Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:02

Антонио Гауди - архитектуранын кудайы


Ыйык үй-бүлө храмынын курулушу 1882-жылы башталып, бүгүн да уланууда.
Ыйык үй-бүлө храмынын курулушу 1882-жылы башталып, бүгүн да уланууда.

Туура 160 жыл мурда 25-июнда испаниялык атактуу архитектор Антонио Гауди жарык дүйнөгө келген. 4 миллион калктуу Барселонанын өзгөчө архитектурасы атактуу чебердин ысымы менен түздөн түз байланышкан.

Испаниялык атактуу архитектор курган Гуэли гүлбагы учурунда сатылбай калып, ээлерин жылаңач калтырса, бүгүн ал жерден туристтердин аягы үзүлбөйт. Ал эми Саграда Фамилия храмынын курулушу 130 жылдан бери уланууда.

"Маркум өмүрүнүн теңинен көбүн арнаган Саграда Фамилиа храмынын курулушу токтоп калбас үчүн мыйзамдуу маянасынан да баш тартканы аз келгенсип, кайыр да сураган"


ЮНЕСКО Антонио Гаудинин талантынан жаралган беш архитектуралык курулушту “Дүйнөлүк мурастардын” тизмесине киргизген. Барселонаны бүгүн Антонио Гаудинин эмгектерисиз элестетүү мүмкүн эмес. Турфирмалар шаарга барган конокторду эң алды Саграда Фамилиа (Ыйык үй-бүлөнүн ибадатканасы) храмына же Гуэла багына алып барат.

​Мындай түбөлүктүү архитектуралык дөөлөттөрдү жаштайынан калыпка сыйбаган жана кудай даарыган талант гана жаратышы этимал. Жаш Антонио Барселона университетин аяктап жатканда бир профессор “Гаудинин же акылы тайкы, же гений” деп айткан. Антонио Гауди ошо кезде архитектурада эреже катары калыптанган туура геометриялык мейкиндикти чанат. Туура сызыктарды адамдын ойлоп тапканы деп, курулуштарда тоголок, жумуртка кыр, жарым ай формаларды пайдаланат. Анын генийлигинен жаралган дубалдар, чатырлар, терезелер, үйлөрдүн фасаддары жана эшиктери бирде жаадай ийилсе, бирде жылаандай ийри-буйру тартып сойлоп кетет, бирде толкундай көккө сапырылып турат.

Антони Гаудинин чыгармачылык өзгөчөлүгүн чех илимпозу, профессор Павел Штепанек мындай мүнөздөйт:

Саграда Фамилиа храмынын курулушу уланууда
Саграда Фамилиа храмынын курулушу уланууда

Мен үчүн Гаудинин архитектуралык эмгектери жаратылыш менен ширелишип турганы өзгөчө баалуу. Бул анын өзгөчөлүгү. Мындай биримдик, мындай фантазия храмдын курулушунуда, ошондой эле башка эмгектериндеги диний жана дүниябий элементтер ортосунда укумуштай жогорку деңгээлге жетип, табигый формага айланат.

Каталониялык архитектордун эң масштабдуу эмгеги - Ыйык үй-бүлө храмынын курулушу 1882-жылы башталып, бүгүн да уланууда. Көк тиреп, көз суктандырган, аскар тоодой миздүү жана борчуктуу храмдын курулушунун жай ыргагы анын жалаң садагага түшкөн акчага курулушу менен түшүндүрүлөт. Ибадаткананын 12 мунарасы 112 метрге чейин бийик болсо, төрт мунарасы 120 метр, ал эми ортоңку Иса машайык мунарасы 170 метр бийик.

Антонио Гауди храмды квадраттык формаларга бөлбөө үчүн анын чатырын түркүксүз долбоорлойт. Анын гениалдуу архитектуралык долбоорун жүз жылдан соң космостук кемелердин учуу траекториясын эсептеген АКШнын НАСА агенттигинин программасы гана бүткөрө алды.

Гауди жөнүндө кеп кылганда, эстет жана меценат Эусебио Гуэли жөнүндө айтпай коюуга болбойт. Анткени Гаудиге көңүл бурдурган 1883-жылы бүткөн Висенстин үйүнүн фасады - анда ошол доордо үстөмдүк кылган клаасикалык стилди бузуп, Мавритания жана ислам архитектурасынын элементтерин жаңычылдык менен пайдаланат. Ошондон тарта архитектурада Гауди стили түптөлө баштайт.

Дон Антонионун жомоктор дүйнөсүн элестеткен Гуэли багы архитектордун дээрлик бардык долбоорун каржылап-колдогон Эусебио Гуэлинин ысымы менен аталат.

73 жаштагы Антонио Гаудини 1926-жылы 7-июнда трамвай уруп кетип, үч күндөн кийин жардылар ооруканасында көз жумат. Жупуну кийинген, чөнтөгүндө сары чакасы жок архитекторду эч ким тааныбагандыктан, ага дарыгерлер алгачкы жардамды гана көрсөтүп, тим болушат. Гаудинин некрологунда айтылгандай, “маркум өмүрүнүн теңинен көбүн арнаган Саграда Фамилиа храмынын курулушу токтоп калбас үчүн мыйзамдуу маянасынан да баш тартканы аз келгенсип, кайыр да сураган... атүгүл томояк кейпинде бир нече жолу адамдардан акча да алган”.

Ошентип, чебер көшөрүп отуруп, кыялды чындыкка айлантты. Эми XX кылымдын көйкашка архитектору бир күнү тарса-католиктердин олуяларынын катарына кошулуп калышы толук мүмкүн. Анткени бир нече жыл мурда католик динаятчылары Антонио Гаудини ыйыктар тизмесине кошуу демилесин баштап чыгышкан. Эгер "Кудай сүйгөн пендесин ашыкча касиеттүү кылып жаратса, Антонио Гауди өз таланты жана жүрүм-туруму менен андай касиеттин баарына ээ", - дешет тарса-католиктер.
XS
SM
MD
LG