Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Беларуста оппозиция лидеринин жубайы соттолду


Соттун чечимине нааразылык билдирген митингден бир көрүнүш. 16-май, 2011-жыл
Соттун чечимине нааразылык билдирген митингден бир көрүнүш. 16-май, 2011-жыл

Минск соту "Новая Газетанын" журналисти, белгилүү оппозициялык лидер Андрей Санниковдун жубайы Ирина Халипти эки жылга эркинен шарттуу ажыратты.

Андрей Санниковдун жубайы Халип менен кошо 16-майда сот жообуна дагы үч оппозициячы тартылышты.

Ирина Халип 19-декабрда Беларуста өткөн президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциясына катышты деп соттолду. Халиптин жолдошу Андрей Санниковду "19-декабрда массалык башаламандыкты уюштурду" деп, 14-майда сот 5 жылга күчөтүлгөн тартипте түрмөгө кескен.

Сот өкүмү чыккандан Халип буларды айтты:

- Мен кубанычтамын. Биз бардыгыбыз бул кырдаалда өзүбүздү татыктуу кармадык жана намыс менен чыктык. Мен күйөөм менен абдан сыймыктанам. Аны улуттун баатыры деп санайм.

Ирина Халиптен тышкары 16-майда президенттик шайлоого талапкер катары катышкан Виталий Рымашевскийдин шайлоо штабынын башчысы Павел Северинец 3 жылга кесилди. Дагы бир талапкер Николай Статкеевичтин штаб башчысы Сергей Марцелев сыноо мөөнөтү менен эки жылга эркинен ажыратылды.

Сот өкүмү чыккандан кийин Ирина Халиптин, Павел Северинецтин жана Сергей Марцелевдин баш коргоо чараларын өкүм күчүнө киргенге чейин деп өзгөртүп, сот залынан аларды тил каттын негизинде бошотту.

Кылмыш кодексине ылайык, Халипке чегерилген жаза эки жылдан кийин күчүнө кирмекчи. Халип ошентсе да өз тарапкерлеринин кубаттаган кол чабууларынын коштоосунда күйөөсү үчүн өзгөчө кабатырланып жатканын билдирди:

- Чынымды айтсам 10 -15 жылга кеспей, мени атасынан ажыратылган балам менен бирге болууга мүмкүндүк бергенине кубанып атсак жыргаган экенбиз. Мени баарынан да күйөөмө беш жыл берилиши тынчсыздандырат. Мен билем - ал беш жыл отурбайт.

Былтыркы 19-декабрдагы кылмыш иши боюнча жалпысынан Беларуста 25 киши сот жообуна тартылды. Оппозициянын дагы ондогон өкүлдөрү жаза күтүп жатышканы айтылууда. Алардын катарында президенттикке экс-талапкерлердин төртөө бар. Маселен Николай Статкеевич, Дмитрий Усс "массалык башаламандыкты уюштурду" деген айып менен отурушат. Дагы экөөнө "коомдук тартипти бузуучу топтошкон аракеттерди уюштурду" деген айып тагылууда.

Бул аралыкта Санниковдун адвокаты сот өкүмүнүн негизсиз экендигин далилдөө аракети жүрүп жатканын айтууда.

АКШ жана Евробиримдик Беларусия өкмөтүнүн оппозиция өкүлдөрүн 19-декабрдагы окуяга байланыштырып жазалап жатышын сынга алууда.

Орусиялык жана эл аралык укук коргоочулар бул чечимди акылга сыйбас көрүнүш катары баалап атышат. Көз карандысыз юристтер болсо 19-декабрда сот белгилегендей массалык башаламандык болбогондугун, ага жараша Санников баштаган активисттерди ушул негизде соттоо мыйзамсыз экендигин белгилешет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG