Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Бээжиндин абасы зер буюмга айланат


Кытай, Бээжин.
Кытай, Бээжин.

Голландиялык дизайнер Бээжиндин булганыч абасын дүйнөдөгү эң көлөмдүү «чаң соргуч» менен тазалайм дейт. Эгер план ишке ашса, ал жылтылдаган жыйынтыкка ээ болот.

Голландияда дизайнер Даан Роозегаарде жана анын командасы түтүн, туман, чаң аралашкан булганыч абаны же смогду өзүнө тартып алып, аба тазалоочу коопсуз жана энергияны көп талап кылбаган системаны ойлоп табышты.

Роозегаарденин «Смог долбоору» кандайча иштейт десеңиз, кадимки эле жезден жасалган таякчаларды жерге көөмп коюшат. Бул таякчалар позитивдүү электростатикалык талааны пайда кылат. Натыйжада туурасы эң кичине дегенде 10 нано метр келген смогдун бөлүкчөлөрү жерге тартылып, аларды ошол жерден жыйнап алышат.

Рейтер агенттигине сүйлөгөн сөзүндө Роозегарде мындай деди:

– Ион талаасын түзүү менен нано көлөмүндөгү бардык бөлүкчөлөр позитивдүү энергияга ээ болушат. Ал эми жер өзү негативдүү энергетикада болгондуктан, бул бөлүкчөлөр жерге өзүнөн өзү тартылып, ошонун эсебинен аба 75-80 пайызга тазаланат.

«Чаң соргучтун» кичинекей прототибин азыр Роттердамга жакын жерде тестирлөөдөн өткөрүп жатышат. Роозегаарденин командасы быйыл жыл аягына чейин чоң инсталляция жасашмакчы.

Роозегаарденин сөзү боюнча, ал кытай бийликтери менен Бээжинде келерки жылы шаардык парктагы абаны тазалап көрүүгө макулдашты.

Кытайдын баш калаасына эсептелинген прототип диаметри 50 метрлик аянтты тазалайт деп күтүлүүдө.

Роозегаарде абаны тазалоо менен чектелбестен, чогултулган булганыч абаны зер буюмдарына айландырууну да ойлоп жатат. Тактап айтканда, кадимки эле шакекке Бээжиндин абасынан алынган бөлүкчөлөрдөн компресстелип жасалган ак тунук айнек таштар орнотулат.

Мындан тышкары, булганган абадан жасалма, бирок баалуу алмаз чыгаруу да планда бар.

– Биз смогдун бөлчөктөрүн карап отуруп, ал негизинен көмүртектен турарын түшүндүк. Ал эми көмүртекти алып, эки-үч жума пресстин алдына коюп койсоң, алмазга айланып калат эмеспи. Биз эми ушундай алмаз таштардан шакек жасайлы деп жатабыз. Бир шакек жасасак, Бээжинге бир миң куб метр таза аба белекке берген болобуз,- дейт Роозегаарде.

Январь айында Бээжиндин мэри көмүр колдонууну 2.6 миллион тоннага азайтып, абаны тазалоого 2.4 миллиард доллар бөлүнгөнүн билдирген эле.

Мамлекетик Синхуа кабар агенттиги маалымдаганга караганда, Бээжинде өткөн жылда дээрлик 60 күн, же орто эсеп менен жумасына бир күндө аба өтө булганыч болгон.
Видео: Голландиялык дизайнердин «чаң соргучу»
XS
SM
MD
LG