Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:47

Беларуста «бекерчилер салыгы» киргизилди


Минскидеги тазалык кызматынан жумушчулары
Минскидеги тазалык кызматынан жумушчулары

Беларуста жумушсуздук салыгы киргизилди. «Коомдук мителер» менен күрөшүү максатын көздөгөн жаңы мыйзам «ансыз да экономикалык кризистен жапа тарткан беларустарга дагы оорчулук келтирээри» айтылууда.

СССРдин убагында «тунеядцы» деп, иши жокторго жана алып-сатарларга кошулуп, саясий диссиденттер да куугунга алынчу. Бүгүн көп өлкөлөрдө жумушсуздарга мамлекет белгилүү мөөнөткө социалдык жөлөкпул төлөп турат. Ал эми Беларуста аларга салык салына турган болууда.

Витал Юрчанка Гомел шаарында жашайт. Бул шаар Беларустун түштүк-чыгышында жайгашкан. Юрчанка бизнес менен шугулданып, эл катары оокат кылып жүргөн. Бирок экономикалык кризистин айынан жакында ишканасын жабууга мажбур болгон.

Жаңы мыйзамга ылайык, Юрчанка «коомдук мите» катары жылына 245 долларлык салык төлөмөкчү.

Калктын байманасы ташып кетпеген Беларуста бул мыйзам көпчүлүктү дендароо кылды. Юрчанка бул чараны советтик доордогу бекерпоздор менен күрөшкө салыштырды.

- Сталиндик репрессияга окшоп калды. Барып иште, же биз мажбурлайбыз деп жатышат. Элдин ачуусу келсе, мен түшүнөм. Биз өз кызыкчылыктарыбызды коргошубуз керек.

Ай башында күчүнө кирген бул мыйзамдын максатын бийликтер «алты саны аман адам иштеп, мамлекетке салык төлөшү керек» экендиги менен түшүндүрдү.

Тагыраак айтканда, бир жыл ичинде кур дегенде 183 күн иштеп, салык төлөбөгөн кишиге жогоруда аталган өлчөмдө салык салынат. Ким бул салыкты төлөөдөн баш тартса, ага айып салынып, акыры камакка алынат жана коомдук иш аткарууга мажбурланат.

Жарлыкка ылайык, айрым жарандар, мисалы өспүрүмдөр, студенттер, үч же андан ашык баласы бар аялдар жана пенсия жашындагылар бул салыкты төлөөдөн бошотулат.

Юрчанка америкалык Change.org деген белгилүү сайт аркылуу бул талаштуу мыйзамды күчүнөн кетирүү максатында онлайн петиция таркатып баштады.

Петицияда салыктын бул түрү Конституцияга каршы келээри эскертилет, анткени Баш мыйзамда мамлекет жарандардын экономикалык кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү жана соттун чечимисиз адамды коомдук жумушка мажбурлоого тыюу салынат.

Юрчанка, ошондой эле Конституция боюнча өкмөт бардык жарандарды жумуш менен камсыз кылууга жана жумушсуздарга жөлөкпул төлөп, социалдык жактан коргоого милдеттүү экендигин эскертет:

- Өкмөткө канча киши иштеп жатат. Алар айлык алышат. Ошол айлыктан төлөнгөн салык аркылуу жумушсуздарды колдоонун механизмин иштеп чыгыш керек.

Юрчанканын петициясына бүгүнкү күнгө карата 25 миңден ашык киши кошулду. Алардын көбү петиция таркатылган сайтта нааразылык каттарын да калтырып жатышат. Алардын бири Наталя Казак, мисалы, «Эмне үчүн үч бала баккан аял салык төлөбөйт да, эки бала баккан аял салык төлөшү керек, эки бала баккан бекерчиликпи?» деген суроо салат.

Ал эми Данил Поляков деген «Шаарда иш жок болсо, кантип ушундай жардык кабыл алынат?» деп таң калат.

Шакаба чеккендер да жок эмес. Твиттерде #придумайналогдлябеларуси деген хэштэг аркылуу асманда жылдыз карагандарга, китеп окугандарда, жана балалуу болгондорго салык салынсын деген сунуштар келип түшүүдө.

XS
SM
MD
LG