечимдери боюнча миңдеген учурлар бар.

Эгер кыргыз парламентинин комиссиясы да ушул фактыларды баса белгилеп, тийиштүү чаралар көрүлсүн десе – ал аткарылышы керек.

- "Жазасыз калуу" деп баса белгилеп жатасыздар. Ошол эле кыргыз парламентарийлеринин иликтөөсүндө жаңжалга түздөн-түз күнөөлүү деп жергиликтүү өзбек лидерлерин атап, издөө жарыяланды. Сиздин уюмдун баяндамасында андай маалымат айтылбаптыр?

- Эми алар "күнөөлүү" деп табылганга чейин "бейкүнөө" болуп саналат да. Анан дагы өтө маанилүү нерсе – аларга сот адилеттиги камсыз кылынабы? Бул өтө-өтө маанилүү. Көптөгөн адамдар сотко чейин эле "күнөөлүү" деп табылып жатпайбы, туурабы?

Эгер силер адилеттүүлүк болсун десеңер – ким болсо да зордук-зомбулук кылгандан кийин анын иши мыйзам чегинде иликтенип, анан сотко жетиши керек.

Адилет жүргөн сот жараяны гана тигил же бул адамды "күнөөлүү" же "күнөөсүз" деп табат. Парламент бул сот эмес. Сотто гана адамдын күнөөсү далилденсе, албетте ал жоопко тартылышы керек.

- Кыргыз өкмөтүнүн жаңжалдан кийинки бир жыл ичиндеги ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?

- Дагы эле айтаарым – жазасыз калуу дагы эле жогору. Жаңжал маалында жана андан кийин адам укуктарынын бузулушу, зордук-зомбулук менен опузалоо аркылуу тергөө иштерин жүргүзүүдө күнөөлүүлөрдүн агыкталып, жазаланбай жатканы бизди тынчсыздандырат. Андыктан укук коргоо жаатында, юстиция, прокуратура жана Ички иштер министрлиги биргелешкен атайын түзүм уюштуруусу керек.

- Жаңжалдан кийинки кыргыз өкмөтүнүн ишмердүүлүгүндө позитивдүү нерселер барбы?

- Биз укук коргоочу уюм болгондуктан кризистен кийинки адам укуктарынын абалына токтолдук. Ошол эле учурда кыргыз өкмөтү элди кайра биримдикке чакырууда, турмушту кайра курууда аракеттерди көрүүдө. Июндагы жаңжалда жапа чеккендерге социалдык жардам, жөлөк пул берип жатканын өтө позитивдүү деп баалайм.

Ошондой эле Башкы прокуратура кыйноо, зордук-зомбулук боюнча иштер тезинен иликтөөгө алынсын деген көрсөтмө чыгарды. Бул эң зарыл аракет деп баалайм. Бирок биз бул аракеттер жөн гана кургак сөз, же кулак кагыш бойдон калбашын каалайбыз.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG