Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Кытай кыргыздары: септин көркү "Манас"


"Манасты" белекке алган кытайлык кыргыз жаш жубайлар
"Манасты" белекке алган кытайлык кыргыз жаш жубайлар

Кытайлык кыргыздардын жаштары «Манасты» кыз себине кошуу демилгесин көтөрүп чыгып, көп өтпөй бул жөрөлгө калың элге жайылды.

Текес шаарчасында өткөн эки жаштын үйлөнүү үлпөтүндө кыз берген тарап кыздын себине улуу «Манас» эпосун белекке беришти.

Ушул жайда өткөн тойдо "Манастын" Жүсүп Мамайдын айтуусундагы олчойгон эки томдугу менен Сатыбалды Аалы уулунун жаңы эле жарык көргөн «Манастын бабалары» аттуу китебин кошо
Кудагыйлардын артындагы текчеде араб арибинде чыккан "Манастын" томдору
сунду.

Кызды узатканда жүк көрүүнүн өзүнчө жол жобосу бар эмеспи. Бул тойдо жүк көрүү милдетин Муктар Өмүрбек аттуу айыл ырчысы аткарды. Ал колуна боорсок, чачыла салынган табакты көтөрүп ырдап жөнөдү:

Карагай-арча кызыл-көк,
Кыргызда мындай кыз бермек.
Кыргызда мындай кыз берсе,
Ушундай ырдап жүк көрмөк
.
Тойго келген темир тулпар

Жүк көрмөктүн салты бар,
Ырдап көрөөр шарты бар.
Ыр билбеген жаш балдар,
Көралбайым деп тартынаар
.

Туш-кийиз, килем жайнаган,
Сар-самоору кайнаган.
Машийне, сагат дагы бар,
Үн алгы төрдө сайраган
.

Ээр чапсаң кылдат аталга,
Үй толтура жасалга.
Жасалга берген жайнатып,

Акын Муктар Өмүрбек "дагы ырдатабыз" деген коноктордон качып бараткандагысы
Таарынбагын апаңа.

Асылдан кийим кийгизген,
Артыгын төргө илгизген.
Таарынбагын атаңа,
Атыңды жабдып мингизген
.

Кайненеңди какпагын,
Оокатыңды чачпагын,
"Паландын кызы" дегизип,
Үлгүлүү ишти баштагын.

Кош болгун эми карындаш,
Оокат бир кылсаң акылдаш,
Кич(и)пейил болуп жаркылдап,
Кошунаң менен жакындаш.

Муктар Өмүрбек кыз узаткан ырды ырдагандан кийин боз үйгө кирип, кудагыйларга боорсок сунду

Боз үйүң аттап киргенде,
Көп элды көрүп сүрдөдүм.
Этектен тартып кудалар,
Кечиктирип жүрбөгүн
.

Акын ушинтип ырдап үйгө кирээрде кудалар жак улам этектен кармап артка тартып, дагы бир аз ырдатууга аракет кылып жатты эле, мындайга маш болуп калган ырчы тамаша чыгаргысы келдиби, же ыры аягына чыгып, айласы куруп бараттыбы, айтор этектей берген эски таанышын чала-була колго чаап бошонуп чыкты.

Боз үйдүн кире беришинде үйгө батпай калган калдайган ала кийиз менен Кытайдын кымбат баалуу кир жуугуч машинасы, ошондой эле кыздын ата-энеси кызына ат ордуна мингизген электр менен жүргөн мотоцикл турду. Ал эми боз үйдө жык-жыйма жасалганын чок ортосунда «Манас» китептери коюлду.

Кыздын атасы Саадатбек Калыймолдо улуу «Манасты» сепке кошуу жалпы эле кыргыз журтчулугунда салтка айланса жакшы болоор эле деген ойдо:

- Жакында жаштар ушундай демилгени көтөрүп чыгышыптыр. Биз
Кыздын атасы Саадатбек Калыймолдо уулу
кызыбызга сеп даярдап жаткан маал эле, (сунушту) дароо кабыл алдык. Бул эми ата-бабадан келе жаткан улуу мурас.

Китепти окуп билип жүрсүн, тарыхын аздектей билсин дедик.
«Манаста» биз билүүгө тийиштүү толгон-токой билим, күчтүү энергия бар.

Мына ушул асыл жөрөлгөнү улам кийинки урпактар да аздектеп, учугун үзбөй улай берсе, кадырлай билсе деген аруу тилек менен кызыбыздын баш себи катары «Манастын» китебин коштук.

Эң негизгиси – башка оокат эскирет, тозот, ал эми китеп, билим - бу түбөлүк калчу нерсе. Ошон үчүн ушул демилгени көтөргөндөргө чоң ыракмат. Эми бул жалпы кыргыз журтчулугунда салтка айланып кетсе сонун болоор эле!


Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен казак акыны Мухтар Шахановтун «Кыраңдагы аңчынын зары» [дагы бир аталышы «Аскада калган аңчынын ыйы» -"Азаттык"] аттуу китебинде грузиндер үйлөнүү тоюнда XI кылымда жашап өткөн айтылуу акыны Шота Руставелинин «Жолборс тээрисин жамынган баатыр» китебин кыз себинин башкы жасалгасы катары даярдаары жөнүндө маалымат бар.

Бектур Иляс
Үрүмчү, 2011-жыл
(Сүрөттөр автордуку)

XS
SM
MD
LG